Президент Касым-Жомарт Токаев: «Мен эл тагдырына боору ооруган ар бир жаранга зор ишеним артам»

Казакстандыктар 16-декабрда республиканын Көз карандысыздыгынын күнүн белгилешет. Эгемендиктин жыйырма сегизинчи жылы боордош мамлекет үчүн өзгөчө болду. Бүткүл элдик шайлоо аркылуу өлкө калкы жаңы президенттүү болушту. Жогорку бийлик мыйзам жолу менен трансформацияланды. Президент Касым-Жомарт Токаев кызматына киришкен соң, Тунгуч Президент – Эл башчы Нурсултан Абиш уулунун жолун андан ары жалгаштырарын маалымдады. Н.Назарбаев бир катар ыйгарым укуктарын сактап калды. Улут лидеринин бул укуктары учурда жаңы президенттин ишмердигине жардамын тийгизүүдө.

Казакстан парламентинин кош палатасынын биргелешкен жыйынында сүйлөгөн сөзүндө К.Токаев : “Отуз жылга жакын убакыт мурда элибиз өзүнүн Көз карандысыздыгын жарыялап, бабаларыбыздын кылымдар бою эңсеген кыялын ишке ашырды. Ушул мезгилде Казакстандын Тунгуч Президенти – Эл башчы Нурсултан Абиш уулу Назарбаевдин жетекчилиги менен өлкөбүз дүйнөдөгү кадыр-барктуу жана байманалуу мамлекетке айланды. Биз туруктуу биримдигибиздин аркасында Эгемендигибизди бекемдеп, элибиздин бакубаттуулугун арттырууга жол ачтык. Бул жаратмандык менен алга илгерилөө, тынччылык менен ынтымактуулуктун жылдары болду.

Өлкөбүздүн өнүгүү жолун бүткүл аалам таанып, аны “Казакстандык”, демек “Назарбаев модели” деп аташты. Учурда бизге Эгемендиктин жетишкендиктерин эселеп арттырып, өлкөбүздү өнүгүүнүн жаңы сапаттуу этабына чыгаруу мүмкүнчүлүгү берилип отурат. Биз ага Эл башчы саясатынын жолун улап, ырааттуу реформалар жүргүзүү аркылуу жетише алабыз”, — деди К.Токаев.

Президент К.Токаев сентябрь айында Казакстан калкына Кайрылуу жасап, мамлекеттин жакынкы жылдарда аткара турган негизги милдеттерин алга койду. Республиканы башкаруу түзүмү Нурсултан Назарбаев башкарган өлкөнүн жетектөөчү саясий партиясы «Нур Отан» менен катар коомдун ийгилиги үчүн иштиктүү саясат жүргүзүп келе жаткан башка да саясий партиялар жана кыймылдар менен тыгыз кызматташтыкта иш алып бармакчы. “Коомду толгондуруп жаткан негизги маселелер көчөдө эмес, Парламентте жана жарандык диалог алкагында талкууланып, чечимин табууга тийиш”, – деген эле Президент. Бул боюнча алгачкы кадамдар жасалды. Мүчөлөрү ротациялык тартип менен дайындалуучу Улуттук коомдук ишеним кеңеши жыйындарын өткөрүп, маселелерди чечүүдө. Биринчи Президент Нурсултан Назарбаев көз карандысыздыктын алгачкы күндөрүнөн баштап элдин турмушун жакшыртуу максатында биринчи планга экономикалык маселелерди койгон эле. Ошонун аркасында Казакстан бакубаттуу элге айланды, Он чактуу жылдын ичинде көркөмдүгүнө көз тойбогон Астана (азыркы Нур-Султан) шаары дүйнөгө келди. Экинчи Президент да элдин байманалуулугу экономиканы өнүктүрүү менен тыкыз байланыштуу экендигин кылдат байкап отурат. Ал 2025-жылга карата ички дүң продуктунун жылдык туруктуу өсүшүн 5 пайызга жана андан жогору деңгээлге жеткизүү үстүндө иштеп жатат. Элдеги экономикалык реформалар мурда кабыл алынган 2050-жылга чейинки өнүгүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын жана Улуттук планды этап этабы менен аткарууга багытталган. Мунун алкагында чакан жана орто бизнести колдоо максатындагы “Бизнестин жол картасына” кийинки үч жылда кошумча 250 млрд. теңге бөлүнүүдө.

Агро-өнөр жай комплексинде органикалык жана экологиялык таза продукция өндүрүү колго алынды.

Албетте, мамлекеттин кубаттуу болуусу бардык тармактарда өнүгүүнү керектейт. Азыркы мезгилде заман талаптарына жараша Казакстанда бардык багыттарда реформалар жүрүп жатат. Мисалы, Эл башчы катышкан “Нур Отан” партиясынын саясий кеңешинин отурумунда Мамлекеттик сатып алууларда социалдык курч маселелерди чечүүгө жумшаса боло турган эбегейсиз резервдер (айрым эсептөөлөр боюнча жылына 400 млрд. теңгеге чейинки) катылып жатат. 2018-жылы мамлекеттик сатып алуулардын көлөмү 4,4 трлн. теңгени түзгөн, анын 3,3 трлн. теңгеси же 75%ы атаандаштыгы жок бир булактан сатып алуу ыкмасы менен жүзөгө ашырылган. Демек, бул тармак чиновниктердин “жем акырына” айланган. Эл башчы мамлекеттик сатып алуулар процессин ыраатка келтирүүгө өзгөчө маани берип, жаңы мыйзамдарды иштеп чыгып, коррупциянын тамырын кыркууга кеңеш берген.

Өлкөдө көп балалуу үй-бүлөлөр жана майып балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөдү турак-жай менен камсыз кылуу улантылууда. 2020-жылдан тарта жыл сайын муктаж деп саналган10 миң үй-бүлө турак жай менен камсыз болушат. К.Токаев Өкмөткө үч жыл ичинде кезекте турган аз камсыздалган көп балалуу үй-бүлөлөргө турак жай берүү маселесин чечүүнү жүктөдү. Алардын саны 30 миңге жакын. Ал эми менчик үй сатып алууга кирешеси жок жарандарга социалдык ижара шартында жашоого мүмкүнчүлүк каралды. Бул максаттар үчүн 2022-жылга карата мамлекет тарабынан 240 млрд. теңгеден ашык каражат бөлүнмөкчү. Ошентип, жашоонун эң башкы атрибуту болгон турак-жай маселесин ырааттуу түрдө чечүү колго алынган. Буга мазмундаш “Бактылуу үй-бүлө” программасы да ишке киргизилди. Президент К.Токаев :“Биздин өлкөнүн ар бир жашоочусу оң өзгөрүүлөрдү сезиши керек. Мен эл тагдырына боору ооруган ар бир жаранга зор ишеним артам”,- деп мамлекеттик органдардан ишти тез аткарып, айкын көрсөткүчтөргө жетишүүнү талап кылууда.

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, “Кыргыз Туусу”

P.S. Гезитибиздин жамааты Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Нурпеисов жетектеген элчиликтин кызматкерлерин Казакстан Республикасынын Көз карандысыз күнү менен куттуктап, бакубаттуулук жана ишмердиктерине ийгилик каалайт. Кыргыз-казак боордоштук карым-катнаштарынын мындан ары да арта берүүсүнө тилектештигин билдирет.