«Манас күнүнө» карата жаш манасчылардын кароо-сынагы өткөрүлөт

4-декабрь, «Манас күнүнө» карата жаш манасчылардын кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кароо-сынак министрлик тарабынан өткөрүлүүдө. Жарыш эки багытта өтөт. Сынакка 10-20 жаш курактагы жана 20-30 жаш аралыгындагы манасчылар катыша алат.

Кароо-сынак Бишкек шаарындагы «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясында өткөрүлүп, 2-декабрь күнү саат 09:00дө башталат.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 4-декабрда болот.

Сынактын байгелери:

20-30 жаш курагындагы манасчылар арасында:

— 1-орун 20 миң сом;

— 2-орун 10 миң сом;

— 3-орун 8 миң сом.

10-20 жаш курагындагы манасчылар арасында:

— 1-орун планшет;

— 2-орун планшет;

— 3-орун планшет.

Байланыш тел: +996701441461

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *