Таштанды өртөгөндөргө айып салынды

Таштанды өрттөгөндөргө, өз ээлигиндеги жерлерди тазалабаганы үчүн шаар тургундарына 4 млн. сомдон ашуун айып салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, санитардык-экологиялык инспекция 15-майдан 30-ноябрга чейин Бузуулар тууралуу кодекстин 70, 71, 119, 119-1 жана 120-беренелери боюнча 453 протокол түзүп, ал боюнча жалпы 4 млн. 102 миң 500 сом айыппул салынган.

«Негизинен жарандарга өз ээлигиндеги жерди тазалабаганы, желим, таштанды күйгүзгөнү үчүн айып салынган», — деп айтылат маалыматта.