Акын Сагын БЕРКИНАЛИЕВА: «Жүздөгөн адамдардын жүрөгүн ыр менен багынткым келчү…»

Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Үстүбүздөгү жылдын 13-17-ноябрында, Брюсселде Евразиялык чыгармачылык Гилдиянын эл аралык фестивалы кыргызстандык таланттар үчүн жемиштүү болду. Көлөмдүү проза номинациясы боюнча 3-орунду жазуучу Темирбек Жолдубаев алса, публицистика боюнча номинациядан 3-орунду Акылбек Жуманалиев ээледи. Ал эми поэзия номинациясында биринчи орунга Сагын Беркиналиева ээ болуп, “Лира” медалын алды. Акын кызыбыз Евразиялык чыгармачылык Гилдиянын бул абройлуу сыйлыгын ырларындагы агыл-төгүл сезимталдык, аялзатына мүнөздүү назиктик менен багындыра алды. Гилдияга катышкандар “Сагын Беркиналиева форумдун поэтикалык атмосферасын түздү” деген пикирлерин калтырышты. Анда эмесе, Сагын Беркиналиева Брюсселге кантип барып, кантип 1-орунду алып калганын өз оозунан угалы.

– Сагын, “Лира” медалың кут болсун. Европага кантип барып, конкурска кандайча катышып калдың?

– Евразиялык чыгармачылык гилдияга июль айында мүчө болуп киргем. Улуттук жазуучулар союзунун катчысы, акын Жылдыз Акаева эже: “Гилдияга мүчө болгон соң, эл аралык конкурстарга катышып, өзүңдү сынап көрбөйсүңбү” деп сунуш киргизген. Алгач катышкым келген жок. Арийне, эже мени сүрөп, конкурска катышып калдым. Гүлнара Мамбетсадыкова деген эже гилдия чыгармачылык коомунун Кыргызстандагы администратору экен, конкурс жарыяланганын угуп, катышып калдым. 10 чакты ыр жана кийинки чыккан китебиңди Интернет сайтка коесуң деди. Тиешелүү расмий шарттары бар экен, ошол шарттарын аткарып, шорт-баракчага чыктым.

– Конкурс кайсы тилде өттү? Ырларыңды которттуңбу?

– Жок, которткон жокмун, мен өзүмдүн чыгармачылык образымды кыргыз тилинде гана ачып бере алам деп ойлодум. Өзүмдүн жан дүйнөмө батпай, толкуп-ташкан эмоциямды, бир буулугуп, бир ыйлап жазган сезимдеримди, Сагын деген образымды кыргызча гана чагылдыргым келди. Менде “мени башкалар түшүнбөй калат” деген ой келген жок. Өзүмдүн көкүрөктөгү сезимдеримди айтып сергип алгым келди. Бул бир. Экинчиден, поэзия дүйнөсүндө өзүнчө “Сагын” болгум келчү. Ошон үчүн ырларымды которткон жокмун. Ыр башка тилге которулганда, башкача түс алат, баягы алгачкы сезимдер жоголот. Нукура маанисин жоготмок. Ким кандай чечти, ким эмне пикир айтты аны билбейм. Мен конкурска “Жозефина” деген ылакап ысым койгом.

– Эмне үчүн Жозефина?

– Анткени, ал менин жан дүйнөм болчу. Себеби, менин буулуккан сезимдерим ар дайым ыйлачу. Аны эч ким көрчү эмес, сезчү да, билчү да эмес. Менин жан дүйнөмдө эки адам жашачу, оболу мен аялмын, анан жомокто жашаган адам элем. Анын ысымы Жозефина болчу… Бул менин сезимимдин аты.

– Жозефина айтылуу кол башчы Наполеондун сүйгөнүнүн ысымы эмеспи?

– Ооба, Жозефина Наполеондун сүйүктүү аялы. Мен эч кимге окшошпой, өзүмчө болгум келээр эле. Оболу, “эл кандай түшүнөт, кандай кабыл алат” деген ойлор келди. Анан ойлодум, дүйнөгө белгилүү кол башчы жөнжай аялды сүйбөсө керек деп. Анын Жозефинасын өзүмө окшоштурдум, ал бир адамдын сүйүктүүсү болгусу келсе, мен миңдеген адамдардын жүрөгүн ыр менен багынткым келчү. Веб-сайттарга да “Жозефина” деген ысым менен койдум. Шорт-листке чыкканда өзүмдү бактылуу сезип, “Бельгияга барат турбаймынбы” деп, самолетто түшкөндө канаттарым жайылып, асманга учуп бараткандай сезим болуп, мындай ыр жаралды:

Мейкиндикке жайып баатыр канатым,
Мен мезгилден ашып учуп бараттым.
Түшүнмөксөн болгон кээ бир адамдар,
Таңыркашып мени абдан карашсын.

Таажы сезим жарык жарчысы,
Адамдарга шоола тараткан.
Күнөөлөбөйт мени Кудай да,
Күн ээрчитип түндө баратсам.

– Ар бир ырдын жаралуу тагдыры бар эмеспи…

– Ал башыма келген улуу сүйүү болчу. Көп акындардан уккам. Сагын Акматбекова менен да көп сүйлөштүм. Эже да “адамда акындык тагдыр болмоюн ыр жаралбайт” деди. Менин башыма 3-4 жыл мурда улуу сүйүү келген. Балким ошол сүйүү мени акын кылган чыгар, мен аны билбейм. Бул табышмактуу, сырдуу сезим. Азыр ойлосом мен “поэзиянын жиндиси” болуп жашаган окшойм. Өзүмдү жомок дүйнөсүндө жашагандай сезем. Кайсы бир сезимдер мени азгырып, менин алдымдан жол тосуп чуркаган. Табышмактуу сезимдердин үстүндө жашагам. Ошондо сүйүү лирикаларын жаздым, асманга учкум келе берчү. Ошондо “жерде жашап не кереги бар, мен канаттуудан кемминби?” деген сезим пайда болду. Ошон үчүн китептин аталышын “Асманда бийлеген кыз” деп койгом.

– Ал жакта канча күн жүрдүң?

– 12исинде учуп кеткем, 17исинде келдим. Кыргызстандан жети киши бардык. Гүлнара Мамбетсадыкова эже жетектеп барды. Барган күнү катталдык. Ар бир катышуучуга коюлган тиешелүү шарттары бар экен: ал жакка спикер, катышуучу, көрүүчү, мейман катары барасың. Мен өзүм жана чыгармачылыгым тууралуу айтып берүүнү туура көрүп, спикерликти тандадым. Кыргызстандан барган сүрөтчүлөр Лариса Пак, Гүлзада Хамранын сүрөттөрү көргөзмөгө коюлду. Гүлзада Хамра Англияда жашайт экен. Кийинки күнү спикерлик боюнча мастер-класс болуп, ар кимдер өзүн тааныштырды. Өткөн 2018-жылдагы жеңүүчүлөр сүйлөштү. Мен “Асманда бийлеген кыз” боюнча бир саат сүйлөдүм. Суроо-жооп болду. Кийинки күнү калыстар 10 балл алгандарды кайра жарышка койду. Ал күнү ар бирибизге 15 мүнөт убакыт берилди. Ошонун жыйынтыгынын негизинде 16сында кечки саат жетиде азем болуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Сыйлыктарын берди. Поэзия боюнча биринчи орунду эки акын алдык. Москвалык Екатерина Хлебникова 2 миң доллар алды. Мен 1000 доллар, алтын медаль алдым. “Жылдын эң мыкты лирикасы” үчүн номинациясында сыйландым.

– Спикерлик кылганда толкундоо болсо керек?

– Анын конкурска тиешеси деле жок экен. Бирок да, менде “Кыргызстанды уятка калтырбасам” деген ой болду. Гүлнара Мамбетсадыкова эжеге, Махабат Алишевага рахмат, ал бет ачаарымды англисчеге которуп жатты. Аябай даярданганбыз. Көлөмдүү проза номинациясы боюнча Темирбек Жолдубаев 3-орунду, А.Жуманалиев публицистика боюнча 3-орунду алды. Фестивалдан соң, Франциянын Лилль деген шаарында экскурсия, концерт болду. Мастер-класстар өтүлдү.

– Азыр да жүрөгүң өрөпкүп турса керек?

– Мен бактылуумун. Менде чоң жоопкерчилик турат. Сыртта жүргөндө мекенчилдик сезим күч болот экен, мен ушуну сездим. 1-орунду бергенде сүйүнгөндөн ыйлагым келди. Ошол көз ирмемде өзүмдү бактылуу сездим. Эми элдин ишеничин актагым келет.

P.S. Евразиялык чыгармачылык гилдия жана британиялык Hertfordshire Press басмасы уюштурган Евразиялык адабий фестиваль бул эл аралык демилге жана дүйнөнүн 25 өлкөсүнүн чыгармачыл адамдарынын башын бириктирет. 8 жылдан бери жыл сайын өтүп келатат.

Кыргызстандан 12 өнөр ээси финалга чыгып, Брюсселге алардын жетөөсү: прозаик Темирбек Жолдубаев, акын Сагын Беркиналиева, Гүлнара Мамбетсадыкова, Наргиза Карасартова, Бегжан Ахмедов, Махабат Алишева, Бүбүйра Бектенова барган.