Тушоосун «Кыргыз Туусу» кескен элчи

Жашоодо эбепке себеп болгон окуяларды эскерүү кандай жакшы. Тээ артта калган жылдарга сереп салсак, “Кыргыз Туусу” гезитинде Эгемендиктин алгачкы жылдары иштеп кеткен, бүгүнкү күндө Кара-Балта шаарындагы “Эркин” жеке менчик базарын жетектеп келе жаткан Абдукаимова Сайракан Абдукаимовна эне катары жүрөктөгү кубанычын окурмандарыбыз менен бөлүшкүсү келет. Ал англис, түрк, япон, немец тилдеринде эркин сүйлөгөн Кыргызстандын Австрия, Венгрия, Словения, Словакия өлкөлөрүндөгү Атайын жана Толук ыйгарымдуу өкүлү кызматын ийгиликтүү аткарып иштеп жаткан өзүнүн элчи уулу Жусупов Бакыт Алиевичтин турмуштагы тушоосун “Кыргыз Туусу” гезити кескен деп эсептейт. Андыктан улуттук төл гезитибиздин 95 жылдыгынын урматына Сайракан Абдукаимовна менен болгон маегибизди назарыңыздарга сунуштайбыз.

– Сайракан айым, сөзүбүздү үй-бүлөңүз, балдарыңыз тууралуу кептен баштасак. Элчи уулуңуздун балалык чагына токтолсоңуз.

– Ооба, өмүрлүк жолдошум ыраматылык Жусупов Аалы Сыйданович экөөбүз Алмаз, Бакыт, Таалай, Эркин аттуу төрт уулдун атаэнеси болуп, балдарыбыздын келечеги үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап келгенбиз. Жолдошум Аалы дайыма: “Балдарым, менин силерге койгон талабым: окуп эле бергиле, калганын мага койгула”, – деп көп айтчу. Бакыт биздин экинчи балабыз. Бала бакчага барып жүргөн кезинде сыналгыдан “АБВГДейка” деген балдардын оюн-зоок программасын аябай берилип көрүп, окуганды ошондон үйрөнүп алган. Мектепке баргыча эле бир топ китептерди да окуп койгон. 1985-жылы Беловодскиден Бишкекке көчүп келдик. 1988-жылы Бакыт балам Алыкул Осмонов атындагы №68 мектепке 1-класска барды. Балам өзү бою кичинекей, китептеринин бардыгын сумкасына салып алат да, араң көтөрүп мектебине кетчү. Мен расписание боюнча гана китептерин алып баруусун айтсам балам: “Жок, апа, кокус бул сабак болбой калса, тигил сабак болушу мүмкүн да. Ошондуктан бардык китептеримди салып барышым керек”, – деп болчу эмес. Кичинесинен шахматка кызыгып, мектептеги кружокко да катышып жүрдү. Сабактарынан эң мыкты бааларга окуду.

Ал учурда жолдошум Аалы Ички иштер министрлигинде тиш дарыгери болсо, мен “Кыргыз Туусу” гезитинде корректор болуп иштеп калдым. Анда балдарыбыздын баары жаш, мектепте окушат. Бакыт балам ошондо бешинчи класста эле, мени менен кошо кээде жумушума келип алчу да, басууга даярдалып жаткан полосаларды менден талашып окуп, эмнегедир менин ишиме абдан кызыгып турчу. Андыктан дайыма “Кыргыз Туусунун” улам жаңы чыккан сандарын калтырбай окуганга да жетишчү.

– Анан кандайча уулуңуздун тушоосун “Кыргыз Туусу” гезити кескен деп эсептейсиз? Окурмандарыбызды кызыктырган ушул суроого жооп берсеңиз.

– Ооба, уулумдун тушоосун “Кыргыз Туусу” гезити кескен деп сыймыктанып айта алам. Бакыт 5-классты бүткөндө “Вечерний Бишкек” гезитинен Түрк лицейи ачылганын, андагы окуучулар атайын форма, жатакана жана тамак-аш менен камсыздалып окуй турганы жөнүндө кулактандырууну окуп калдык да, ага тапшыруу үчүн балабыз экзаменге даярданып калды. Классташтарынан алты бала чогуу барышкан. Экзаменде түрк, орус, англис тилдеринен жакшы өтсө да эмнегедир өткөндөрдүн тизмесине илинбей калыптыр. Чуркап каратып баарын текшертсем бир жерде “Жусупов Бакыт”, дагы бир жерде “Бакытов Жусуп” деп жазылып жүрөт. Комиссияга дыкат изилдетип текшертсем фамилиясын эки жерде эки түрдүү жазышып, ката кетирип алышыптыр. Баарын оңдошкондон кийин кайрадан аңгемелешүүгө алып киришип, Бакытка “Рахманкул хан деген ким, ал жөнүндө эмне айтып бере аласың?” – деген суроо беришиптир. Баарынан кызыгы ошол күндөн бир күн мурун Бакыт “Кыргыз Туусу” гезитинен Рахманкул хан жөнүндө басылып чыккан макаланы өтө кызыгып окуган экен. Аңгемелешүүдө эч буйдалбай шатырата жооп берип, комиссия мүчөлөрүнүн бардыгын ыраазы кылып, дароо лицейге окууга кабыл алынып, атасы экөөбүздү да аябай сүйүнткөн эле. Түрк лицейинен түрк, англис тилдерин мыкты өздөштүрүп, эң жакшы окуп бүткөндүгү үчүн “Себаттан” алтын жалатылган саатты белекке алган. Дайыма көп ойлонуп, ошондо Рахманкул хан жөнүндө макаланы жарыялап, баламдын ак жолунун ачылышына периштедей болуп нур чачып, себепкер болгон “Кыргыз Туусуна” ырахматымды көп айтам. Ошондон тарта Бакытымдын тушоосун “Кыргыз Туусу” гезити кескен деп сыймыктанып айтып жүрөм. А балам болсо: “Апа, көрдүңүзбү, мен сизди ээрчип жумушуңузга “Кыргыз Туусуна” барганым кандай жакшы болуптур ээ?! А сиз мени ээрчиткиңиз келчү эмес эле го…” – деп жүрдү.

– Анан жогорку билимди кайдан алып, кайсы жактарда иштеди?

– Лицейден кийин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин (ИИМОП) эл аралык мамилелер факультетине тапшырып, андан япон тилин үйрөнүп чыкты. Кийин ал жерде мугалим болуп, студенттерге англис тилинен да сабак өтүп иштеп калды. Андан Венгрияга, Голландияга барып билимин өркүндөтүп да жүрдү. Ошол мезгилде Кыргыз Улуттук Университетине Кыргызстандын Улуттук Коопсуздук Кызматынан тил билген азиат улутундагы балдар керек дешип ИИМОПко кишилер келишкенде Эл аралык факультетинин деканы Ырыс Бейбутова менин уулум Бакытты сунуштайт. Ошентип Бакытты УККга ишке кабыл алышып, дароо Баткенге жөнөтүшөт. Ал учур Баткен окуясы болуп жаткан кез эле. Ал жакта кызмат кылды, кийин Убактылуу Өкмөттө, Өкмөттүк, Президенттик Администрацияларда, ал эми 2017-жылдын февралынан Кыргыз Республикасынын Австрия өлкөсүндөгү Атайын жана Толук ыйгарымдуу өкүлү кызматына дайындалса, кийинчерээк буга дагы Венгрия, Словения, Словакия өлкөлөрү дагы кошулганы маалым болбодубу.

– Эми элчи уулубуздун үй-бүлөсү жөнүндө да апасынан уксак…

– Бакыт келинчеги Индира экөөнүн Бакай аттуу бир уулу, Акбермет, Айназик, Жамийла деген үч кызы бар. Өзүңүздөр билгендей, Австриянын борбору Вена шаарында турушат. Былтыр ноябрь айында эң кичүү неберем Жамийла төрөлгөндө атайын Венага учуп барып, бир ай жүрүп, кызыбыздын кыркын чыгарып келдим. Уулум менен акылдашып, келиниме жардамдашып, неберелеримди сүйүп, улуттук ичимдигибиз болгон бозону өз колум менен жасап берип жаттым. Акбермет менен Айназик Орусия мамлекетинин элчилигине тиешелүү орус мектебинде бири 6-класста, бири 8-класста окушат. Бакай болсо Австриянын мамлекеттик немец мектебинде 2-класста окуп жатат.

– “Кыргыз Туусуна” кандай каалооңуз бар?

– “Кыргыз Туусунун” 95 жылдыгы менен редакцияда эмгектенген бардык кызматкерлерди куттуктайм. Ишиңиздерге чоң-чоң ийгиликтерди каалайм. Ар дайым жолуңуздар ачык болуп, гезитиңиздердин тиражы өсүп, Туудай желбиреп турушун Кудайдан тилей берем. Бар болуңуздар! Майрамыңыздар куттуу болсун!

Айша АЛИЕВА, “Кыргыз Туусунун” ардагери