Үй-бүлөлүк зомбулук: жоопко тартуу жолго салынган эмес

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


Мамлекеттин негизги функцияларынын бири жарандардын коопсуздугу камсыздоо экендиги талашсыз. Бул нерсе кылмыш жасаган адамды жоопко тартуу же кылмыш жоопкерчилигине тартуу, аны коомдон изоляциялоо жолу менен ишке ашат. Мунун натыйжасы жарандын кайталап кылмыштуу иш жасабоосуна алып келет. Бул нерсе үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүнө дагы кирет.

Ушул жылдын башында кабыл алынган жаңы кодекстерде үй-бүлөлүк зомбулук жеке үйбүлөнүн ички иши катары каралбай калды. Акыркы жылдарда үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулук жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, алар зомбулуктан жабыр тарткандарды коргоого багытталган. «Жоруктар жөнүндө» жаңы кодексте үйбүлөлүк зомбулук фактысы боюнча кайрылуу тартиби өзгөртүлгөн. Республика боюнча жүргүзүлгөн мониторингде белгилүү болгондой, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоонун натыйжалуураак механизмдерин иштеп чыгуу үчүн «Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо» мыйзамын кайра карап чыгуу муктаждыгы келип чыкты.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо каражатарыны бири болуп коргоо ордери саналат. Зомбулук тууралуу белгилүү болгон күбөлөр, медицина кызматкерлери, мугалимдер ж.б. адамдар билдире алат. Бул нерсе арыз жазылбаса деле үч күндө ички иштер органдарынын кызматкерлерине берүүгө жетиштүү. Коргоо ордери 18 жашка чыккан жаранга берилет. Мыйзамдын 24-беренеси зомбулук көргөн адамды коопсуз жайга же анын макулдугу менен атайын жайга жайгаштырууну карайт.

«Жоруктар жөнүндө» кодексте үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу кылмыштын эки курамы каралган. 75-берене боюнча «үй-бүлөдөгү зомбулук» жана 76-берене «убактылуу коргоо ордердин шарттарын аткарбоо». Маселен 75-беренеде үй-бүлөдө зомбулук жасаган адам II категориядагы айыпка (30 миңден 60 миң сомго чейин) же II категориядагы түзөтүү иштерине (4 айдан 6 айга чейин) же II категориядагы коомдук иштерге (40тан 60ка чейин саат) тартылат. Эгерде аталган иш үчүн соттолгондун жашы жетпеген (16дан 18ге чейин жаш) болсо, 15000-25000 сом айып, же 2ден 4 айга чейин түзөтүү ишерине же 30- 40 саат коомдук иштерге тартылат.

Ал эми 76-беренени аткарбагандар II категориядагы айыпка (30 миңден 60 миң сомго чейин) же II категориядагы коомдук иштерге (40тан 60ка чейин саат) тартылат. Бул эки беренеде тең баары так жазылган.

Жогоруда айтылган мониторингдин жыйынтыгы боюнча жаңы кодекстер киргизилгенден кийин үй-бүлөлүк зомбулукка ички иштер органдарынын кызматкерлерине реакция кылуу оорлошуп калды. Анткени кармоо жүргүзүү практикалык түрдө мүмкүн эмес. «Кылмыш-процесуалдык» кодексте өзгөчө учурларда кармоо шарты каралган. Анткен менен нормативдик-укуктук актыларда кандай убакытта «өзгөчө учур» катары кабыл алуу жазылган эмес.

Белгилүү болгондой, учурда үй-бүлөлүк зомбулуктун 70%ы мас абалында жасалат. Жолугушуулардын катышуучулары зомбулук көрсөткөн адам мас абалында болсо, учурдагы көрүлгөн чаралар натыйжалуу болбогонун айтышкан.

«Жоруктар жөнүндө» кодекске (ЖЖК) ылайык, үй-бүлө маселелерине дал келбеген үй-бүлөлүк зомбулук 75-берене менен квалификацияланышы шарт. Анткен менен практика көрсөткөндөй, мындай фактылардын 40%ы жоруктардын башка түзүмү менен квалификацияланган. Мисалга алсак, 2018-жылдын 8 айында катталган үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 13%ы 119-берене боюнча (майда кылмыштуулук), 8%ы 66-берене боюнча (ден соолукка жеңил зыян келтирүү), 6%ы 65-берене боюнча (токмоктоо), 2% 67-берене боюнча (этиятсыздык менен ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) жана 9%ы ЖЖКнын башка беренелери боюнча. Көрүнүп тургандай, үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу фактыларды квалификациялоодо бирдиктүү ыкма жок.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *