Парламент апта ичинде: Эл өкүлдөрүндө эмне кеп?

Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»


Абалың кандай, мигрант?

Россиянын Санкт-Петербург шаарында жашап-иштеп жүргөн кыргыз мигранттары вице-спикер баш болгон эл өкүлдөрү менен жолугушууда өзүлөрүнүн көйгөйлүү маселелерин ортого салышты.

Жашоонун айынан аргасыз Россиянын жарандыгын алган мигранттар Кыргызстанга келгенде жер, турак-үй же башка нерселерди сатып алууга укуксуз, аны менен катар Кыргызстанда 3 ай сайын каттоодон өтүүгө мажбур болушат. Россияда жашаган мигранттардын балдары кыргызча билбей чоңоюп жатышканы да көйгөйлүү маселе. Жолугушууда мигранттардын балдары үчүн медициналык камсыздандыруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун жоктугу, Кыргызстанга акча которууну чектеп коюшканы жана орус тилин, мыйзам нормаларын билбей келип алган мигранттар кыйналып жатышканы маалым болгон. Мындан сырткары Кыргызстандын паспортун колдонгон коңшу өлкөнүн адамдары да көп экендиги айтылган.

Мигранттардын оюн уккан депутаттар Россиянын жарандыгын алган мекендештерибизге өз мекенинде бардык укуктарга ээ болсун деген максатта бир катар мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү сунушталып, атайын «Мекен карт» берүү аракети көрүлүп жатканын айтып беришти. «Мекен карт» алган мигрант шайлоо жана шайлануудан башка бардык укуктарга ээ болот. Депутаттар кыргыз Өкмөтү тарабынан мигранттардын абалын жакшыртуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын билдиришти.

Санкт-Петербургдагы кыргыз мигранттары өздөрү демилге көтөрүп, Чыңгыз Айтматовдун эстелигин коюу аракетин көрүп жатышат. Эстелик коюуга чоң суммадагы каражат жумшалгандыктан Өкмөт да кол кабыш кылса деген ойлорун жеткирүүнү өтүнүч кылышкан.

430 млн. доллардан 1 млрд. долларга

Жогорку Кеңеште эки тараптуу кыргыз-түрк соода-экономикалык байланышын чыңдоого багытталган Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралды.

Эл өкүлү И.Пирматовдун айтымында, бул келишим эки өлкө ортосундагы түз инвестицияларды колдоо жана коргоо максатында түзүлгөн. Анда эки өлкө ортосунда макулдашууларды түзүү жана бузуу тартиби, ички жана тышкы инвесторлорго бирдей укук берилип, бирдей шарт түзүлүүгө тийиштиги каралган.

Белгилей кетсек, Түркия эгемен Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган эң алгачкы мамлекет. Ушу тапта эки өлкөнүн ортосундагы өз ара товар жүгүртүү көлөмү 430 млн. долларды түзөт. Азыр аны 1 млрд. долларга жеткирүү аракети жасалууда.

Контрафакттык товарлар кайда катылган?

Жогорку Кеңеште Өкмөттүн ЕАЭБ алкагында жана үчүнчү өлкөлөрдөн эсепке алынбаган, аткезчилик жол менен ташылып келген товарлар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматы угулду.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кыргызстан ЕАЭБдин курамына киргенден кийин ар кандай көмүскө жолдор аркылуу контрабандалык товарлар Бирликтин аймагына жайылтыла баштаганын, Өкмөт бул багытта алдын алуу чараларын көрүп жатканын, азыркы учурда «Чалдыбар», «Ак-Тилек», «Чоң-Капка» сыяктуу өткөрмө жайларда товарларды эсепке алуу үчүн атайын жабдуулар орнотулуп, эл аралык жолдордо автоматташтырылган салмак-габариттик көзөмөл тутумдары курулуп жаткандыгын билдирди.

Бажы кызматы менен Салык кызматынын дарегине башынан эле ачуу сындар айтылып келе жатканына токтолгон депутат А.Мамашова жарандарыбыз нааразычылык митингдерине чыгып, мурдагы бажычынын жүзү өлкөдөгү коррупциянын жүзү катары бааланып жатканын депутат А.Арапбаев Өкмөттү өлкө аймагына коррупциялык жолдор аркылуу алынып келинген тамеки товарларына көзөмөлдү күчөтүүгө чакырып, коррупциялык товарлар ички рыноктогу табигый атаандаштыкты четке сүрүп жатканын, жана анда канча көлөмдөгү тамеки товарлары кайда катылып жатканы жөнүндө маалымат бар экендигин белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *