Шапа акенин жоруктары: Келиндердин эрмеги

Шекербек КАЛЫКОВ, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

Шапа акем менен Парпи авамдын мамилесине түшүнбөгөндөр көп. Алардын атаандашканы да бир башкача. Муну айылдын баары билет. Ошентсе да, той-тамашада болобу, жакшылык-жамандыктабы бирин бири издешип, айрыкча Шапа акем “Парпи көрүнбөйт да?” деп акмалап турар эле. Анан эле топко келгенде экөө эки бөлөк болуп чыга келишет. Шапа акем аны кажыганын койбойт. Парпи ава “Ок, дайүз” деп гана күлүп кутулат. Жаралгандан жаатташкан кандай немелер дечүбүз. Бирок, жарты нанды тең бөлүп жеген экөөнүн боордоштугу эч нерсеге алмаштыргыс ыйык экенин кийин билбедимби. Аны да Сапаш акенин тамашасы ачыкка чыгарып салбадыбы…

Парпи авам кырк жылдай мектепте мугалим болуп иштеди. Андан калса, мени да кыргыз тилинен окутуп калды. Ошондуктан, чыгармачылыгыма кайдыгер карабагандардын бири. Бир жолу айылга барганымда, алгачкы чыккан китебимди белекке берсем, сүйүнүчү коюнуна батпай кубанган. “Эртең мектепке барып окуучулар менен жолугушуу өткөрөлү. Китебиң жөнүндө айтып бер. Мен да сүйлөп берем. Кантсе да шу мектептен окугансың, балам.” деди. Ошентип, мектепке барып окуучулар, мугалимдер жамааты менен жазуучу катары жолугушууга туура келди. Кечээ эле ушул мектептен билим алып, өзүмдү окуткан эже-агайларымдын кашында олтурганым менен бир аз сүрдөй түштүм. Парпи ава келген жайыбызды кыскача түшүндүрүп, мага сөз бермек болгон. Кайдан-жайдан шартылдап Шапа акем кирип келип, жанымдан орун алып:

— Кичине кечигип калдым, чалдын баласы, — деп мени менен учурашып, залга кыдырата көз салып, сөзүн баштады: — Мине дейин эми. Согуш маалында ават болдук дейсиңерби. Көөдак балдарбыз. Мыногу Парпинин атасы, менин атам согуштан кайтпай калды. Бир үйдө турабыз. Жамгыр жааса үйдүн ичине илаган, дагара толуп кетет. “Тып-тып” десе, жарыша санайбыз. Шу тамчылар бизди санаганга үйрөттү. Парпи экөөбүз ээрчишип алып, каларлардын ийинин казабыз. Жан багыш керек да. Кээде жарым чыпта буудай чыгат. Аны түз эле кырманга тапшырабыз. Эмгегибизге деп эки кадак салып беришет. Бир күнү Парпинин колун калар тиштеп алды. Сөөмөйүн тиштептир. Тызылдап бир ыйлайт, бир ыйлайт. Түнү бою ысытмалап чыкты, бечара. Денеси – от менен жалын. Апамдар “Кутуруп кетпесе экен” дешип, уктабай чыгышат. “Парпи кутуруп кетсе, ким менен ойнойм?” деп кыжыл болгонуму айтпа. Төшөккө жатып калды. Тыртайып арыктады. Мен дагы каларлардын ийнин казгандан коркуп калдым. “Анын дагы балдары бар. Жаны ачышат да, тамагын тартып алсаңар. Кой, убалына калба, балам” деп апам мени талаага жибербей койду. Шо кезде бизге караганда каларлар тың жашачу экен. Жок дегенде бир челек буудайы бар эле да алардын. Кийин кырманда иштеп жүрдүм. Камзиримдин ичине апам чоң чөнтөк тигип берди. Кимсан авам эч кимге көргөзбөй чөнтөгүмө толтуруп буудай салып берет. Шонтип, эки бүлөнү багып жүрдүм. Парпи илмийип араң тамак ичет. Апамдар анын көзү менен тең айланат. Кырмандагы келиндердин эрмеги эле менмин. “Чөнтөгүңдө мине бар?” дешип эле чатыма колун сала беришет. Жадаганда Парпига окшоп жатып алгым келет. Анда апамдарды ким багат? Жей турган бир нерсе тапсам эле Парипиге апкелем. Сакайып кетсе экен дейм да. Чогуу баскым келет. Бир күнү келиндер, “Айвансарини кайнатып ичсе апетит ачылып, семирет экени” дегенин угуп калдым. Мааланин башынан аягына чейин кечке айвансари издедим. Суй жыгылдым. Акыры “Тегирмен Көл жакта бар” дешкенинен, барсам кудай жалгап жайнайт жөн эле. Кайнатып бердик анан. Бу апетитти ачып, семирткени менен, акылын өстүрбөгөнү чатак экен да. Парпи жүда-аа семирди…бирок…  — деп болпоюп олтурган Парпи авама күлө карап койду. Залдагылар кыткылыктап күлө баштады.

— Кудайдын көзү түз экен,  Парпи адам болуп кетти. Сүйүнгөнүбүздү айтпа. Жетини бүткөндө шаарга окууга кетмек болду. Тагасы шоякта иштечү экен. Тамарканы айланган бойдон качып кеттим. Ыйлап алгам. Мени издешип, “Шапа-аа! Шапа-аа!” дешет. Чөпканада көзүмдү жашка чайып отура бердим. Чыксам эле Парпини апкетчүүдөй боло берди. Зейне апам — Парпинин апасы таап алды акыры. “Шапа, Парпи окуусун бүтсө кайра келет. Силер эми бир тууган болуп калдыңар. Бир үйдө кысылып кеттик. Мен дагы дуктурга көрүнүп таним сак болгондо, кайра чогуу жашайбыз” деп мени жоошутат. “Парпи экөөбүз чоңоюп калдык, сарайда деле жашай беребиз…” дейм. Жок көнбөдү. Парпи дагы “Кетпейм” деп шолоктоп ыйлап алган. Апамдар андан бетер. Парпи экөөбүз кучакташып алып,  ыйлай бердик. Эч ким ажырата албай койду. Тагасы экен азыр ойлосом. Билегибизден кыса кармап, экөөбүздү эки жакка бөлө тартып, Парпини апарып машийнага отургузуп койду. Машийна зуу койгондо артынан “Пар-пи-ии!” деп чуркап баратам, чуркап баратам. Чаң сапырылып жолду көргөзбөй калды. Мааланин аягындагы дөңдө көмкөрөмөн ыйлап жатып, уктап кетипмин… Анан күнүгө дөңгө чыгам. Парпи качып келе береби дейм да. А бу окуунун артынан кетиптир…- деп Шапа акем оор улутунганда, анын жүзүнөн мөлт-мөлт эткен көз жашты көрүп эреркеп кеттим. Парпи авам  да башын жерге сала, мурдун шор-шор тартып ыйлап жатыптыр. Залдын ичи жым-жырттыкка бөлөндү. Оозумдан сөзүм түшүп, не дээримди билбей,  жайнаган адамдардын төр жагына көз жүгүртсөм, Сапаш аке ырсая күлүп:

— Артиссиң э-ээ, Шапа… Таппаганың жок. Бу бала шаардан атайын келсе, сөз берип койбодуң, а наинысап! — деп сырт жакка бет алды.

— Саңа күлкү да… — деди Шапа акем. Парпи авам үн-сөзсүз ордунан туруп сыртка бет алды. Көрсө…

Көрсө, менин чыгармачылыгым жөнүндө сөз болорун билген Сапаш аке, “Журналис үкаң сени издеп таппай кетти. Эми Парпинин жаш чагын жазам деп келиптир. Ондон нимең кем? Азыр мектепте. Сен дагы айтып кал” дептир да. Ушундан улам, көп жылдар бою катылып жаткан сырдын башы ачылып жатпайбы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *