М. АБЫЛГАЗИЕВ: «10 миң жумушчу оруну түзүлөт»

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна иш сапар менен барып, «Ат-Башы» индустриялык-соодалогистикалык борборунун пайдубалына капсула салуу аземине катышты.

«Логистикалык борбордун курулушу – бул масштабдуу долбоор, Борбор Азия аймагындагы заманбап жана ири борборлордун бири болот. Мунун социалдык-экономикалык мааниси чоң. Логистикалык борбордун курулушу менен бери дегенде 10 миң жумуш оруну түзүлүп, бул орундардын 90% биздин жарандарга берилет», — деди Премьер-министр.

«Бул долбоор Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын, ошондой эле эки мамлекеттин башчыларынын достук мамилесинин натыйжасынан улам жүзөгө ашырылууда. Мындай масштабдуу долбоор тууралуу Советтер Союзу ыдырап жаткан учурда айтылган, бирок азыр турмушка ашып жатат. Бүгүн ишке киргизилип жаткан долбоор – кыргыз эли менен кытай элинин достугунун жана өз ара ишениминин айкын мисалы», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Ат-Башы» индустриялык-соода-логистикалык борборунун долбоордук курулушу 275 млн. АКШ долларына бааланууда. Курулушу аяктагандан кийин анын жалпы аянты 400 гектарды түзөт. Биринчи баскычта 1000 киши жумуш менен камсыз болот. Долбоордун инвестору Лю Ин жана Эмилбек Абдыкадыров негиздеген «Ат-Башы» Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» болуп саналат. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы жер тилкеси курулушка 49 жылдык мөөнөт менен ижара шартында берилген.

Индустриалдык-соода-логистикалык борбор өзүнө тиешелүү транспорттук-логистикалык, социалдык-тиричиликтик, административдик-ишкердик инфраструктурасы бар жана өзгөчө укуктук режимдүү соода-көргөзмө комплекстерин камтыйт.

* * *

Премьер-министр иш сапардын алкагында Нарын облусундагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү жайына барды. Анда инспектордук-текшерүү комплексин ишке берүү салтанатына катышты.

«Жаңы автоматташтырылган система жүктөрдүн декларациясын туура эмес толтуруу, бажы чек арасы аркылуу товарлардын өтүүсүнүн ылдамдыгынын төмөндөөсүн алдын алат. Ошондой эле коррупциялык тобокелчиликтерди жоюуну шарттайт. Биз бул үчүн бажы тармагындагы кызмат көрсөтүүнү санарипке өткөрүүдөбүз жана адам факторун жоюп жатабыз. Учурда бардык бажы посттору заманбап техникалар менен этап-этап болуп жабдылууда. Көпчүлүктү күмөн санаткан иштердин ачык-айкындуулугун жалпыга көрсөтөт. Чек арадагы абалды реалдуу убакыттагы режимде карап турса болот», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ата мекендик экономика үчүн гана эмес, жалпы эле Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн экономикасы үчүн да маанилүү ролду ойнорун белгиледи.

«Өткөрмө-көзөмөл жайларын заманбап техника менен жабдуу Кыргыз Республикасынын интеграциялык биримдикке кирүү «Жол картасында» каралган. Биздин өлкөнүн Евразия биримдигине катышуусу оң натыйжаларды берип жатат. Өткөрмө пункттар эң алдынкы заманбап техника менен жабдылып жатканын көрүп жатабыз. Бул өлкөдөгү экинчи инспектордуктекшерүү комплекси. Үчүнчү өлкөлөр менен чек арада бардыгы болуп 6 комплекс орнотулмакчы. Биринчи кезекте биз товар жүгүртүү жылына 2 млрд. АКШ долларын түзгөн Кытай Эл Республикасы менен чек арада комплексти орноттук. Биздин чек ара аркылуу эмне өтүп жатканын билген маанилүү. Анын үстүнө бул Евразия экономикалык биримдигине ачылган дарбаза», — деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Табылды Акеров, серепчи: “Экспортко жол ачылат”

Жеке менин пикирим боюнча, соода-логистикалык борбордун курулушу Кыргызстандын товарларын Кытайга экспортко чыгарууга эң чоң мүмкүнчүлүк болуп берет. Мисалы, Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда 20 млн. ашык мусулмандар бар. Ошолор үчүн адал эттерди экспортко жөнөтсөк болот. Андан сырткары, Кытай “клейковина” деген унду абдан жакшы алышат экен. Чүйдөгү, Таластагы, Ысык-Көлдөгү дыйкандарыбыз буудайдын дал ушул түрүн өстүрүүгө багыт алышса болот. Бир сөз айтканда, эт, тери, буудай, алма, өрүк, алча ж.б. товарларыбызды экспорттоого кенен жол ачылат.

Семетей Талас уулу, журналист: «Колдоого алаарлык көрүнүш»

“Ат-Башы” индустриялык-соода-логистикалык борбору белгиленген план боюнча курулуп, айтылган жумушчу орундар түзүлсө, Нарын эли үчүн абдан жакшы болот. 10 миңдей жумушчу орундары түзүлүп, анын 90 пайызын чын эле жергиликтүү тургундар түзсө, бул колдоого аларлык көрүнүш. Борбор өз максатына жетип, карапайым калктын жашоо-шартын жакшыртууга чоң салым кошот деп үмүттөнөм.

“Торугарт” көзөмөл өткөрүү пунктунда рентген аппараттардын коюлушу менен бажыканалардагы контрабандаларды токтотууга болот. Мыйзамсыз товар ташуулар токтоп, ЭАЕСтин мүчөлөрү бажы салыктарын төлөп баштаса, бул жерде Эркин экономикалык зоона ачылышы мүмкүн.

Бир гана жагдай, Өкмөт Кытай инвестору Лю Инге 400 гектар жерди 49 жылга ижарага берип жатат. Бирок, ошол жер кайсы тилкеден кайсы тилкеге чейин экени так, даана көрсөтүлүп жазылганы маалым болсо, элдин көңүлү тынч. 49 жылдан кийин келишимдин биз билбеген жактары чыгып калбаса деген тилек.

А.Акимбаева