Ыр дервиши

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


«Адам өттү…
Бар беле, же жок беле?
Ың-жыңы жок. Айталасың башка не?
Жарыкчылык күкүмүндөй «чырт» этти,
Жашадыбы? Жашаганбы жокпу же?

Ага чындап болгон да жок жан ачуу,
Ал турмушту жал-жал этип карачу.
Бир көчөнүн Бабаканы болсо да,
Бирок, жалгыз Алыкулдай жашачу…»

Акын Алик Акималиевдин ырларын окуган сайын, ал ырларынын дээрлик баарын жалгыз өзүнө арнагандай, тагыраагы будуң-чаң жашаган акындын аялуу тагдырына арнагандай, өз тагдырын, акындын тагдырын жазгандай туюла берет. Жогорудагы ыр саптарын да,сыягы өзүнүн көзү тирүү туруп, өзүнө арнап, өзүнүн акындык автопортретин тартып жазып кеткендей…

Акындын ташты козголоп оргуган булактай көк кашка тунук ырлары, күндүн шооласындай жүрөк жылыткан ыр саптары үчүн, анын айрым акылга сыйбаган да кылыкжоруктарын кечирип, мындан ары эстесек да, жылуу эскеребиз деп ойлойм. Аликте мына ошондой, теңтуштар арасында гана эстей турган, көпчүлүк элге айтпай турган жоруктары көп эле. Жаткан жери жайлуу болсун, эгер мына ошондой чартылдаган, оргу-баргы мүнөзү болбогондо, андан кылычтын мизиндей курч, шилтегенин шылып түшкөн ырлар жаралмак эмес.

Алик Акималиевдин акын катары эрдиги – анын мүнөзү канчалык оргу-баргы, жөнөкөй акыл-эске сыйгыс болбосун, СССР урап, заман аңтар-теңтер болуп, далайлар кантип жан багам айласын таппай, ырды таштап койгондо да, ырын таштаган жок. Эл узун акчанын артынан түшүп, эс-дарты кантип байысам деген заманда, ал ырдын артынан кубалады, башкалар байлык топтоп жатканда, ал ыр жазып жатты. Анын эрдиги, адамдык бийик парасаты да мына ушунда.

Жаңылбасам, акыркы жыйырма жылда ал эч жерде туруктуу деле иштеп, айлык тапкан жок болуш керек. Анын жашоо образын көрүп, көптөр аны жактырбай караганын да билем. Далайларыбыз сын таккандырбыз, далайларыбыз ага тыңсынгандырбыз, бирок, биз бир гана нерсени түшүнгүбүз, моюнга алгыбыз келген жок. Акындык тагдыр – колуна калем кармап, ыр кубалаган адамдан көп нерседен кечүүгө мажбур кылат. Ансыз адам чыныгы акын болушу кыйын. Акын болуш үчүн адам үйбүлөсүнө да жаман көрүнүшү мүмкүн. Достору, туугандары аны түшүнбөй артынан ар кандай кептерди айтышы да турулуу иш. Антсе да, мезгил, убакыт өзү кимдин ким болгонун, кандай жашаганын, кандай адам болгонун таразалап коет. Акындар дервиш болуп, үй-жайдан кечип, жер кезип кеткен мезгилдер болгон.

Алик Акималиев азыркынын дервиши болчу. Алик Акималиевдин “АДАМДЫ ЭЧ ЖАМАН ДЕБЕГИЛЕ” деген ыры да өзүнө арналган, бул ырында да өзүнүн тагдырын жазган. Ушундан улам, ал ар бир ырында адамдар анын акындык тагдырын түшүнсө экен деген ыклас кылган, адамдардын тагдырын өз тагдыры менен жуурулуштуруп сүрөттөп отурган десек эч жаңылышпайбыз.

“Түрмөнүн түбүндө да адам жатат,
Жабышкан өрттөй жалаа өрттөп жанын,
Шамшардай сөз миздерин жалаңдатат.
Көтөрүп көкүрөктө шам билигин,
Көңүлүн, ниетин зэктин ким агартат?!

Адамды эч жаман дебегиле,
Жаман сөз айтпагыла дарегине.
А балким, карап турган көзүң жаман,
А балким, сөөккө жеткен сөзүң жаман.
Нерв, кокустук, кыял жаман.
Акыйлашкан аймаңка мүнөз жаман,
Адамды өлтүрүүдөн кайра тартпайт,
Кылдай бети кызарып уялбаган.
Ууктуруп ушак сөздөр учкан сайын,
Башымды көтөрүп мен араң барам.

Адамды эч жаман дебегиле,
Жаман сөз айтпагыла дарегине.
Адам сен, билсең өзүң кадыр-баркың,
Падыша сага башын иер эле.
Тирденип, оңдосоң өз пейил-куюң,
Тиран да кол куушуруп келер эле.
Акын да, гений да,
Улуу жалгыздык да
Сен менен сүйлөшкө зар болор эле.

Адамды эч жаман дебегиле,
Жаман сөз айтпагыла дарегине
Адамдын тийбегиле ыйыгына,
Адамдын тийбегиле жүрөгүнө!!!»
(“Адамды эч жаман дебегиле”)

Алик Акималиев менин жактоомо же мактоомо муктаж эмес, анын өмүрү жана чыгармачылыгы, адамдык жана акындык сапаттары тактоого муктаж. Дегеним, аны түшүнүп, чыгармачылыгына колдоо көрсөткөндөр канча болсо, тескерисинче ага мыйыгынан күлүп, артынан шылдыңдай карагандар ошончо болчу. Бардыгыбыздай эле, ал да мактоону сүйчү, аны кыйды карагандарды да көрүпбилип турчу, бирок алардын мыйыгынан күлгөнүнө жаны ачып турганын көрсөтпөгөнгө, билдирбегенге аракеттенчү.

Өзү да мактоого март эле, өзүнүн чыгармачылыгын колдогондорду оозунан түшүрбөй, баскан-турган жерде көкөлөтүп мактай жүрчү. Иралды, эсил кайран Бекмамат Осмоновду мактачу. Анан «Чыныбай досум (акын, ишкер, депутат Чыныбай Турсунбеков), айттырбай-дедирбей ай сайын ун жеткирип берет. Ай сайын чакырып, колума акча да карматат» дечү бапыраңдап. Антип анын талантын сыйлап колдоо көрсөткөндөр көп болчу. Бир тууган Сарпашевдер, О.Артыкбаев, Ү.Шабданов, Т.Мадияров… Аты аталбай калгандар таарынбас. Чыгармачылык менен кенен-чонон иштеп, үзгүлтүккө учуратпай, улам жаңы ыр жыйнактарын чыгарып турганы да анын акындык талантын сүйөп-таяп колдогондор көп болгонунан улам болду көрүнөт.

Мен «Кыргыз Руху» гезитинде иштеп турчуда, ырларын көтөрүп келип, «шашылыш чыгарып бере калчы, кереги тийгени турат» дечү. Анын антип «шашылып» турганы бир топтом ырынын арасына бир арноо ырын кошуп койчу. Акын досум Барчын Бугубаев менен акын Алик Акималиевдин андай арноо ырларынын далайын чыгарып бердим. Ал өзүнүн үстү-башына, кийген кийимине, тагынган галстугуна олуттуу маани берип карабаса да, өзү жазган ырларга өтө чоң жоопкерчилик менен мамиле жасачу. Жадагалса, мына ошол арноо ырларында да халтура жок эле. Саясатчы Үсөн Сыдыковго арнаган “Фазуль-Карыптын олуялыгы туурасында ой жүгүртүү же Үсөн Сыдыкович менен бийлик туурасында маслехат” ыры да мыкты ырларынын катарында турат. Мен ушул ырын чыгарып берсем, Үсөн Сыдыковго барып келгенден кийин жолугуп, ыраазылыгын айтып, «Үсөн акеде акындын жүрөгү бар экен, «ырдын көрүндүгү, кур кол кайтарганым уят, мындан да көп берсем болот эле» деп колуна 200 доллар карматканын айтып, жайдаңдап мактанып алды эле. Ал эч кимге нааразы болчу эмес, Алик бир гана адамга нааразы болгонун билем. Ал – Кубатбек Байболов. Алик жөн жүрбөй, Байболовго китебин тартуулап барган го. Өзү кыргызда тартууну бардык эле адамга жасай бербейт. Колумду уялтпайт го деп, колунда бар гана адамга берет. Колунда бар адамдын да баарына эле эмес, көкүрөгүндө бир нерсе барына, сөздү түшүнөт го, байлыктын кулу болуп калган эместир деп ойлогон адамга берет. Ал убакта, Кубат Байболов депутат эле, аялынын бизнеси да жүрүшүп, «түү» деген түкүрүгү жерге түшпөй турган. Сыягы, ошондо К.Байболов «китебиңди убакыт болгондо окурмун» деп койгон го айтымда, «анда мен да убакыт болгондо келем» деп Алик Акималиев башын бийик көтөрүп басып кетиптир…

Алик Акималиев өзүн «мен гениймин» деп айтчу жана ар бир ыр жазган талапкерден генийди көрчү:

“Чыккан болсоң генийдин атын алып,
Кыйынсынба, үйүңдө жатып алып.
Орното бил адамзат жүрөгүнө,
Эбегейсиз Сөз деген падышалык!

Сен каткырсаң, бул турмуш төгөт заарын,
Жогол, кылжың-мылжың кеп, ушак, чагым.
Кара кылды канжардай как жарбасаң,
Кагаз деген көтөрө берет баарын”.
(Баштооч гениалга. Манассия же ханда жок байлык менде бар. 122-бет)

Берген маектеринин биринде: “Акын деген тозоктун иши да. Анын кыялын түшүнүш кыйын. Ал бирде бала, бирде пайгамбар, бирде император, бирде селсаяк. Керек болсо мен өзүм да акындыкты түшүнө албайм. Аларды адамзат ичине батырып, жердин көтөрүп турганына ыракмат деш керек» деп айтканы бар.

Менин үйүм чала бүткөн, жармы бар…
Тагдырымдай күлкү аралаш кайгы бар.
Төгөрөктүн төрт бурчундай ой камтып,
Төрт сап ырдай төштү мыкчыйт төрт дубал.

Бу турмуштун уу, терс тили маңгытып,
Алдым окшойт жонго түйшүк арбытып,
Аңырайып жатат үйүм чатырсыз,
Аалам жутуп, асман жутуп, ай жутуп…

Көкүрөгүм ачышса да муң жутуп,
Көйгөй мени койсо дагын мүргүтүп,
Кучакташат дүйнө менен жер кепем.
Куса жутуп, кумар жутуп, түн жутуп…

Калсын, мейли, сары барик жаап, боз түшүп,
Менин үйүм, чырак жаксам түндө суук.
Терезеси бүт дүйнөлүк жол карап,
Келеби деп Вийон, Басе, Рубцов,
Чай бералсам жолоочуга калса үшүп…

Өзүм эмес үйүм бүтүп калганда,
Сүйүнүчүм, сүйүүм кулач жайганда.
Баардык жакыр генийлерди, досторду,
Чакырамын бүт дүйнөнү мейманга.
(Менин үйүм. 45-46-беттер)

Адам Алик Акималиевдин материалдык жактан кедей жашаганы акын Алик Акималиевдин толкуп-ташып ыр жазганына, жеке керт башынын эле эмес, өз элинин, мекенинин тагдырын ойлоп, толгонууга эч тоскоол боло алган эмес. Анткени, ал руханий жактан бай акын болгондуктан, жашоого ар дайым оптимизм менен карап, оптимисттик маанайдагы ырларды жазды. Ал өз тагдыры менен гана эмес, атажуртунун тагдыры менен, элдин тагдыры менен жашады. Мындай мекенчил ырларды турмуштун бардык азап-тозогун өз көзү көргөн, жон териси менен сезген жана турмушту терең түшүнгөн акын гана жаза алмак. Анын акын катары духунун бийиктиги мына ушундан көрүнөт. Ал өз турмушундагы көр оокат менен байланышкан кыйынчылыктарга карабай, эч качан башын жерге салып, мөгдөп, жашоого ыйламсырап караган эмес, ал ар качан турмушка тике карап, аны менен күрөшүп жашаган.

Туулгандан бөпөлөгөн,
Тайтайлатып жетелеген,
Турмуш, – Сенин Атаң эмес!
Турмуш, – Сенин Апаң эмес!
(Сен өзүң турмушсуң. 142-143-беттер).

Бул алты сап ырда анын эч качан моюбаган жашоо кредосу, айныгыс жашоо озуйпасы айтылган.

Акын Алик Акималиевдин эң мыкты чыгармаларынын бири – “Герника” поэмасы. Айрымдар, аны ыр менен жазылган роман деп да жүрүшөт. Ырас, “Герникада” романда айтылчу ой камтылган. Анын жанрын роман дейбизби, же поэма дейбизби, мындан аталган чыгарманын наркы кемип калбайт. Акындын “Герникасы” кыргыз турмушуна арналган. А поэманын жаралышына себеп болгон Герника 1937-жылдарга, Испанияга барып такалат. Герника Испаниянын шаары. 1937-жылдын 26-апрелинде фашисттик Германиянын авиациясынын бомбалоосунан кийин жер менен жексенге айланган. Герника шаарынын ошол кара кийген азалуу тагдыры айтылуу П.Пикассонун “Герника” картинасында чагылдырылып, миңдегендердин жүрөгүн селт эттирген. Акындын “Герникасы” кыргыз жергесиндеги соңку чейрек кылымдагы кыйсыпырды, миңдеген адамдардын тагдырын кыйраткан өткөөл мезгилди, авиациянын бомбалоосунан кыйраган шаардай баалуулуктардын кыйрашын сүрөттөйт. …

Анын ырга арнаган өмүрү сая кеткен жок, Алик Акималиевдин өмүрү анын ырларынын өмүрүндөй узак болот, ал тууралуу айтыла турган сөздөр али алдыда демекчибиз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *