«Жыландын сүйүүсү» китебинин 3-китеби «Кыргыз Туусу» гезитине жарыяланат

Жазуучу жана журналист Жыпар Исабаеванын «Жыландын сүйүүсү» деп аталган мистикалык-фантастикалык повестинин уландысы, тактап айтканда 3-китеби кийинки жумадан баштап «Кыргыз Туусу» гезитине жарыялана баштайт. Бул тууралуу ал өзү билдирди.

Автордун айтымында, 2-китептин соңунда чыгарманын башкы каарманы Кызмончоктун жыланга кубулуп-кубула албай турган абалы жана анын жылан болушун чыдамсыздык менен күткөн Жан менен Кызмончокту сүйгөн Асан аттуу уландын эрегиши менен аяктаган.

— Арийне, Кызмончоктун эмне себептен жыланга, ал эми жыландын эмне себептен адамга жакын жаралып, бири-биринин тилин билип калуусу, ж.б. сырдуу окуялардын түйүнү дагы, сыягы ушул китептин өзөгүндө чечмеленет, — деп кошумчалады Исабаева.

2 thoughts on “«Жыландын сүйүүсү» китебинин 3-китеби «Кыргыз Туусу» гезитине жарыяланат

  • Июнь 27, 2017 at 6:40 пп
    Permalink

    Бугун шейшембиде уландысы чыгыш керек эле го. Эмнеге чыгарган жоксунар Жыландын суйуусун

    • Июнь 28, 2017 at 10:45 дп
      Permalink

      бүгүн чыгарабыз)))

Комментарии закрыты.