Каныкей ЭРАЛИЕВА: «Жылдыз оорусу менен ооруганга убактым деле болгон жок»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, КРнын эл артисти Каныкей Эралиева М.Күрөнкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайын бүткөн. Чүй облусунун Кант шаардык маданият үйүндө, Кыргыз мамлекеттик телерадиокомпаниясынын хорунда иштеген. 2010-жылдан тарта М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эстрада бөлүмүнүн башчысы. Анын «Жаңы жылды тосолу», «Сезимдеги издер», «Ала-Тоо», «Апалар», «Аппак тоолор», «Бала жыты», «Айлуу түн», «Акыркы коңгуроо», «Ак чөлмөк», «Бал кымыз», балдар үчүн жазган «Бөбөктөр», «Жаңы жыл жылмаят», «Күлүп кой», «Биздин бакча» ж. б. обондору элге кеңири белгилүү. Эралиеванын жүздөй романс, обондору, төрт бөлүмдөн турган симфониялык оркестр үчүн сюитасы, чоң хор жана оркестр үчүн кантатасы, фортепиано үчүн сонатасы, пьесалары жана скрипка, виолончель, фортепиано үчүн вариациялары (350дөй чыгармасы) бар. «Каныкей Эралиева ырдайт» деген 4 топтомдон турган граммпластинка чыгарылган. «Айыл кечи» (1986, А. Бөдөшев менен бирге), «Коңур күздөгү кусалык» (2003), «Күн балдары» (2007) аттуу обондуу ыр жыйнактары жарык көргөн.

– Алло, Саламатсызбы, Каныкей эже? «Кыргыз Туусу» гезити тынчыңызды алып жатат.

– Аа жакшы. «Кыргыз Туусу» гезити ушул күндөрү 95 жылдык мааракесин белгилеп жатпайбы. Жалпы жамаатты куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз. Гезит кылымга тете мезгилдерден бери кыргыз эли менен тагдырлаш болуп, элдин ысык-суугун бирге көрүп келет. Мындан аркы сапарыңыздар да байсалдуу болсун, кадамыңыздар карыбасын!

Башка басылмалардан айырмаланып, өзүнүн тарыхы сыяктуу эле, өзүнүн салабаттуу, салмактуу жана калыс дүйнөсү менен тун гезит биринчи орунда турат десем болот. Бар болуңуздар! “Кыргыз Туусу” окурмандардын сүйүктүү гезити болуп, дагы канчалаган кылымдарды карытсын!

– Айтканыңыз келсин, эже. Сиздерге чыгармачылык ийгилик каалайбыз. Ушул ирмемдерде эмне менен алексиз?

– Азыр Атайбек агаң экөобүз ысык чай ичип, 8-декабрда өтө турган концертибиздин айрым деталдарын талкуулап отурган элек.

Бул Кыргыз Республикасынын эл артисти наамын алгандан берки биринчи концертибиз. Көптөн бери концерт бере элек болчубуз. Соңку концертибиз 2015-жылы болгон. Буюрса, 8-декабрда, кечки саат алтыда Т.Сатылганов атындагы филармониянын чоң залында «Жүрөктө калган обондор» деген концертибиз жана Атайбектин 335 обондон турган ноталуу ыр жыйнагынын бет ачары болот.

– Баш кошконуңуздарга канча жыл болду?

– Быйыл баш кошконубузга туура кырк беш жыл болду. Кудай кут кылсын, үч балалуу, эки неберелүү болдук.

– Кээде, чыгармачылык жагдайда “сен кыйын, сенден мен кыйын” дешкен учурлар болсо керек?

– “Мен кыйын” дешпейбиз го, бирок кээде талашып-тартышкан учурлар болот. Андайда бат эле кайра эпке келишип, кимибиздики туура болсо, ошонубузга ынанып калмайыбыз бар. Экөөбүздү кошкон тагдырга чынында мен ыраазымын. Анткени, бири-бирибизди айттырбай түшүнүшөбүз. Бири-бирибиздин чыгармачылыктагы ийгилигибизди арттырып, кемтигибизди бүтөй алабыз дегендей.

– Сиздерди табыштырган да ошол чыгармачылык болсо керек?

– Албетте. Экөөбүз тең Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында окучубуз. Бирок биздин табышуубуз да кызык болгон. Мени менен окуган бир жигит Атайдан суранып: “Ушул кызды жактырып калдым. Сүйлөшкөнгө жардам берчи?” – деген экен. Анан эле бир күнү мени киного чакырышты. Ал бала уяң, тартынчаак эле. Атай ортого түшө калып, сүйлөп келатат. Жеткиче экөөбүз көп баарлаштык. Ошондон кийин тиги досуна: “Каныкейди унут. Мен сүйлөшөм”, – деп коюптур.

– Ата-энелер кандай кабыл алышты?

– Анын да, менин да ата-энем адегенде “аркалык”, “оштук” деп, каршы болду. Бирок болбой эле экөөбүз самолетко отурдук да, Ош аркылуу Аксыга кетип калдык.

– Андан бери канча өмүр өттү, канча суу акты дегендей. Турмуштун кый ынчылыгы арбын болдубу же кызыгы арбын болдубу?

– Кыйынчылыктар да болду, бирок баарын аманчылык, жакшылыктар менен кубанычтар, жакшы чыгармалар жеңди. Негизи, биз материалдык кыйынчылыктарга кейибейбиз, бардыгы жакшы болот деп каниет менен жашайбыз.

– Башына келген ооматты ар ким ар кандай күтүп алат экен го. Сиз өтө белгилүүлүктү кандай көтөрдүңүз?

– Балким, биздин ушунчалык жөнөкөйлүгүбүзбү, же чыгармачылыктын улам бир жаңы баскычы менен, үй-бүлө менен алпурушуп жашагандыктанбы, канчалык деңгээлде атактуу болгонумду деле байкаган эмес экемин.

– Жылдыз оорусу менен ооруган эмес турбайсызбы?

– Жок. Көчөдөн же көпчүлүктүн арасында: “Каныкей Эралиевасызбы?” –деп көп кайрылышар эле. “Жок”, – деп койчумун. Жылдыз оорусу менен ооруганга чындыгында убактым деле болгон жок.

– Кандай кайнене-кайната болдуңуздар?

– Мээримдүү, жумшак эле кайненекайнатабыз. – Тойлорго эл артисттери да барып ырдашат болду бекен? – Кээде тойлорго ырдап бериңиз деп чакырып калышат. Элди сыйлап, барабыз. Үйдө болсо, көбүнчө чыгармачылык менен алектенебиз.

– Жаңы ырлар чогулуп калса керек?

– Буюрса, ошондой болду. Бирок бир ырдын үстүндө көпкө иштеп, өзүбүздүн купулубузга толмоюнча элге чыгарбайбыз. Кудай буюрса, концертте жаңы обондор аткарылат. Келип, күбө болуп кетиңиздер.