ЕАЭБде эң жогорку өндүрүштүк өсүштү Кыргызстан камсыздады

Эрнис БАЛБАКОВ, «Кыргыз Туусу»


Кыргызстанда 2010-жылдан 2018-жылга чейин 8 премьер – министр алмашкан. Кайсы бир саясатчынын же саясий топтун кызыкчылыгы үчүн жыл сайын Өкмөт өзгөрүп отуруп, өнүгүүбүзгө бир топ эле кедергисин тийгизди. 2018-жылдын 20-апрелинде министрлер кабинетин Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеп баштагандан бери 1,5 жылдан ашты. Парламентте “Өкмөттү кетирмей” өнөкөт оорусун карматкысы келгендер дагы деле чыгып атты бирок, “туруктуу экономикалык өсүш үчүн – туруктуу Өкмөт керек” деген позицияны Президент дагы, парламенттеги көпчүлүк депутаттар дагы бек кармашты. Президент Сооронбай Жээнбеков менен Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин ортосундагы бекем ишеним, өлкөбүздүн өнүгүшү боюнча ачык, так позициялары жакшы жыйынтыктарды көрсөтө баштады.

Баарына мезгил тараза эмеспи. Салыштырып көрсөк, 2017-жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы 17,4 млрд. сом болсо, 2018-жылы бул көрсөткүч 6,19 млрд. сомго түшкөн. Тартыштык 11,9 млрд. сомго азайган. Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттар үчүн ачылган атайын эсепке 2 млрд. сомго жакын каражат түшкөн. Анын 800 миллион сомуна 15 мектептин курулушу жүрүүдө. “Кепилдик фондунун” уставдык капиталы 1,1 млрд. сомго жетип, “Жеткиликтүү турак жай” долбоору менен 16 миңден ашык жаран үй-жайлуу болушту. Салынган жолдор, санариптештирүү, таза суу, ирригация жана башка ушул сыяктуу көңүл жылыткан ийгиликтер өлкө башчы менен өкмөт башчынын биргелешкен ырааттуу иштеринин натыйжасында болууда.

“2019-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку өндүрүшүк өсүштү 14 пайыз менен Кыргызстан камсыздады” деп Евразиялык экономикалык комиссия өз отчетун жар салды. Бул жыйынтык жогоруда айтылгандар куру сөз, кургак цифра эместигин дагы бир ирет айгинелеп койду.

Ошондой эле өткөн айда Москва шаарында өткөн “Евразия экономикалык интеграция” аттуу XIV эл аралык конференцияда Россиянын Экономикалык өнүгүү министринин орун басары Михаил Бабичтин “Алгачкы беш жылдыктын жыйынтыктарын чыгарсак, ЕЭАБ өлкөлөрү алдыдагы чакырыктардан ийгиликтүү өтүүдө. Муну биздин өлкөлөрдөгү ИДПнын өсүшү жана башка көрсөткүчтөрдөн байкасак болот. Баса, ИДПнын өсүү деңгээли боюнча 106 пайыз менен уюмдун жаш мүчөлөрү Кыргызстан менен Армения ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң алдыга озушту” – деген сөзү да бийликтин туура жолдо бара жатканынын бир мисалы боло алат.

Өткөн жумада Жогорку Кеңеш өлкөбүздүн келерки жылдагы бюджетин бекитип берди. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев келерки жылы аткезчиликке жана көмүскө экономикага каршы катуу сокку ураарын, бул өз кезегинде өлкө экономикасына сезилерлик жылыш алып келерин айткан ишенимдүү сөзү жалпы элге жагып турду.

– Көптөр капиталдын агып чыгышына жана инвестициялардын көлөмүнүн төмөндөшүнө тынчсызданып жатышат. Бирок мен кыйын шарттар болсо да, биз тартылган инвестициялардын көлөмүн сезилерлик көбөйтүүгө жетишип жатканыбызды белгилеп кетким келет. Быйылкы жылы болуп өткөн саясий окуялар сиздерге белгилүү. Бизнестин кызыкчылыгын коргоо оңой болбогондугун билесиздер. Үстүбүздөгү жылы биз көргөн чаралардын натыйжасында алгачкы жолу экспорттун көлөмү көбөйүп, импорт, тескерисинче, азайды. 2019-жылы рекорддук сандагы – 100дөн ашуун мектеп курулду. 708 км жол салынды, анын 431 чакырымы асфальттанды. Биринчи жолу бир учурда 120 миң мугалимдин айлык акысы жогорулатылды. Мунун баары биз тандаган саясат өз жемишин берип жатканын жана анын тууралыгын айтып турат. 2020-жылы Өкмөттүн өнүктүрүү боюнча пландары көп. Биринчи кезекте – бул биздин экономиканын өнүгүүсү аткезчиликке көмүскө экономикага каршы күрөшүү. Биз бул иш-аракеттер аркылуу жарандардын ишенимин актоого тийишпиз. Биргелешкен күч-аракетибиз аркылуу Кыргызстан жакынкы келечекте гүлдөпөнүккөн өлкөлөрдүн бири болушуна умтулабыз деп ишенем – деди Өкмөт башчы.