«Буурчак» фестивалы: – Таласта өтпөгөндө, кайда өтмөк?

23-ноябрда Талас шаарынын борбордук аянтында «Буурчак фест – 2019-жыл» фестиваль жарманкеси өткөрүлдү» Бул күнү айыл чарба техникаларынан азык-түлүктөрүнө чейин, андан жасалган даамдуу түркүн тамак-аштардын жарманкеси уюштурулду.

Фестиваль жарманкенин катышуучулары айыл чарба азык-түлүктөрүнөн жасалган тамак аштардан даам ооз тийип, тамшанып жатышты. Өзгөчө төө буурчактан жасалган азыктардын бир нече түрү адамдардын кызыгуусун жаратты. Мисалы төө буурчактан жасалган печенье, балмуздак, бир нече түрүнөн жасалган салаттар, пасталар көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытты. Ошондой эле алмадан жасалган чипсы, кургатылган кара өрүктөр, чоңдугу чакан козудай болгон ашкабактар, айтор, миң бир түркүн азык түлүктөр…

Иш-чаранын расмий ачылышында Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев, ЖИА бизнес ассоциациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Жоодар Омошов, аталган ассоциациянын башкаруу кеңешинин мүчөсү белгилүү ишкер Миргазы Оморов, «Бир айыл-бир продукт – Ысык-Көл” моделин өлкөнүн башка аймактарга жайылтуу долбоорунун ассистенти Акбермет Нурманбетова сөз сүйлөшүп, ойлорун ортого салышты.

М.Мураталиев Талас жергесинде өстүрүлгөн төө буурчактын сортторун жаңылоо жана кайра иштетүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Ошондой эле белгилүү ишкерлерге, фермерлерге ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн ардак грамоталарын, ыраазылык каттарын салтанаттуу тапшырды.

Андан соң өлкөдөгү белгилүү ишкерлер – “Шоро» компаниясынын кош негиздөөчүсү, «Кара-Булак» Эко-резорт комплексинин негиздөөчүсү Жумадил Эгембердиев, «АманГринфуд» компаниясынын негиздөөчүсү Кадыр Алы, «Өзөн-Ата» сыр заводунун негиздөөчүсү Бакыт Тууганбаев ишкерликти жүргүзүүнүн тажрыйбаларын, сырларын ортого салып ой бөлүшүштү. Фестивалдын катышуучулары өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Фестивалда жергиликтүү өнөрпоздор шаң кошушту.

Бирок, жергиликтүү бийлик башчылары, ЖИАнын Таластагы өкүлчүлүгү адамдарды жер-жерлерден азыраак алып келгени байкалып, М.Мураталиев район акимдеринин 1-орун басарларына эскертүү жасады. Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *