Азаттыктын иликтөөсү боюнча Бажы кызматы комментарий берди

3-декабрда «Kloop.kg» жана «Азаттык» интернет-басылмаларынын “Көмүскө курьерлер. Миллиондогон долларлар кантип Кыргызстандан ташылып чыгууда” аттуу макаласы жарыяланган.

Анда, бажы кызматынын мурдагы кызматкери Самат Исабеков: “Бардыгы буга көз жумушкан. “Манас” аэропортунан акча туруктуу чыгып турганын биз өз көзүбүз менен көргөнбүз. Биз жазаган видео, буга далил боло алмак” — деп билдирген.

Бул боюнча Мамлекеттик бажы кызматы комментарий берди.

Мекеменин тараткан маалыматында, «ЕАЭБдин Бажы кодексинин 260-беренесине ылайык, Бирликтин бажы аймагына бир жолку киргизилишиндеги же Бирликтин бажы аймагынан бир жолку чыгарылышындагы накталай акча каражаттарынын жана (же) жол чектеринин жалпы суммасы бажы органына жүргүнчүнүн бажы декларациясын тапшырган күндөгү валюталар курсу боюнча эсептелген 10 000 АКШ долларынан аша турган болсо мындай накталай акча каражаттары жана жол чектери бажылык декларацияланууга тиешелүү», — деп жазылган.

Ошондой эле мекемеден кандайдыр бир бажы төлөмдөрүн төлөө ЕАЭБдин бажы мыйзамдары менен каралбагандыктан, макаланын “өлкөнүн бюджети бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн жоготту” деген оюн берүүсү чындыкка дал келбей турганын билдирген.

Ал эми С.Исабековдун билдирген пикири боюнча мекеме «С.Исабеков бажы кызматында жетишээрлик убакыт иштеп, ушундай жөнөкөй ченемдерди билбей, коомчулукту атайын адаштырып жатканы таң калтырат», — деп кошумчалаган.