Акыйкатчы Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы боюнча маалымат берет

Бүгүн, 14-июнда Акыйкатчы Кубат Оторбаев “2016-2017-жылдары Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышынын абалы” аталышындагы маалымат жыйынын өткөрөт.

Иш чара эркин пикир алышуу, маектешүү, суроо жооп форматында болот. Ошондой эле, Акыйкатчы институтунун ишмердиги боюнча фото көргөзмө уюштурулуп, атайын тартылган даректүү тасма көрсөтүлөт.

Мындан сырткары, аталган нституттун түзүлгөн тарыхында биринчи жолу адам укуктарынын сакталышы боюнча атайын даярдалган он темадагы баяндамалар жасалат.

Атайын баяндамалардын темалары:

1. Балдарга карата зордук зомбулук.

2. КРнын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин социалдык укуктук корголушунун абалы.

3. Кайрылмандар (этникалык кыргыздар).

4. Аялдардын эмгекке болгон укугунун сакталышы.

5. Аскерлердин укуктарынын корголушу.

6. Бишкек шаарындагы жаңы конуштар, турак жайга болгон укук жана башка социалдык, маданий, экономикалык укуктар.

7. Кызыл Жардагы психатриялык оорукандагы өңдөрдүн укуктары.

8. Коопсуз жана акысыз төрөт контексинде: аялдардын репродуктивдик укуктары.

9. Адилетикке жетүү мүмкүнчүлүгү, негизги маселелер.

10. Жарандарды аскердик кызматка чакыруу мезгилиндеги адам укуктарынын корголушу.