Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Мурдагы “былык” иштердин кесепетин эми көрүп жатабыз

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдогу олуттуу айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Жакындагы биринчи суукта эле Бишкектин абасы дүйнөдөгү эң булганыч шаарлардыкындай болгонун экологиялык уюмдар жазып чыгышты.

Мындай экенин атайын иликтөөлөр болбосо деле ар бир бишкектик өзүнүн жон териси, дагы тактап айтканда, мурду менен сезип турат. Абанын булганышынын себептери да түшүнүктүү. Бул — бир убактагы жашыл шаардагы бак-дарактардын массалык кыркылышы, кууратылышы, шаардын желденишине тоскоолдук кылган башкы планы жок баш аламан курулуштар, шаардын борбордук бөлүгүнө чейин курулган май куюучу станциялар…

Андан тышкары, экологиянын бузулушуна азыр Бишкектин айланасындагы 52 жаңы конуштун да салымы чоң. Аларда үйлөргө от жагылып, мончолор иштеп, аларда пластик жана чүпүрөктөрдүн (алардын басымдуу бөлүгүндө синтетика материалдары бар) отун катары пайдаланышынан чыккан түтүн кошумча болууда.

А муну алдын-алууга болот беле? Албетте, болмок! Эгерде өткөн бийликтер убагында шаар бийликтери башында өздөрү туруп уюштурган жер мафиясына жер сатуу менен баюуга жол бербей, жогорку бийликтегилер Өкмөттүн кепилдиги менен алынган миллиарддаган доллар кредиттердин бир бөлүгүнө болсо да көп кабаттуу үйлөрдөн турган кичирайондорду куруу менен муктаждарга берсе, мындай экологиялык кризис жаралбайт эле, азыркыдай көп сандаган жаңы конуштарга жол салуу, суу, канализация тартуу, жарык, газ киргизүү, билим берүү жана маданий мекемелерди куруу сыяктуу чыгымдар да болмок эмес. Жер аянттары дагы сакталып калмак.

Бардык цивилизациялуу улуттарда жерге ушундай мамиле жасалат. Бирок, кыргыздар борбордун тегерегиндеги мол түшүм берчү асыл топурактуу жерлерди басып алып, там салуу менен эртеңки куйрукка караганда бүгүнкү өпкөнү артык көрүп келишти. Жыйынтыгында миңдеген гектар айдоо жерлер кыскарып, экологиялык проблема жаралды.