Ла-Манштан өтпөсө да, Ысык-Көлдү сүзүп өттү

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Таластык Серен Шейшенов уникалдуу адам. Айталы, жогорку билими болбосо да, 2010-жылдагы революциядан кийин Талас шаарынын мэри болуп жогорку билимдүүлөрдөн кем иштеген жок. Анын коомдук ишмердүүлүгү өзүнчө чоң сөз кылууга арзыйт, ошол эле учурда суучулдугу да анын атын таанытты.

Уникалдуулугу ушунда, кээде жөнөкөй адамдын оюна келбеген нерселерди жасоого аракеттенет, айрымдарын ишке ашырып да жиберди.

Эсимде, 1997-жылы ал (анда 37 жашта болчу) Ла-Манш кысыгынан сүзүп өтөм деп чамынып калды. Бирок, баягы кендирди кескен жокчулук болуп, демөөрчүлөр чыкпай, каражаттын жоктугунун айынан ал демилгеси ишке ашкан жок. Каражат эле болгондо эни (эң тар жеринде) 32 чакырым болгон бул кысык Серенге ал убактагы курагында кеп болмок эмес! Бул сөзүмдү ал иш жүзүндө да далилдеп койгон.

Анткени, 1995-жылы Таласта “Манас” эпосунун 1000 жылдыгы эл аралык масштабда белгиленип жатканда, ага карата Кара-Буура районундагы Киров суу сактагычынан 10 чакырымдай сүзүп өтүп, эч ким суранбаса деле, Талас менен “Манастын” даңкталышына салымын кошкон.

1997-жылы ошол эле суу сактагычтан ары четинен бери четине жана кайра артка 8 сааттан ашык убакытта 20 чакырым сүзүп, күчүн сынап көргөндөн кийин Ла-Маншты багындырам деп жатпайбы. Ошондуктан ал учурда демөөрчүлөр табылганда бул кысыкты сүзүп өткөндөрдүн катарында кыргыздын ысымы да аталып калмак…

Каражаттык колдоо табылбаганына кейибестен Серен 1998-жылы болгон Нылды суу сактагычынан 25 чакырым сүзүү аракетин жасаган. Бирок, ошол сүзүү башталган маалда төөнүн корголундай мөндүр жаап жиберип, ал максаты ишке ашпай калган. Аны менен кошо бул окуяны көрүүгө келишкен миңден ашуун көрөрмандар да арманда калышкан.

Арадан 21 жыл өткөндөн кийин 60ка таяп калганына карбастан, Серен шакирттери Бактияр Молдосунов, Бузурман Багышбеков жана уулу Муксин Серенов менен биргеликте Ысык-Көлдү Кара-Талаадан Тору-Айгырга чейин кесип сүзүп өтүүгө ниет байлады. Бул жолу оңдой берди болуп, Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков жана Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Марат Мураталиев финансылык жардам көрсөтүшүп, аларды Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Акылбек Осмоналиев да колдоп, суучулдун тилеги ишке ашты.

Натыйжада 26-августта суучулдардын бул чакан тобу Ысык-Көлдү туурасынан сүзүп өтүштү. Ошентип, С.Шейшенов 22 жыл мурдагы тилегин жарым-жартылай ишке ашырып, Европанын Ла-Манш кы сыгын сүзүп өтө албаса да, “Кыргыз ЛаМаншын” багындыра алды. Муну менен ал кыргыз бермети Болгон Ысык-Көлдүн атын чыгарууга аз да болсо салымын кошо алды.

Негизи С.Шейшенов коомдук ишмердүүлүгүнөн (ал өлкөбүздөгү революциялардын активдүү катышуучусу гана эмес, апрель революциясында Таластагы лидерлердин бири болгон) тышкары адамдар, өзгөчө жаштар арасында спортту жана сергек жашоо образын жайылтып келгендердин ана башында турат. Ал негиздеген “Манас – 1000” суучулдар клубуна быйыл 24 жыл толуп, бул аралыкта канчалаган өспүрүмдөр менен жаштардын ичимдик ичүүдөн алыс болуп, спорт менен алектенүүгө кызыгуусуна түрткү берип келүүдө.

Жогоруда анын коомдук ишмердүүлүгү жөнүндө айтып калбадыкпы. Ал түзгөн жана жетектеген өкмөттүк эмес уюм ондон ашуун эл аралык уюмдар жана фонддор менен иштешип, гранттарды утуп алып, облустагы социалдык объектилердин абалынын жакшырышына салымын кошкон. Мындан тышкары, жергиликтүү жашоочуларды мобилизациялоо менен ишембиликтерди уюштуруп, аларга жаштарды тарткан.

Өзү да актвидүү ишмердигинен улам, чет элдик уюмдардын чакыруусу менен Тынч океандын ары жагына, АКШга барып тажрыйба топтоп келди.