Арзыбек Кожошев Финансы рыногун жөнгө салуу кызматына төрага болду

Арзыбек Кожошев Өкмөткө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды.Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Белгилей кестек, Кожошев 2017-жылы Экономика министри кызматынан кеткен.