Экономика министрлиги: 2019- жылы орточо айлык акы 18300 сомду түзөт

Кыргызстанда орточо айлык акы болжол менен 9 % га жогорулап,  2019- жылы 18320 сомду түзөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 2018-2019- жылдары элдин кирешесинин реалдуу көбөйүшү орто эсеп менен 3,9% түзөт.

Бул жеке пайдалануунун бир жылда 4% өсүшүнө алып келет. Ошол эле учурда, мамлекеттик пайдалануу 1,2% га азайып, 2019 жылы ички дүң продукт 15,8% га жетет.
Жашоонун минималдык көрсөткүчү 2017- жылы 5554,4 сом болсо, 2019- жылы  6282,2 сомду түзөт. Андан сырткары, 2017- жылга салыштырмалуу пенсиянын номиналдуу көрсөткүчү 12,6% га жогорулайт, тактап айтканда 6000 сомду түзөт.