Санариптештирүү саамалыгы: Балыкчы шаары биринчи баштады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу максатында Балыкчы шаарынын жергиликтүү бийлиги өтө зор ишти жасады. Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын иш кагаздарын электрондук форматка өткөрүү, ГИС базасынын негизинде электрондук карта жана Балыкчы шаарынын жерлерин инвентаризациялоо боюнча система иштелип чыкты.

Бул программанын келип чыгышынын эң негизги себептери:

– Жер маселеси боюнча чыр чатактардын көп болуусу;
– Керектүү маалыматтардын аздыгы;
– Маалыматтарды чогултууда убакыттын көп сарпталышы;
– Жарандарга кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу;
– Муниципалдык менчикке инвентаризация жүргүзүү.

Инвентаризациянын негизги максаттары Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигине тиешелүү жерлерин так аныктоо, мамлекеттик жана жеке менчикке тиешелүү жерлердин аянттарын тактоо жана мыйзамсыз жер колдонуучуларды аныктоо болуп саналат. Бул программаны ишке ашыруу үчүн тиешелүү техникалык тапшырмалар иштелип чыккан. Техникалык тапшырмага ылайык өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алуулар сынагынын негизинде “Put In Byte” ЖЧКсы 3375,0 миң сом менен жеңүүчү болуп табылган.

“Put In Byte” ЖЧКсы тандап алууда баардык тендердин талаптарына жооп берип, программаларды иштеп чыгуу боюнча жогорку тажрыйбалуулугу, жогорку технологиялар паркынын резиденти болуусу эске алынган.

Программаны ишке ашыруу максатында төмөнкү иштер аткарылды:

  1. Шаардын аэрофототартуусу аткарылып, сапаты 3 см 1 мегапикселди түзгөн 105000 даана сүрөт алынып, жыйынтыгында шаардын картасы түзүлүп, 9 кварталга бөлүнүп, шаардын электрондук картасы жасалды.
  2. Иштеп жаткан санариптик мейкиндик маалыматтарына жана карта материалдарды талдап стандартташтыруу жана вектордук растрдык маалыматтары алынып Kyrg – 06 жергиликтүү координатына байланып, GPS “приемниктери” менен жеринен кыдырып 1140 координаттык точка базага киргизилди.
  3. Жалпысынан 2500 гектар жер аянтына горизонталдык тартуу иштери жүргүзүлдү.
  4. Аэрофото сүрөттөргө цифровка жана дешифровка жүргүзүлдү.
  5. Жер аянттарынын юридикалык иш кагаздары менен факт түрүндө ээлеп турган айырмачылыктары аныкталып, карта толугу менен ишке киргизилип, тесттик түрдө иштөөдө.
  6. Муниципалдык менчик башкармалыгынын иш кагаздарын электрондук форматка өткөрүү боюнча техникалык тапшырмага ылайык программага тиешелүү модулдар иштелип чыкты

Программаны ишке киргизүүдө күтүлүүчү натыйжа

– Жарандарга кызмат көргөзүүнү жакшыртуу;
– Муниципалдык менчик башкармалыгынын иш процессин автоматташтыруу;
– Муниципалдык менчикке тиешелүү объектилерди колдонууда мыйзамдардын сакталышы;
– Жарандардын муниципалдык менчикке тиешелүү арыздарын жана кайрылууларын сапаттуу жана эффективдүү кароо;
– Муниципалдык менчикти ижарага берүүдөн түшкөн төлөмдөрдү көбөйтүү жана натыйжалуу көзөмөлдөө;
– Коррупциялык элементтерди жана коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо;
– Жер тилкелерине тиешелүү маселелерди ыкчам чечүү;
– Маалыматтар автоматтык түрдө иштелип жаткандыгынын эсебинен убакытты үнөмдөө.

Жалпы Кыргызстанга үлгү болчу бул иштин ачылышына Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев, Балыкчы шаарынын мэри Марат Кудайбергенов жана Токмок, Нарын, Каракол, Кант, Чолпон-Ата шаарларынын муниципалдык менчик башкармалыктарынан өкүлдөрү, вице мэрлер, депутаттар катышты.

Мындай саамалык алгачкылардан болуп Ысык-Көл облусунда ишке ашып жатканына кубанган облус жетекчиси Акылбек Осмоналиев:

– Бул программа менен шаар тургундарынын жер, кыймылсыз мүлк маселеси боюнча иштери жеңилдеди. Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылдыгынын алкагында бул ишти жалпы облуска жайылтсак, андан сырткары өлкө аймактарына кулачын жайса, ачык айкындуулукка жол ачылат. Ал үчүн мамлекеттик каттоо, архитектура жана башка кызматтардагы мүчүлүштүктөрдү жоюп бирдиктүү иш алып баруу керек – деди.

Бул ишти баштан аяк көзөмөлдөп, ишке ашырууга өзгөчө салым кошкон Балыкчы шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Азиз Асанкадырович Асаналиев бул программанын ишке кириши менен бир топ түйшүктөр азайып, Балыкчы шаарынын келечегине, өнүгүшүнө сөзсүз пайдасын тийгизерин айтып өттү.

– Бүгүнкү күндө Балыкчы шаарында 48 миңден ашык калк жашайт. Өзүңөр жакшы билгендей Балыкчы шаары тогуз жолдун тоомунда жайгашкан. Кытай чек арасына, Торугартка жакынбыз, бир жагынан түндүк-түштүк альтернативалык жол Балыкчы шаарына барып такалганы турат. Жалал-Абад – Балыкчы жолу бүтүп калса биздин шаар Орто Азиянын ири транспорттук хабына айланчудай. Бул үчүн бизде баардык шарттар: кара жол, темир жол, кеме жолу бар. Тамчы эл аралык аэропорту дагы Балыкчы шаарына жакын. Кудай буйруса мунун баары жакынкы келечекте боло турчу иштер. Ошондуктан азыртадан биз Балыкчы шаарындагы бардык жер тилкелерин ирээттеп, инвентаризацияны баштоону чечкенбиз. Анткени транспорттук хабга айлантсак, ар бир чарчы метрге суроо-талап күчөйт. Кичинекей соода күркөдөн баштап, ири ишканаларды ачуу үчүн базадан карап, ошол жердин тарыхын тактап алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул программанын ишке кириши менен жарандардын кайрылууларына өз убагында, ыкчам, так жооп бере алабыз. Анткени азыр Балыкчы шаарындагы ар бир чарчы метр жер биздин көзөмөлүбүздө. Бизде жер тилкелерин мыйзамсыз колдонуп жүргөндөр көп. Мисалы өзүнүн юридикалык белгиленген чегинен чыгып кеткендерди мыйзамдаштырууга эң мыкты шарт түзүлдү.

Эрнис БАЛБАКОВ