«Кумтөрдүн» эки кызматкери жоголду

Кумтөр кенинен эки кызматкер дайынсыз болууда. Буга байланыштуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жеринен абалды билүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлерине тапшырма берип, алар Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенине кетишти.

Өкмөт башчы Кумтөр кенинде жоголгон жарандарды издөө боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Белгилүү болгондой, 1-декабрда эртең менен «Кумтөрдүн» эки кызматкери — бульдозердин айдоочусу жана түнкү нөөмөттүн кезекчиси жоголгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кызматкерлер Кумтөрдөгү жер көчкүнүн кесепетинен жабыр тартышы мүмкүн. Учурда аларды издөө иштери жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *