«Түбөлүк өмүр симфониясы»

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, “Кыргыз Туусу”


11-декабрда Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын чагылдырган Казакстандын белгилүү сүрөтчү-бедизчиси, Казакстандын Сүрөтчүлөр академиясынын академиги Аманат Назаркулдун «Түбөлүк өмүр симфониясы» аттуу көргөзмөсү ачылды.

Көргөзмөнүн ачылышы аземинде Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин кеңешчи-өкүлү А.Сыздыков, музейдин директору А.Мамбетказиева, Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Т.Усубалиев куттуктоо сөз сүйлөшүп, сүрөтчүнү чыгармачылыгы терең философиялык ойго чиреле тургандыгын, тарых менен бүгүнкү турмуштун айкалышына негизделгенине токтолушуп, көргөзмө кыргыз менен казактын маданий алакасын чыңдоодогу олуттуу окуя экендигин белгилешти.

Көргөзмөгө сүрөтчүнүн живопись, графика, декоративдүү жана монументалдуу өнөр багытындагы элүүгө жакын чыгармасы коюлган. Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы сюжеттин негизинде тартылган сүрөттөрдөн тышкары көргөзмөдөгү дүйнөлөрдүн көпчүлүгү кыргызказак элинин башаты болгон эзелки түркү элдеринин жашоосун чагылдырууга, түркү калктарынын улуу ойчулдары Аль-Фарабинин, Ж.Баласагындын, М.Кашкаринин, Кожо Ахмет Ясауинин ж.б. окумуштуулардын образын ачууга арналган.

Сүрөтчү бала кезинен Ч.Айтматовдун аңгеме, повесттерин окуп чоңойгон. 1988-жылы И.Суриков атындагы Москва мамлекеттик көркөм сүрөт институтун бүтүрөрдө Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тарткан сүрөттөрү менен дипломдук ишин жактаган.

Көргөзмө Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин, Казак элчилигинин колдоосу менен “Руханий жаңылануу” программасынын алкагында өттү. Улуттук жана Чыгыш менен Батыш көркөм өнөрүнүн колорити жуурулушкан Аманат Назаркулдун полотнолорун көрөм дечүлөр Жаңы жылдын 15-январына чейин музейге келсе болот.