Үзүлбөгөн үмүт, күттүргөн сыйлык…

Жазып алган Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


   Жамалбек Досматов – ардагер мугалим. Эмгек жолун 1948-жылы Чолпонбай айылындагы Тельман мектебинен баштаган. Кийин Жоон-Төбө, Нылды, Чымгент ж.б. айылдардын мектептеринде башталгыч класстын мугалиминен тарта, тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеген. 1990-жылы Чымгент айылындагы 8 жылдык мектепте иштеп жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан. Тагыраак айтканда, Жамалбек Досматов 40 жылдан ашуун убакыт агартуу тармагында эмгектенип, өз учурунда нечендеген муунга билим-тарбия берген.

Өзүн Жамалбек Досматовдун жакын тууганымын деп тааныштырган Жашарбек Курманалиев ардагер мугалимдин өмүр баянын, канча мектепте канча жыл иштегенин далилдеген кагаздарын көтөрүп алып редакциябызга келген экен. “Ж.Досматов өмүр бою билим берүү тармагында иштеген. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, азыркы учурда 89дун чайын ичип, небере-чөбүрө жетелеп, маңдайыбызда. Бирок менин айтайын дегеним, ал өмүрүнүн көбүн, жаштыгын мугалимдик кесипке арнаган. Өз кесибин ардактап, сүйүп, берилип иштеген. Бардык күч-кубатын элге, элдин уул-кыздарына терең билим берүүгө жумшаган. Анын талыкпас, үзүрлүү эмгеги тууралуу бүтүндөй айылдын, райондун эли билет. Ошондуктан, жыл сайын облуста чогулуш өтүп, мугалимдер күнүнө карата ага “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими” наамын ыйгаруу боюнча токтом чыгарып, жогору жактагыларга сунуштама жиберишет. Бирок, эмнегедир жыл сайын эле берилбей келет. Андан кийинки келген жаш мугалимдер сыйлыктарга ээ болуп жатканын көрүп жатабыз. Ардактуу эс алуудагы ардагердин 40 жылдык эмгеги үчүн сыйлык берип коюшса, куба нып калар элек”, – дейт Ж. Курманалиев.

Анын айтымында, Жамалбек Досматовго “КРнын Эмгек сиңирген мугалими” наамын берүү боюнча алгачкы демилге 1988-жылы Жеңижок атындагы орто мектептин педагогикалык кеңеши тарабынан көтөрүлгөн. Андан сырткары, 2012-жылдагы Чымгент айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Асанбеков да анын сыйлыкка татыктуу экенин түшүнүп, жалпы чогулуштун жыйынтыгында токтом кабыл алган. Ошол эле жылдын 16-январында Талас облусунун Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, акимдин милдетин аткаруучу Т.Наралиев дагы Ж. Досматовго наам берүү боюнча токтом кабыл алган. Ошондой эле, өткөн жылдын 25-октябрында дагы мамлекеттик администрациянын жыйналышында талапкердин эмгектери эске алынып, “КРнын Эмгек сиңирген мугалими наамына” татыктуу деп табышкан. Бирок сыйлык берилген эмес. Жакшылыктан үмүт үзбөгөн агайдын жакындары, Жамалбек Досматовдун агартуу тармагындагы сиңирген эмгеги зор, мээнети көп экенин айтып, аталган сыйлыкка татыктуу деп эсептешет.

Ж.Досматов 1930-жылы 15-январда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районун Чымгент (азыркы Чолпонбай) айылында туулган. Ал буга чейин “Кыргыз ССРнин Эл агартуунун отличниги”, “Ага мугалим”, “Кыргыз СССРнин Жогорку советинин, Министрлер советинин”, “ВЦСПСнин Ардак грамотасы ж.б. сыйлыктарга ээ болгон.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *