Жээнбеков менен Мирзиёев кызматташуунун келечектерин талкуулады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусуна катышуунун алкагында Ташкентте Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Кыргызстан жана Өзбекстан Президенттери көп кылымдар бою достук жана ынак кошуналыкка негизделген кыргыз-өзбек мамилелериндеги динамикалуу өнүгүүнү канааттануу менен белгилешти.

Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун келечегин, Кыргызстан жана Өзбекстандын соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, чек ара мамилелерин өнүктүрүү чараларын талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков жана Шавкат Мирзиёев өлкөлөрдүн мындан ары өз ара аракеттенишүүсү боюнча биргелешкен жакынкы пландарды белгилешип, ошондой эле кыргыз-өзбек стратегиялык кызматташуунун бардык спектрлерин кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.