Июнь окуялары кайталанбасын десек, анда күнөөлүүлөр жазаларын алууга тийиш…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Улут аралык араздашууга алып келген 2010-жылдын июнь окуяларынан бери арадан 7 жыл өткөндөн кийин да, бул кандуу окуя өзүнүн толук кандуу баасын алдыбы деген суроо күнү бүгүн күн тартибинен түшпөй келет. Мунун бирден бир себеби, ошол кандуу окуялардын шыкакчылары, эл ынтымагына доо кетирген адамдар жазасын албай, европалап качып жүргөндүгү десек болот. Бул албетте, өкүнүчтүү нерсе. Андан да өкүнүчтүүсү, өткөн жылдын күзүндө ЕККУнун Варшавада өткөн жыйынында июнь коогалаңынын шыкакчысы, улут аралык араздашуунун отун тутандыруучу Кадыржан Батыровго сөз берилип, ал бул европалык абройлуу уюмдун трибунасынан чыгып сүйлөп: “Мен сиздердин көңүлүңүздөрдү төмөнкүгө бургум келип жатат. Ушундай иш-чараларда Кыргызстан абдан жакшы отчет берет. Шаблонго айланган билдирүүлөрдү силер дароо кабыл аласыңар. Силерге Кыргызстанда курулуп жаткан демократия жакса керек. Бирок андай эмес. Кыргызстанда эч кандай демократия жок. Айрыкча муну 2010-жылдагы июнь окуялары көргөздү”, — деп айтканы эмнеден кабар берет?!!

 

Ош окуясына күнөөлүү адам күнөөсүн мойнуна алып, Кыргызстандан жана анын элинен кечирим суроонун ордуна, тескерисинче, нанын жеп, тузун таткан Кыргызстанга карай акаарат айтып жатпайбы. Ал жөн эле катардагы адам болсо бир жөн, ал кечээ эле Жогорку Кеңештин депутаты болуп, жеке ишкер катары өлкөнүн сый-урматында жүргөн адам болчу. Мына, биз кимди коюнубузга катып, өстүрүп, багып, байытып жүргөнбүз?!!!

Бул окуя кыргызстандыктар үчүн, биздин мамлекет үчүн өтө күтүүсүз нерсе болгону айтпаса да түшүнүктүү чыгар. Биз ар качандан бир качан демократияны жарлаган Европадан мындай “демократияны” күткөн эмеспиз. Анан калса, экстремизм маселеси Европа үчүн бөлөк-бөтөн, бейтааныш тема эмес. Экстремизм дегенде эки нерсени түшүнөбүз: бири – диндер ортосундагы экстремизм, экинчиси – улуттар аралык кагылышууга алып келген экстремизм. Ал эми экстремисттер өз максаттарын ишке ашыруу үчүн террористтик актыларды жасайт, же улуттар ортосуна жик салып, араздашуу отун тутандырат. Экстремизм Европа үчүн бейтааныш эмес дегенибиз ошондон, аны акыркы айларда Англиядагы террористтик актылар да кабарлап турат.

Нарын: Козголгон жаштар, кордолгон коноктор

ЕККУнун жыйынындагы кески окуядан улам, биздин өлкөнүн Жогорку Кеңеши дароо эле шыкакчы Кадыржан Батыровдун ЕККУнун Варшавадагы жыйынында сөз берилгенине нааразылык билдирди. Бул нааразылыкка бүтүндөй Кыргызстан кошулду. Ошентсе да, эмнегедир Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кезексиз жыйынына чакырылган күч органдары Батыров Швецияда саясий баш паанек алганы үчүн Кыргызстанга кармап келүүгө мүмкүн болбой жатат дешти. Көрсө, Швеция Батыровду саясий качкын катары санап, өлкөгө өткөрүп берүүдөн баш тарткан имиш.

Улуттар аралык араздашууга алып келген экстремизм Швеция үчүн жаңылык эмес экенин улам кайталап айтуунун албетте зарылчылыгы жок. Европа ар качан өзүн үлгүлүү катары көрсөткүсү келет. Башка мамлекеттерге демократияны бетине кармап кыр көрсөтүп сүйлөйт. Бирок, ЕККУ канчалык мартабалуу уюм болбосун, Швеция Европанын алдыңкы өнүккөн өлкөсү болбосун, 2010-жылдагы июнь коогалаңын тутандырганы үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыровдун Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунда сөз сүйлөгөнү бул абройлуу уюмга эч качан абийир апкелбей турган нерсе, ошол эле учурда Швециянын асманында кара көлөкө десек эч жаңылышпайбыз. Ал эми ЕККУ жыйынында адам укуктары боюнча сөз болгонун эске алсак, былтыр кандай гана абсурд окуяга күбө болгонубуз ачыкка чыгат. Себеби, биринчиден, оор кылмышка күнөөлүү деп табылып, өз күнөөсүн өлкө бийлигине которууга аракет кылган адамдын ЕККУнун кеңешине катышуусу жана жыйында чыгып сүйлөшү ЕККУнун аянтындагы диалогдорду бузат. Бул эл аралык нормаларга да сыйбаган нерсе. Өз кезегинде, мунун өзү өлкөлөр ортосундагы кызматташууга жана өз ара түшүнүшүүгө да кедергисин тийгизери түшүнүктүү нерсе.

Премьер-министрдин кеңешчиси, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов айткандай, 2010-жылдын июнь айындагы окуя кыргыз менен өзбектин ортосундагы кастык мамиледен улам болгон эмес. Болгону К.Батыров башында турган экстремисттик маанайдагы саясатчылардын жеке керт башынын кызыкчылыктарынан башка эч нерсени ойлобогон, адамдык касиеттен чет көз караштарынын кесепетинен улам, кандуу окуя келип чыккан. Албетте, мында мурдагы бийликтин да күнөөсү жок эмес. Алар да тышта жөн жатып албай, К.Батыровго окшогон адамдарды өз кызыкчылыктарына пайдаланышкан. Биз муну бүгүн ачык эле айтып коюуга тийишпиз. К.Батыров мына ошол алысты мелжей албаган саясатчылардын ишенимдүү куралына айлануу менен, ал өзүнө чексиз бийлик берилген адамдай сезип кеткен да, эл арасында өзү каалаган кутумчулук, чагымчылык саясатын жасай баштаган.

Анын натыйжасы 2010-жылдын апрель окуясынан кийин оожала албай турган кыргыз мамлекетине катуу тийди. Мамлекеттүүлүктүн пайдубалы солкулдай түштү. Бирок, Сарт аке айтмакчы, солкулдасак да чайпалган жокпуз, чайпалсак да төгүлгөн жокпуз, төгүлсөк да түгөнгөн жокпуз. Албетте, июнь окуяларында баары эле өзүн татыктуу көрсөтө албады. Убактылуу Өкмөттүн түштүк боюнча атайын өкүлүнүн, Ош жана Жалал-Абад облустарынын коменданттарынын аракеттериндеги алешемдик, алсыздык тарыхый факт. Болбосо, эгер тийиштүү адамдар демилгени колго алып, окуя башталган алгачкы күндөрдөн ишти туура уюштурган болсо, мүмкүн, кан төгүүлөр дароо токтоп, Ош шаары ошондогудай бүлгүнгө учурамак эместир.

Ороз Дүйшөбаев деген ким? же, балык, балыкчылар жана “балык таламай оюну” тууралуу сөз

Кыргызстандагы 2010-жылдын июнундагы түштүктөгү окуяларды иликтеген көзкарандысыз эл аралык комиссия ошол окуяларды жөнгө салуу боюнча айрым жооптуу адамдардын өз ишине жасаган жоопкерчиликсиз да аракеттерин белгилегенин билебиз. Комиссия “алардын аракети талаптарга жооп берген эмес”, “коопсуздук күчтөрүн уюштурууга жөндөмсүз болгон, анын натыйжасы көп кан төгүүгө алып келген” деген жыйынтыкка келген.

Бүгүн да улуттар аралык араздашуунун шыкакчылары «К.Батыров менен А.Аскаровдун артында кимдер турат?» деген суроо жаралат. Айтымда, өз учурунда президенттик шайлоолор учурунда К.Батыров А.Акаевдин да, К.Бакиевдин да ишенимдүү адамы болгон. Мына ошонун натыйжасында, ал парламенттин бир нече жолку чакырылышынын депутаты болуп, депутаттык ишмердигин өз бизнеси үчүн ыңгайлуу пайдаланган. Анан акыр аягында анын баарын улуттар ортосундагы араздашууга чагымчылык үчүн пайдаланып отурат.

Арийне, бүгүн К.Батыров кылмыш жоопкерчилигинен качып, Европада жүрөт. Адам укуктарын бетке кармаган Швеция аны канатына калкалап жатат. Сыягы, адам укугун бетке кармаган Швеция 2010-жылдын июнь окуяларында жазыксыз каны төгүлгөн миңдеген адамдардын канынын убалынан коркпойт окшойт. Мейли, Европа үчүн Кыргызстандын тагдыры кызык эмес дейли. Бирок, өзүбүздүн арадан деле жаттар чыгып жатканына эмне дейбиз. Айталы, парламент жыйынында депутаттардын бири “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылын Батыровдун сөздөрүн кубаттаганы үчүн айыптабадыбы.

Эмне дейбиз, 2010-жылдагы июнь окуясынын 7 жылдыгынын алдында кандуу окуя тууралуу эскерип жатып, дагы бир жолу ынтымак – карманаар туубуз, таянар тирегибиз деп айтабыз. Эч бир заманда эч бир мамлекетте ынтымакка жана биримдикке альтернатива болгон эмес. Анүчүн, июнь окуялары кайталанбасын десек, анда күнөөлүүлөр жазаларын алууга тийиш…

 

One thought on “Июнь окуялары кайталанбасын десек, анда күнөөлүүлөр жазаларын алууга тийиш…

Комментарии закрыты.