Жаңы технологияларды өздөштүрүү: «Санарип 50+»

Бактыгуль МУНДУЗОВА, “Кыргыз Туусу”


Бишкек шаарында «Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду КICB банкы менен бирге, “Санарип 50+» долбоорун ишке ашырууда. “Санарип 50+” долбоорунун максаты — улуу муундагы адамдарды жана баардык каалоочуларды смартфон менен иштөөгө, дүйнөлүк тармакты өздөштүрүүгө, интернетте баарлашуу жөндөмдөрүнө, финансылык сабаттуулуктун негиздерине ээ болууга, электрондук почтаны пайдалануу менен расмий каттарды жүргүзүүнү ошондой эле накталай эмес операциялар үчүн «Элсом» электрондук капчыгын пайдаланууга окутуп үйрөтүүдө.

Азыркы күндө мамлекеттик кызматтардын көбү электрондук түрдө иш алып барууга өтүүдө. 110 маалымат тутум “Түндүк” системасы аркылуу кошулган, бала бакчага, мектепке, үй-бүлөлүк даарыгерлер тобуна кезекке туруу дагы электрондоштурулду. Демек, элди да санариптик ыкмаларга үйрөтүү зарылдыгы учурда маанилүү болууда. Бул багытта фонд тарабынан окуу борборлор ачылып, акысыз окуу курстары өтүлүүдө. Борбор калаабызда беш окуу борбору жана Бишкектин жаңы конуштарында (Келечек, Арча-Бешик, Дордой, Орок, Бакай-Ата, Ала-Тоо, Учкун, Көк-Жар, Ак-Ордо, Фучик көчөсүнүн аймагы) 10 пилоттук мектептерде окутуп үйрөтүү курстары өткөрүлүп, конуштун тургундары санариптик көндүмдөргө ээ болушууда.

Мамлекеттик маалымат технологиялар жана байланыш комитетинин маалыматына таянсак, калктын саны 6,2 млн. болсо, анын ичинен уюлдук байланыш менен 9,38 млн. эл колдонот. Интернет колдонуучулардын саны 2,49 млн. болсо, социалдык тармактарды активдүү колдонуучулар 1,9 млн.ду түзөт. Бүткүл Дүйнөлүк банктын маалыматын карасак, Кыргызстандын 36,1 калкы (15 жаштан жогорку) гана электрондук төлөмдөрдү жүргүзүшөт. Акыркы жылдары бул көрсөткүч эки эсе көбөйгөн. Бирок ага карабастан коңшу Тажикстан, Казакстан мамлекеттеринен артта калуудабыз. Кыргызстанда 476 миң 845 жараныбыз 50 жаштан жогорку жаштагылар болуп эсептелинет, ал эми интернетти активдүү пайдалангандар 30 жашка чейинкилер эсептелинип, алар калктын 30%ын түзөт. Бул көрсөткүчтөрдөн улам, 50 жаштан жогорку жаштагыларга да көңүл буруу керек экендигин байкасак болот. Азырынча “Санарип 50+” долбоору аркылуу Бишкек шаарынын жана жаңы конуштардын тургундары гана курстарга катышууда, алдыда окууларды аймактарга жайылтуу максатын көздөп турабыз дешет “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонддун долбоорчу адистери.

Курстун катышуучулары смартфондун функциялары Android же iOS программасындагы телефондун жалпы интерфейси менен мобилдик телефондун негизги функциялары менен таанышышат. Тактап айтканда, социалдык тармактар жана медиа сабаттуулук боюнча да маалымат берилип, онлайн (интернет тармагында) баарлашуу үчүн социалдык тармактарды, электрондук почтаны жана булутта сактоону пайдаланууну толук үйрөнүшөт. Негизги электрондук финансы куралдары жөнүндө түшүнүктү кеңейтип жана элсом аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүнү өздөштүрүшөт. Курстарды атайын даярдыктан өткөн тренерлер өтүшөт.

Жыргалбек Курманбеков Калыс-Ордо конушундагы окуу борборунда тренер болуп иштеп келет, география сабагынын мугалими. Ал мектеп окуучуларынын ата-энелери үчүн окуу курстун биринчи этабынан өтүп бүттү.

“Окуу курстун биринчи этабында смартфон жана анын кызматтары, электрондук почта жана ал аркылуу маалыматтар менен алмашууну өтүп бүттүм. Азыр окуу курстун экинчи этабына өтөйүн деп турам, ал практика жүзүндө болот экен. Ата-энелердин электрондук почталары аркылуу бири-бири менен маалымат алмашуу болот. 2019-2020-окуу жылына мектепке 1-класска кабыл алуу электрондук кезек менен жүргүзүлдү. Анда ата-энелердин көбү аябай кыйналды. Себеби аларда электрондук почта болгон эмес. Буга байланыштуу алдын ала даярдык көрүп жатабыз. 15-февралдан баштап электрондук каттоо башталат, ошондо ата-энелер кыйналбай дароо каттоодон өтүшү керек. Сүрөт, документ тиркегенди үйрөтүшүбүз зарыл, себеби электрондук кезекке турганга керек экен. Ушул себептерден улам, мен да четте карап турбай, өз салымымды кошуудамын”, – дейт Жыргалбек.

Тренердин айтымында, бул окуу курстарга кызыкдар болгондордун көбүн башталгыч класстын ата-энелери түзүшөт жана алар өтө активдүү катышып жатышат. Окуу курстар эртең менен өтүлүп, алардын убактысын албаганга аракет кылынат жана кыска, түшүнүктүү, мазмундуу кылып түшүндүрүлөт. Жыргалбек эми электрондук капчык Элсомдун өзгөчөлүктөрүн, анын жашоо-турмуштагы мааниси жөнүндө кенен айтып берип, практика жүзүндө пайдаланууну үйрөтө баштайт. Белгилей кетсек фонддун аталган долбоорунун алкагында 2019-жылдын январь айынан, ноябрь айына чейин 1600дөн ашык адам окутулган. Учурда дагы окутуу үйрөтүү курстары ишин улантууда.