Жээнбеков Борбордук Азия лидерлеринин II консультативдик жолугушуусуна катышууда

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусуна катышууда.

Күн тартибинде кызматташууну кеңейтүү жана аймактагы өлкөлөрдүн жакынкы келечекке карата артыкчылыктуу багыттарын аныктоо маселелери турат.

Консультативдик жолугушуу тар курамда башталарда делегация башчыларынын чогуу сүрөткө түшүүсү болду. Андан кийин жыйын кеңейтилген курамда улантылат.

Экинчи Консультативдик жолугушууга Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Казакстан Республикасынын Туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев катышып жатышат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *