Чек арадагы айыл жардамга муктаж

КРнын Премьер-министри М.Абылгазиевге, Билим берүү жана илим министри К.Исаковго

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Ак-Арык айылындагы 862 түтүн үй-бүлөнүн атынан биздин күтүп, сүйүп окуган гезитибиз “Кыргыз Туусу” аркылуу төмөндөгү ачык катты жолдодук.

Лейлек районуна караштуу Ак-Арык айылы Тажикстандын Ж.Расулов районунун Маданият, Селкен, Сада айылдарына чектеш. Ортобузду болгону бир канал бөлүп турат. Чек ара статусу бар болгону менен эч кандай жеңилдиктерди көрө элекпиз. Мугалимдерибизге чек арада иштеп-жашагандыгы үчүн кошумча төлөнүүчү акча берилбей келет. Ак-Арык мектебинде 720 окуучу билим алышат. Окуучуларга жогорку жана атайын орто билими бар 45 мугалим сабак берет.

Биз төмөндөгүдөй себептер менен кайрылып жатабыз. Мектебибиз 1987-жылы пайдаланууга берилген. Ошондон бери бир жолу да капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Буга чейинки болгон жер титирөөнүн кесепетинен биринчиден үчүнчү кабатка чейин дубалдан бармак баткыдай көлөмдө жаракалар кеткен. Кышкысын кар, жазгысын жаан жааганда класстардан тамчы таап, айлабызды кетирип жатат. Жылытуучу мештердин эскилиги жетип, суу түтүктөрү толуп небак чирип кеткен.

Көп жылдардан бери кыш чилдеде жылытуу тутумдары толук иштебей калгандыктан класстарды “буржуйка” мештер менен ысытып келе жатабыз. Класстардын ичи полдонгон эмес. Линолеумдар чирип, жыртылып жок болуп кеткендиктен цемент бойдон турат. Окуучулардын буттары какшап үшүп, цементтин үстүндө окуп жатышкан чагы. Көп жылдан бери биз Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө, Кулунду айыл өкмөтүнө, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясына кайрылып келе жатабыз. Аталган органдар мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче жардам берип жатышат. Тилекке каршы, жергиликтүү бюджеттин тартыштыгынан бул маселе азыркыга чейин чечилбей келүүдө.

Мектеп абдан кооптуу, аянычтуу абалда турат. Ошондуктан барбаган жерибиз, какпаган эшигибиз калбады. Эгерде жер титирөө кайталанса, мектептин дубалдары, чатыры урап түшүп калары анык. Аргабыз кеткендиктен сиздерден жардам суроого мажбур болуп жатабыз. Ак-Арык айылында жашаган 862ден ашык үй-бүлөнүн, мектеп жамаатынын, окуучулардын өтүнүчүн, үзүлбөгөн үмүтүн жерде калтырбашыңыздарды суранабыз.

Экинчи дагы бир көйгөйүбүзгө көңүл бурсаңыздар. Лейлек эң алыскы, кошуна республикалар менен чектеш район экенин жакшы билесиздер. Сугат суунун эгин талааларына жетишсиздиги абдан чоң көйгөйгө айланды. Андан чыккан талаш-тартыштар жыл сайын күчөп, жашоо шартыбыз оорлошуп бара жатат. Анын кесепетинен жергиликтүү эл Бишкек шаарына, Россияга жана башка мамлекеттерге суудай агылып кетип жатышат. Бул процесс токтомок тургай күчөдү. Биз сиздерге бир эле фактыны мисал келтирели. Ак-Арык айылында 43 үй-бүлө үйлөрүн сатыкка коюшуп, кардарларды күтүп жатышат! Бул Кулунду айыл аймагындагы жети айылдын бирөөсүндөгү эле бир көрүнүш. Биз айыл башчынын берген анык маалыматын келтирип жатабыз. Эгерде аталган көйгөйлөр чечилбей, абал оордой берсе, лейлектиктердин келечегине эч ким кепилдик бере албайт. Малды көбөйтүп багайын десе жайыттар абдан тар, эгин айдайын десе суу жок болгондуктан аргасы куруган жумушсуз жаштар айылды таштап, биротоло кетип жатышкан чагы. Ал эми ички жана тышкы миграцияда жүргөн жаштарыбыздын балдары чоң ата, чоң энесинде калып, айылда окуп жатышат. Мына ушул келечек муундун өкүлдөрү ата-бабасы жердеген куттуу Лейлекти таштап кетпесин десеңиздер мектебибизди капиталдык оңдоодон өткөрүүгө каражат бөлсөңүздөр, көйгөйлөрүбүздү чечсеңиздер дейбиз.

Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшекеевич,
Каныбек Абдуваситович, элибиздин акыркы үмүтүн соолутпайсыздар деген үмүтүбүз бар.

Катка төмөндөгүлөр кол коюшкан.

Кенжебек КАРАТАЕВ, Лейлек районуна караштуу
Ак-Арык айылынын айыл башчысы,

Гүлжан АБДРАХМАНОВА, Гүлжигит ДООРАНОВ, Дөөлөтбек МАМАСАЛИЕВ, Жеңишбек ЖАЙНАКОВ, Адалат УМАРОВА,
Кулунду айылдык кеңештин депутаттары,

Арстан ОРОЗБАЕВ, айылдык аксакалдар кеңешинин төрагасы,
Жоробек УЛУКБЕКОВ, мектеп директору,
Каныбек КОЗУКУЛОВ, журналист, педагог ж.б.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *