Бекем туугандык байланыштар

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу»


«Бекем туугандык байланыштар». Ушундай аталышта 26-ноябрда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде казак-кыргыз интеллигенциясынын IV форуму өттү. Кеңсеси Нур-Султан шаарында жайгашкан Эл аралык Түрк академиясы бул иш-чараны Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алдында уюштурду. Форумга Казакстандын Президентинин жардамчысы Маулен Ашимбаев, Кыргызстандын Президентинин кеңешчиси Султан Раев, Казакстандын Кыргызстандагы жана Кыргызстандын Казакстандагы элчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, эки өлкөнүн окумуштуулары, интеллигенция өкүлдөрү, журналисттер катышты.

Жыйындын ишин алып баруучу Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали форумдун максаты – боордош казак-кыргыз элинин биримдигин бекемдөө экенин белгилеп, бет ачар сөздү Казакстандын Президентинин жардамчысы Маулен Ашимбаевге берди.

Маулен Ашимбаев АлаТоонун күңгөйү менен тескейин мекендеген эки элдин дили менен тили бирдейлигине, казак менен кыргыздын боордоштук тамыры тереңде экенине, элдин келечегин болжогон ойчулдар Асан Кайгы, Кет Бука жана Толубай сынчы эки элге орток инсандар болгонуна, «Кыргыз-казак – Алаштан» деп, кыргыздын атактуу акыны Молдо Кылыч өзүнүн ыр саптарында элибиздин бир калк экендигин ырдаганына, өз ара байланыштын совет доорунда да үзүлбөгөнүнө токтолуп, казаккыргыз ынтымакташтыгы эки эл эгемендигин жарыялаган учурдан тартып Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин назарында болгонун атап өттү. «Ушулардын натыйжасында эки мамлекеттин ортосунда Түбөлүк достук тууралуу шартка кол коюлган», – деп М.Ашимбаев эки өлкөнүн мамлекет башчылары Касым-Жомарт Токаев менен Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусу казак-кыргыз мамилесин жаңы бийктикке көтөрөрүн баса белгиледи.

М.Ашимбаев эки элдин окумуштуулары менен адистери, маданият ишмерлери биргелешип аткарууга боло турган бир нече долбоорлорду сунуштады. Алар – илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, китептерди чыгаруу, казак-кыргызга орток белгилүү инсандар тууралуу фильмдерди тартуу, өз ара алмашуу аркылуу студенттерди окутуу жана окутуучулардын тажрыйбасын арттыруу.

– Эки өлкөнүн жаштарынын кызматташтыгы жалгаша берүүгө тийиш, бул багытта ЖОЖдорубуз белсемдүү иштеши керек. Ошондой эле казак-кыргыз биримдигин бекемдеген макалалар эки элдин ЖМКларында жана илимий жыйнактарында дайыма жарыяланып турушу зарыл. Эки элди жакындаштырган башка да долбоорлор болсо, ишке ашырууга болот, -деди Казакстандын мамлекет башчысынын жардамчысы.

Дархан Кыдырали мырза анын Казакстанда таанымал жазуучу, драматург экенин, пьесаларынын казак театрларынын сахналарында коюлуп жатканын белгилеп, сөз кезегин Кыргыз Республикасынын Прези дентинин кеңешчиси Султан Раевге берди.

Султан Раев форумдун ишине ийгилик каалап, 2007-жылы залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун Алматы шаарында интеллигенция өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөнүн эске алып, үзүлгөн жипти-руханий байланышты жалгаштырып жаткан Эл аралык Түрк академиясына, анын жетекчиси Дархан Кыдыралиге ыраазычылык билдирди.

– Казакстандын эл башчысы Нурсултан Абиш уулу Назарбаев айткандай, казак менен кыргыз дүйнөдө бирине бири эң жакын эл, – деп С.Раев кыргыз-казак алакасын арттырууда эки өлкөнүн чыгаан инсандарынын ролу чоң экендигин белгилеп, Чыңгыз Айтматовдун «Кыргыз менен казак бир эл, эки мамлекет» деген учкул сөзүн мисалга келтирди.

Президенттин кеңешчиси калктын бирлиги жолунда кызмат кылган ата-бабаларыбыздын керээзин аткаруу тарых алдындагы азыркы муундун ыйык милдети экендигине токтолду.

Андан кийин сүйлөгөн Жогорку Кеңештин экс-спикери, академик, Кыргызстан эли Ассамблеясынын төрагасы Абдыганы Эркебаев өзү КРнын Улуттук илимдер академиясын жетектеп турганда Эл аралык Түрк академиясы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлганын айтып өттү. Ал 1990-жылдардын ортосунда Орто Азия экономикалык биримдиги түзүлүп, ишмердигиги үзүлүп калгандыгын, ал ишти жандандырып, учурда жогорку, мамлекет башчылары деңгээлинде Борбордук Азия союзу сыяктуу уюмду түзүү колго алынса деген тилегин айтты.

– Мен кыргыз жергесиндеги ушул форумга катышып отурганыма өтө кубанычтамын, – деп сөзүн баштаган Казакстандын Улут тук илимдер академиясынын академиги, тарых илимдеринин доктору, профессор Болат Көмөков, – мамлекетти өнүктүрө турган идеяларды алды менен окумуштуулар, интеллигенция айтат, – деп, орустун белгилүү окумуштуусу, академик Бернадскийдин дүйнөдө өнүгүүгө чоң мүмкүнчүлүгү бар эки элди – казак мен кыргызды өз эмгектеринде өзгөчө бөлүп атаганын маалымдады. Окумуштуу кыргыз менен казакка орток үч баалуулукка форумдун катышуучуларынын көңүлүн бурду. Биринчиси, эки элдин жаратылыш менен жуурулушкан ынак мамилеси, демек экологиясы, экинчиси, уруу-тайпалык системасы, бул өңүттө, урууну бөлүнүүчүлүк эмес, биригүүчүлүк миссиясы, үчүнчүсү, улуу талаа маданияты – көчмөндөр цивилизациясы. – Ушул үч баалуулукту өнүктүрсөк, алга илгерилейбиз, — деди Б. Көмөков.

– Түрк элдеринин башатындагы сак, гунн сыяктуу ар түрдүү аталыштардагы мамлекеттер кандайча түзүлдү, эмнеге урап калды, ушуларга жооп берген изилдөөлөр жүргүзүлүшү керек. Биз бир гана мамлекетке улуу сөзүн кошуп айтабыз. Ал – Улуу кыргыз каганаты. Орто кылымдагы аалым Ибн Халдун жана кийинки Лев Гумилев жазгандай, казак менен кыргыз пассионардуу, өнүгө турган эл, – деп Б. Көмөковдун пикирин модератор Дархан Кыдырали мырза колдоп, сөз кезегин Кыргызстандын УИАсынын президенти, академик Мурат Жуматаевге узатты.

М.Жуматаев улуттук илимдер академиясынын атынан форумдун катышуучуларын ушул ири илимий жыйындын өтүп жатканы менен куттуктап, союз учурунда калыптанган кыргыз жана казак илимий кызматташтыгы эгемендик жылдарында илим тармагынын бардык багыттарында жаңыча өнүгүп жатканын белгилеп, өзү илим чөйрөсүнө Казакстанда билим алып жүрүп кошулганын шардана кылды. Устаты – Казакстандын илимдер академиясынын академиги, Казак мамлекеттик университетинин ошол кездеги ректору Өмүрбек Жолдасбеков Кыргызстанда да машина таануу илимин өркүндөтүүгө үлүшүн кошкон.

– Кыргыз жана казак окумуштуулары адегенде илимий маселелер боюнча байланышып, бул алаканын достукка, бир туугандыкка айланган фактылары көп, – деди М.Жуматаев. – Учурда эл аралык илимий симпозиумдарда кыргыз-казак окумуштуулары бир позициядан көрүнүп жүрөбүз. Биздин академия Эл аралык Түрк академиясы менен алака түздү, гуманитардык илимдер гана эмес, так илимдер боюнча да кызматташуудабыз. Анын бири санариптештирүү багытында, – деп кошумчалады УИАнын президенти.

Дархан Кыдырали мырза КРнын УИАсынан сунуш болсо, мындагы тарыхый мурастарды, кол жазмаларды азыркы замандын технологиясына ылайык сактоого жардам берүүгө даяр экендигин, ошондой эле Ж.Баласагындын «Куттуу билим» эмгегинин 950 жылдыгын жана Алтын Ордо мамлекетинин түзүлүүсүнө байланыштуу болгон Талас курултайынын 750 жылдыгына арналган конференцияларды өткөрүүнүн күнүн КРнын УИАсы менен такташып, Кыргызстанда белгилөө мерчемделип жатканын жарыялады.

Сөз кезегин алган Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев казак боордошторду өлкөнүн башкы гезити «Егемен Казакстандын» 100 жылдыгы менен куттуктады. – Улуу Октябрь революциясынан кийинки жылдарда ага казак интеллигенциясы менен катар кыргыздын агартуучулары да катышып турган, – деди ал. Депутат ошондой эле 80 жылдык юбилейи Санкт-Петербургда жана Бишкекте белгиленген, ушул форумга катышып отурган «кыргыз парламентаризминин символу», экс-спикер, кыргыз интеллигенциясынын мыкты өкүлү Медеткан Шеримкуловго да куттуктоосун айтты.

– 18-19-кылымдарда кыргыз менен казактын мыктылары, бийлери, эл башчылары согум союп, шерине өткөрүп, кеңешип турчу эле, бүгүнкү форум да ошого окшош. Тарых адамдардан турат. Кыргыз-казак байланышында үлгү боло турган улуу инсан – Мухтар Ауэзов. Башкысы, анын 1952-жылы «Манас» эпосун коргоп калгандыгы. Дагы бир чоң инсан – Саякбай. М.Ауэзов «Манасты» жазып алууга Кыргызстандын ошол кездеги жетекчиси Раззаковдон уруксат алып, кыргыз телерадио комитетине Каралаевди издеп барса, Саяк бай «Манас» айтып жатыптыр, ал аяктаганча бир жарым-эки саат күтүп отуруптур. Таланттарды сыйлаганды улуу адамдардан үйрөнүшүбүз керек. Дагы бир зор инсан Чыңгыз Айтматов. Ауэзов – Айтматов. Ушул улуу инсандар да бизге үлгү. Кыргыз тарыхында 711-жылы биринчи каган БарысБек болгон. Аны жарыкка алып чыккан – Ауэзов. Зар заман ырчыларын да совет доорунда элге биринчи таанытып, алардын ырлары элдик чыгарма экенин айткан – Ауэзов. Өкмөт башчы Баялы Исакеев куугунтукка учураганда анын жубайы менен 4 жашар кызын пааналаткан – Ауэзов. Бул – адамгерчилик жагы. Кыргыз керемети – кинолорун «Караш-Карашты», «Көксерек» фильмдерин кыргыз кинорежиссеру Төлөмүш Океев тартып, ролдордо Сүймөнкул Чокморов ойносо, аларды кыргыздыкы деп эсептейбиз. Булар Ауэзовдун чыгармаларынын негизинде тартылган. Мухтар ага Бишкекке келгенде Базаркул Данияровдун үйүнө токтогон. Карындашы Кутма эже токсонго келип калды, ал айтат: «Мухтар ага Көлгө барганда цифраларды келтирип, кагазга бир нерсени чиймелеп жатты. Көрсө, Мухтар ага Ысык-Көлгө эл көп келет, Балыкчы – ЧолпонАта электровоз темир жолун салуу керек деп долбоор түзүп отуруптур». – Бул боюнча Ауэзов Москвага, Кремлге кат жазыптыр. Биз болсок, алтымыш жылдан бери бул демилгени ишке ашыра албай келебиз, – деди К.Иманалиев, – ал глобалдуу ойлонгон киши болгон. Кыргызстанда Ауэзов окууларын, Казакстанда Айтматов окууларын өткөрүп турушубуз зарыл. Мухтар Ауэзов Тоңдогу атактуу балбан Бөлтүрүк тууралуу роман, Төлөмүш Океев «Абай жолу» романы боюнча он сериялуу көркөм фильм тартмак экен. Ушул кыялдарды азыркы интеллигенция жүзөгө ашырышы керек.

Форумда тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов жана Казакстандын Ш.Валиханов атындагы Тарых жана этнология институтунун директору Зиябек Кабылдинов, башка да окумуштуулар чыгып сүйлөп, кыргыз-казак ынтымакташтыгын бекемдөө боюнча өз ойлорун айтышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Эл аралык Түрк академиясы чыгарган Өмүркул Караевдин «Чагатайский улус. Государство Хайду. Могулистан», Зайнидин Курмановдун «Кыргызский филиал партии «Алаш»: создание, деятельность, судьба», кыргыздын «Эр Эсим» тарыхый эпосунун казакча котормосунун («Ер Есiм») тушоо кесүү аземи болду. Дархан Кыдырали кыргыздын бир топ окумуштууларына Эл аралык Түрк академиясынын медалын тапшырды.

Жыйын казактын атактуу манасчысы Баянгали Алимжановдун «Манас» эпосунан үзүндү айтуусу менен жыйынтыкталды. Андан кийин форум делегаттары Чоң-Таш айылындагы Ата-Бейит комплексине барып, репрессия жана революция курмандыктарына жана Чыңгыз Айтматовдун рухуна таазим ырасымын жасашты.