Кошуналык эле эмес, боордоштук да мамилелер

27-ноябрда Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасына мамлекеттик иш сапар менен келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Андан ары президенттер «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышты. Ал жерде мамлекет башчылары 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун элесине арналган мемориалга жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюшту. Арбактарга багышталып куран окулду.

* * *

Ушул эле күнү эки өлкөнүн Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин 5-жыйыны болуп өттү.

«Биздин жалпы тарыхыбыз, маданиятыбыз, үрп-адаттарыбыз, каада-салттарыбыз окшош жана биздин рухубуз бир. Биздин элдерде «Алыскы туугандан жакынкы кошуна жакшы» деген жакшы макал бар. Казакстан менен кызматташууну өнүктүрүү – Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири», — деп белгиледи жыйында С.Жээнбеков.

Ал эки өлкө ортосунда ар тараптуу өз ара аракеттенүү, өзгөчө соода-экономикалык тармакта, динамикалуу өнүгүп жатканын кошумчалады. Өлкөлөрүбүздүн элдеринин ынтымагы мындан ары да жакшырып, бир туугандык мамилелер бекемделе берет деген ишенимин билдирди.

С.Жээнбеков тар курамдагы сүйлөшүүлөр салттуу бир туугандык жана өз ара түшүнүшүү духунда өтүп, талкууланган бир катар маанилүү маселелер боюнча макулдашууларга жетишилип, аларды ишке ашыруунун практикалык механизмдери аныкталганын да кошумчалады.

«Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелердин терең институционалдашкандай, Казакстан бир да башка мамлекет менен мындай мамиле жасабайт», — деди Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев.

Ал Кеңештин мурунку отуруму акыркы жолу 2014-жылы Нурсултан шаарында өткөнүн эске салды. Ушундай тыныгууга карабастан, кеңеш эки тараптуу мамилелердин бардык спектрлери боюнча маанилүү саясий чечимдердин кабыл алынышына өбөлгө болуучу кызматташтыктын эң жогорку органы бойдон калганын баса белгиледи.

«Биз кызматташуунун жогорку деңгээлин сактап турууга, биргелешип иштөөнүн жаңы багыттарын табууга жана өнүктүрүүгө умтулабыз. Бул казак-кыргыз мамилелеринин рухуна жана мүнөзүнө шайкеш келет», — деди К.Токаев.

Ал Казакстан үчүн Кыргызстан ынак кошуна, союздаш жана боордош мамлекет экенин, миңдеген жылдар бою ата-бабаларыбыз тынчтыкта ынтымактуу жашап, оор мезгилдерде бири-бирин колдоп келишкенин да эске салды.

«Ошондуктан Казакстан Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүндө үчүнчү орунду ээлеп келет. Өз кезегинде Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрү арасында Казакстандын экинчи өнөктөшү болуп саналат. Акыркы үч жыл бою биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү туруктуу өнүгүүдө», — деди Казакстандын Президенти.

* * *

Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын жыйынтыктары боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Алардын арасында мамлекет башчыларынын биргелешкен декларациясы; эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын 2020 — 2022-жылдарга Комплекстүү программасы; өкмөттөр ортосундагы КРнын «Ак-Тилекавтодорожный» жана Казакстандын «Карасуавтодорожный» өткөрмө пункттарынын ортосунда жаңы көпүрөнү куруу жана жана азыркы көпүрөнү реконструкциялоо боюнча биргелешкен өз ара аракеттер жөнүндө макулдашуу; миграция чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу бар.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүү жөнүндө; Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын өткөрмө пункттары жөнүндө; Логистика чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө; Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташуу жөнүндө чечимдер кабыл алынды.

* * *

Президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик иш сапарынын алкагында массалык маалымат каражаттары үчүн билдирүү жасашты.

Анда кыргыз-казак мамилелеринин кеңири чөйрөсүн камтыган мазмундуу жана натыйжалуу сүйлөшүүлөр өз ара ишенимдин жана түшүнүүнүн нугунда өткөнү, боордош өлкөлөрдүн ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары карай өнүктүрүү жана тереңдетүү маселеси талкууланганы белгиленет.

Ушул иш-сапардын алкагында акыркы беш жылдан бери өткөрүлбөй келген Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин отуруму өткөнү, соода-экономикалык, маданийгуманитардык, суу-энергетика жана транспорт багыттарындагы өз ара аракеттенүүгө көңүл бурулганы, башка багыттарда да кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу макулдашылганы көрсөтүлөт.

“Тарыхы, тили, дини жана каада-салты окшош, боордош эки элдин маданий кызматташтыгы маселелерине абдан чоң көңүл бурдук. Аталган чөйрөдө кызматташтыкты мындан да жигердүү өнүктүрүү зарыл деген бир пикирге келдик. Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкууладык.

Ошондой эле регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмаштык. Көп тараптуу кызматташтыктын форматында биргелешкен аракеттерди белгиледик. Биздин өлкөлөр арасында өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн көбөйгөнүн канааттануу менен белгиледик. Былтыркы жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч быйыл 10,5 пайызга жогорулады. Кыргызстанда биргелешкен кыргыз-казак ишканаларынын саны 1900гө жеткени — экономика багытында дагы жаңы ийгиликтер болооруна негиз түзөт”, — деди С.Жээнбеков.

«Нурсултан Назарбаев жана Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы саясий эрк көрсөтүштү жана эки өлкө үчүн маанилүү болгон мамлекеттик чек аранын укуктук макамын бекитүү этабын аягына чыгарышты», — деди Казакстандын Президенти К.Токаев өзүнүн билдирүүсүндө.

Ал эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө Казакстандын биринчи Президенти — Элбашы Нурсултан Назарбаевдин кошкон салымы баа жеткис экенин кошумчалады.

«Ал казак-кыргыз тагдыр кошкон эң жакын элдер экенин бир нече жолу белгилеген. Урматтуу Сооронбай Шарипович Жээнбековдун чоң салымын да айтпай коё албайм. Анын кыргыз мамлекетинин башчысы кызматына келиши менен биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык жаңы дем менен өнүгө баштады. Бул Казакстан менен Кыргызстандын ынак кошуналык духуна берилгендигин бүт дүйнө коомчулугуна айкын көрсөттү», -деп баса белгиледи ал.

* * *

Президенттер Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышты.

Мамлекет башчылары улуу жазуучунун жакындары менен маектешип, үй-музейди жана андагы экспонаттарды көрүп чыгышты. Ч.Айтматовдун уулу — Элдар Айтматов президенттерге музей, атасынын өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берди жана Казакстандын Президентине сүрөт белек кылды.

К.Токаев каалоолор китебине жазуу калтырды. Андан кийин мамлекет башчылары Ч.Айтматовдун үй-бүлөсү менен эстеликке сүрөткө түшүштү.

* * *

2010-жылы казак тараптын демилгеси менен жабылган Талас облусундагы «Кичи-Капка» өткөрмө пункту эки өлкөнүн жарандарын өткөрүү үчүн кайра иштей баштайт. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев билдирди. Бул чечим Казакстандын Президенти К.Токаевдин мамлекеттик иш сапарынын алкагында кабыл алынды.

Мындан тышкары, Мамлекеттер аралык Жогорку кеңеште «Ак-Жол» (Кыргыз Республикасы) — «Кордай» (Казакстан Республикасы) өткөрмө пунктун биргелешип реконструкциялоо чечими кабыл алынган. Бул чек араны кесип өткөн жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Ошондой эле «Каркыра — автодорожный» өткөрмө-көзөмөл пунктунун иштөө убактысын узартуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул өткөрмө пункттун толук кандуу иштөөсү, биринчи кезекте, Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун жашоочулары үчүн чек ара боюндагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде Казакстанга өздөрү өндүргөн айыл чарба азыктарын экспорттоо­го мүмкүндүк берет.

Мамлекет башчылары «Кең-Булуң» жана «Токмок» өткөрмө пункттарынын макамын эки тараптуулуктан көп тараптуулукка өзгөртүүгө багытталган мамлекеттик ички процедураларды кыска мөөнөттө аяктоо зарылчылыгын белгилешкен. Ошондо бул тилкеден чет өлкөлүк жарандардын да чек араны кесип өтүүсүнө шарт түзүлмөкчү. Т.ИСХАКОВ, Сүрөт С.Досалиевдики