5 айда 27 млрд. сомдон ашык салык чогулду

Ушул жылдын январь-май айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 27 млрд790 млн 9 миң сом салык чогултулду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коюлган план 100,2 пайызды түзүп, 66,5 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 10,5 пайызга жогорулаган. Ошол эле учурда сатуу салыгын кошпогондо келип түшүү 18,2 пайызга көбөйгөн.