УКМК: Азаттыктын журналисттери скайп менен сурак бере албайт

Азаттык» радиосунун эки журналисти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине  суракка келиши керек. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Ишкер Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча УКМК мекемелер аралык тергөө тобун түзүп, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали (Али) Токтакуновдун жана Ыдырыс Исаковдун катышуусу менен тергөө аракеттери өткөрүлүүгө тийиш.

«2-декабрда “Азаттык Медиасынан” келген катта аталган журналисттер чет өлкөдө жүргөндүгүнө  байланыштуу скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүү даярдыгы белгиленген. Бирок, Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары болгон адамдын катышуусу менен скайп аркылуу, же башка техникалык байланыш режиминде тергөө аракеттеринин өткөрүлүшү Жазык-процесстик кодексинин 194-беренсине (дистанциялык суракка алуу) дал келбестигин белгилейбиз», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мурдараак суракка журналисттерден сырткары, Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Торокулов, экс-депутат Ширин Айтматова, жарандандык активисттер, Президентитин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар суракка чакырыла турганы маалымдалган.