Акын-жазуучулар «өгөй баладан» «өз балага» айланмай болду

Кечээ, 12-декабрь – адабият күнүндө, А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди.

Салтанатты маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары К.Има­налиев ачып, куттуктоо сөз сүйлөдү жана салтанатты алып барды. Президент С.Жээнбековдун куттуктоосун Президенттин кеңешчиси, жазуучу С.Раев окуп берип, ал өз сөзүндө мамлекет башчы тарабынан быйылкы жылдан тартып, жыл сайын чыгармачыл уюмдарга 2-3 млн. сом тегерегинде грант бөлүнүп бериле турганын жана Кыргыз Улуттук жазуучулар үйүн чыгармачыл уюмга башоту менен берүү же башка бир имарат таап берүү маселеси каралып жатканын баса белгилеп кетти. Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси С.Ибраев төраганын атынан куттуктоосун окуп берди. Салтанатта Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков чыгармачыл уюмдун алдында турган маселелерге токтолду.

Кыргыз калемгерлеринин чыгармачыл уюму 1927-жылы уюшулган Кыргыз борбордук педтехникумундагы чыгармачыл жаштардын «Кызыл учкун» адабий ийриминин негизинде, 1930-жылы Пролетарлар жазуучуларынын кыргыз ассоциациясы болуп түзүлгөн. ВКП(б) БКнын 1932-ж. 23-апрелдеги “Адабий-көркөм уюмдарын кайра куруу жөнүндө” токтомуна ылайык, ВКП(Б)нын Кыргыз обкому 1932-ж. июнда Кыргызстан пролетар жазуучуларынын ассоциациясын кайра түзүү жөнүндө чечим чыгарган. Ошол эле жылы жазуучулардын туңгуч конференциясы чакырылып, 36 жазуучуну бириктирген Кыргызстан Жазуучулар Союзунун уюштуруу комитети түзүлгөн. 1933-жылы Кыргызстан Кеңеш жазуучулар союзу, 1934-жылы Кыргызстан жазуучулар союзу деген аталыш менен кайра уюштурулган.

Эсил кайран Союздун тушунда Аламүдүн районундагы «Арашан» чыгармачыл үйү жазуучулар союзуна караштуу болгон. Кийин аны менчиктештирип кетишкен. Убагында союзга караштуу болгон «Ала-Тоо», «Литературный Киргизстан» адабий-көркөм, коомдук-саясий журналдарын, «Кыргызстан маданияты» гезитин “кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” жылдарда кыймылсыз мүлктөрү менен кошо булар да жеке колдорго өтүп кеткен.

2000-жылдарда Союзга “Улуттук” статус берилген. 2011-жылдын 7-июнунда Улуттук жазуучулар союзунун кезектеги съезди өткөрүлүп, уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, Улуттук жазуучулар чыгармачылык союзу болуп каттоодон өткөн. Учурда 600дөй мүчөсү бар. Проза, поэзия, драма, котормо, улуттар адабияты, адабий сын, балдар адабияты, жаштар чыгармачылыгы боюнча секциялар иш алып барат. Бүгүн УИАнын жыйындар залында Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун кезектеги съезди өтүүдө.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”