Акыл-эси жабыркаган адамдарды Кудай жазалаганы аз келгенсип, жазалай элек мамчиновниктер калдыбы?..

КРнын Саламаттык сактоо министри К.С.ЧОЛПОНБАЕВге Көчүрмөсү: “Кыргыз Туусу” басма үйүнүн директору – башкы редактору Э.Т.БАЛБАКОВго

Урматтуу Космосбек Сариевич!

КРнын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине келген Э.Т.Балбаковдун кайрылуусун сиздин карооңузга жиберебиз. Маселени карап, жыйынтыгын комитетке жана “Кыргыз Туусу” гезитинин редакциясына билдирип койсоңуздар.

Урматтоо менен комитеттин төрагасы Гүлкан МОЛДОБЕКОВА

КРнын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы Г.С.МОЛДОБЕКОВАга

Көчүрмөсү: “Кыргыз Туусу” басма үйүнүн директору – башкы редактору Э.Т.БАЛБАКОВго

Урматтуу Гүлкан Сакиновна!

“Кыргыз Туусу” гезитинде Психикалык ден соолуктун республикалык борборундагы күндүзгү стационардын жабылгандыгы тууралуу жарыяланган маалыматка КРнын саламаттык сактоо министрлиги төмөнкүдөй жооп берет.

2018-жылдын 1-мартында кабыл алынган №119 номерлүү КРнын Өкмөтүнүн “2018- 2030-жылдарга калктын психикалык ден соолугун сактоо” жөнүндө программасын ишке ашыруу максатында, тактап айтканда Саламаттык сактоо министрлигинин 27.12.2018-жылдын №900 номерлүү “Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын алкагында психикалык бузулуу оорусу менен бейтаптарга кызмат көрсөтүү үчүн психикалык ден соолук кызматынын ишмердүүлүгүн оптимизациялоо” менен психикалык бузулуу оорусу менен кайрылган бейтаптарга психикалык жардамдын альтернативдүү формасын өнүктүрүү буйругу чыккан.

Бул буйрукка ылайык, ар бир үй-бүлөлүк медициналык борбордо психиатр дарыгер, психолог, патронаж медайымы жана медайым кабинетинен турган мультидисциплинардык команда (МДК) түзүлгөн. Азыркы күндө республика боюнча МДК түзүү иштери жүрүп жатат.

Психикалык жардамдын жогоруда аталган формасы киргизилген убакта, күндүзгү стационардын кызматын МДК адистери баштапкы медициналык-санитардык жардамдын алкагында аткарып, күндүзгү стационарга муктаждык болбойт.

Күндүзгү стационардын жабылышы долбоор болуп эсептелип, мультидисциплинардык формада медициналык кызмат көрсөтүүнүн өнүгүшүнө байланыштуу. Азыркы тапта күндүзгү стационарды жабуу каралган эмес.

Стат-катчы К.Т.Шадыханов

РЕДАКЦИЯДАН: Жазуучу Кубатбек Жусубалиевдин “Муздак дубалдар” деген романы бар. Депутат Г.Молдобекова менен стат-катчы К.Т.Шадыханов окуган чыгар деген ойдобуз. Жазуучу мына ошол чыгармасында куду ушу бүгүнкү турмушубузду жазып койгон экен. Биз бүгүн кайда барбайлы муздак дубалдарга урунгандай болобуз. “Акыл-эс саламаттыгы начарлаган адамдар акыйкат издейт…” деген макалада: “Министрлик саламаттык сактоо реформасын жасагысы келгенине, саламаттык сактоо тармагында оптималдаштыруу жүргүзүп жатканын каршы эмеспиз. РПДСБнын күндүзгү стационар бөлүмү жоюлуп, анын кызмат көрсөтүүсүнөн пайдалангандар ҮБДБнын кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланганда эле, саламаттык сактоо тармагы оптималдашып, реформа жүрүп кетеби? Арийне, жок. Акыл-эс саламаттыгынан жабыркаган, коргоосуз 100 адам көчөдө калат. Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн “бөрк ал десе баш алган” саясаты менен КРнын «Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамын бузуп, акыл-эс саламаттыгынан жабыркагандарга психиатриялык жардам көрсөтүп, алардын укугун коргоого кепилдик берүү ордуна аны бузууда. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети бул маселени жакынкы күндөрдөгү күн тартибинде карашы керек. Себеби, мыйзам бузулуп жатат, болгондо акыл-эс саламаттыгы начарлаган адамдардын укугун коргогон мыйзам бузулуп жатат.

Өз кезегинде, саламаттык сактоо министрлиги РПДСБдагы күндүзгү стационарды жабууну максат кылган, мыйзамга каршы келген жана акыл-эске сыйбаган саясатынан баш тартууга тийиш. Реформага жамынып, бүтүлүү нерсени бүлдүрүп отуруп, чекебизге мүйүз чыга элек, саламаттык сактоо тармагындагы бардык көйгөйлөр жалгыз ушул РПДСБдагы күндүзгү стационарды жабуу менен чечилип калбайт.

Акыл-эс саламаттыгынан жабыркагандар үчүн РПДСБдагы күндүзгү стационар психиатриялык кызмат көрсөтүүчү гана жай эмес, бул жер алар үчүн бири-бири менен сүйлөшө ала турган, өз ара жардамдашкан, бири-бирин соороткон, көңүлүн көтөргөн жай. Алар бул жерден өздөрүн толук кандуу адам катары сезишет, психиатр, психолог врачтар, социалдык кызматкерлер менен сүйлөшүп, кесипкөй кеңеш алышат. Эгер, бул жай жабылса, алар мына ушул бири-бири менен жаш баладай баарлашкан кичинекей кубанычтарынан ажырайт. Бул эң жөнөкөй, эки жерде эки төрт дегендей эле нерсе. Министрликтин акыл-эстүү саясаты акыл-эс саламаттыгынан жабыркагандарды ошол кичинекей кубанычынан ажыратканы турат. А акыл-эс саламаттыгынан жабыркагандар калктын эң аялуу катмары экенин, алар көп учурда өздөрүн өздөрү коргоп калууга мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин айтып отуруунун кереги жок” деп жазганбыз. Сыягы, аны саламаттык сактоо министри К.Чолпонбаев да, бизге жооп жазган статс-катчы К.Шадыханов да окубаса керек. ЖКнын комитет башчысы Г.Молдобекова да кайдыгер караптыр.

Адатта, “короз кыйкырбаса да таң атат” деген кеп бар. Министр К.Чолпонбаев психикалык жактан жабырлаган адамдар дарыланган күндүзгү стационарды жаап салабы же жаппай коебу, саламаттык сактоо тармагында реформалар болуп келген, эми да улана берет. Биз айтаар сөзүбүздү айттык, психикалык жактан жабыркаган адамдар алдында да, коомчулук алдында да абийирибиз таза. Министрлик буйрук чыгарып, чечим кабыл алган соң, болор иш болуп, боёгу каныптыр. Эми айтканда не, айтпаганда не, муздак дубалдарга тийип кайткан сөз сыңары, айтканыбыз талаага кетиптир… Эми эки ортодо психикалык жактан, же тагыраагы акыл-эси жабыркаган адамдарга эле убал… Аларды Кудай жазалаганы аз келгенсип, мамчиновниктер жана алардын эч кимге пайдабатасы жок реформалары жазалап жатканы өкүнүч жаратат…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *