Кырсыктан жапа чеккендерге ӨКМдин атайын эсебине 47 млн. сом түштү

Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда жаратылыш кырсыгынан жапа чеккендерге ачылган эсепке  23 млн.
сомдон ашык каражат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми жер көчкүдөн жабыркаган Өзгөн районундагы Аюу айылынын тургундарына жардам берүү үчүн ачылган эсепке 24 млн. сом чогулган.

Эскерте кетсек, табият кырсыгынан жабыркагандарга жардам берүү максатына ӨКМ атайын эсеби ачылган.