Фарид Ниязовдун камактагы мөөнөтү узартылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов 9-февралга чейин камакта калтырылды.

Биринчи май райондук сотунан билдиришкендей, ал 2020-жылдын 9-февралына чейин №1 тергөө абагында камакта болот.

Андан тышкары КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү Кыяс Смаилов менен Амантур Жамгырчиевдердин да баш коргоо чарасы февраль айына чейин узартылды. Алар да №1 тергөө абагында камакта болушат.

Эскерте кетсек, Ниязов адамдарды туткунга алуу жана массалык башаламандык уюштурууга шектелүүдө.

Белгилей кетсек, 7-августта кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *