Бүгүн Бишкекте ЖККУнун жыйыны өтөт

Бүгүн, 28-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында ЖККУнун жыйыны өтөт.

Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишими  уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары келди. Алсак, 28-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин келди.

Ал эми 27-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Беларустун президенти Александр Лукашенко, жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Бишкеке келишкен.

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму – «тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө» максатын көздөгөн эл аралык уюм.

Ага Кыргызстан, Тажикстан, Орусия, Армения, Беларус, Казакстан мүчө.