Талас: Аламанга кеткен айкелдин акчасы качан кайтарылат?

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»


Өткөн жылы Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин демилгеси менен залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелинин бет маңдайына айкөл Манас атанын айкелин тургузуу демилгеси көтөрүлгөн.

Бирок, кайдан-жайдан экени белгисиз бир айкелчи пайда болуп, эч кандай чыгармачылык сынаксыз эле Талас облустук өнүктүрүү фондунан 3,2 млн. сом каралса анын 2, 240 млн. сомун өз эсебине котортуп алууга жетишкен. Ошондон улам өткөн жылдын жайында мен Марат Молдоновичке маселеге өтө олуттуу, дыкат мамиле жасоо керектигин айтып, буга чейин Чыңгыз Айтматовдун айкелинин жасалыш тагдыры кайталанып калбаса экен деген элем.

Анткени 2009-жылы бир айкелчи шаардык мэриядан 350 миң сом акча алып, бирок 2015-жылга чейин сапаттуу айкел жасай албай, көңүлүбүзгө көк таштай тийген. Акыры 2014-жылдын 5-февралында республикалык конкурс өткөрүп, ага тогуз айкелчинин он беш эмгеги катышып, Кебек уулу Нурлан деген айкелчинин долбоору калыстык менен комиссия тарабынан тандалып алынган.

Бул жолу да «катуу кармаш» менен айкөл Манас атанын халтура айкелин токтотууга жетиштик. Атайын түзүлгөн комиссия республика боюнча ондогон айкелчилер катышкан сынакта жыйырма жети долбоордун ичинен эки долбоорду тандап берди.

М.Мураталиев жакында «халтура айкелди жасаган адамдардан 2 млн. 240 миң сомду өндүрүү боюнча аракеттер жасалып жатканын, ал эми Түркиянын Стамбул шаарында Манас атанын айкелин тургузган, сүрөөнчү ишкер инсан Темирлан Сарлыкбек уулу ошондой айкелди Талас шаарына орнотууга эки ай мурда убада бергенин билдирди.

Эми ал ишкер убаданы аткарабы убакыт көрсөтөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *