Байгелүү орундарды багындырган аргымактар

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Кыргыз эли байыртадан жоокерчилик заманда күн кечирип келгендиктен жылкы баласына жакын болуп, өзгөчө мамиле жасап келген. Азыр да мыкты аргымак көрсө ичкен ашын таштай салып, күндүр-түндүр суктанып карай берүүгө даяр. Бир жыл мурун бир миллион долларга бааланган Барон аттуу аргымак өлгөндө нечендеген эл кайгырып, далайдын ичи өрттөнгөн.

Ата-бабам атты кадырлап, аш-тойлордо ат чабышка катышкан кишилер болгон. Атамдын агасы Кады Нарбаш деген аргымакты Шабдан баатырдын ашында чапкан. 1916-жылдагы Үркүндө кытайлык Ошурахун деген бай Нарбашты жактырып алып калганда, ал Кытайдан Жумгалга качып келген экен. Азыркы тулпарлар өз алдынча ээн-эркин, тоо-ташты аралай чуркабастан колдо кармалгандыктан табияттан таптакыр бөлүнүп калган. Мүмкүн жылкынын жашынын кыскарышы адам баласы сыяктуу эле азыктануусуна жана эркиндигине, табият менен биргелигинен ажырагандыгынын таасиринен уламдыр – дейт белгилүү саяпкер Султанбек Кадыралиев.

Байыртан “Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны” деп айтылганы менен учурда атты техника алмаштырып, унаа катары дээрлик мурдагыдай колдонулбай калды. Бирок аны азык-түлүк катары колдонууну жана конокторго тартуулаганды мурдагыга караганда бир кыйла эле өздөштүргөндөйбүз. Мындай жагдайга байланыштуу жылкыга өзгөчө көңүл бөлүп, аны бапестеп баккандар арбыды. Ат кадырлаган адамдардан Өмүрбек Бабановду, Аликбек Жунусовду, Доктурбек Казакбаев, Керим Өмүралиевди айтсак болот. Мамлекеттер аралык жана республикалык масштабда өткөн иш-чараларда байгелүү орундарды алган аргымактарды таптаган саяпкерлер Мааткеримов Султанбек, Өмүралиев Керим жана Мамбеталиев Турсуналы.

Күлүктөр жылдар бою тапталат. Аны таптоо өтө эле дыкаттыкты талап кылат. Убагында суутуу, бутуна жем түшүрбөй (арпаны бергенден кийин суугарбоо) азык-түлүгүн туура берүү, маал-маалы менен чуркатуу, жылкынын мүнөзүнө жараша туура мамиле жасоо ж.б. Учурда жылкынын өпкөсүн тазалоо үчүн шыралжын берип жүрүшөт. Арпаны жегенден кийин ичкен суу ичин көптүрүп, бутуна ысыкты түшүрөт. Ал аксатат. Илгери аттын бутуна жем түшкөндө туягын тилип кан алышчу. Жайкы ысыкта булакка бутун салып байлашчу. Дагы эске ала турган жагдай ата-бабалар атты такалаганда така менен туяктын ортосуна кийиз коюшчу. Анткени узакка чуркаганда темир така туякты ысытат. Ушул жагдай азыр таптакыр эле эске алынбай калган.

Ата-бабабыз аргымактардын өң-түсүнө, мүнөзүнө карата Аккула, Тайтору, Телтору, Тай буурул, Чалкуйрук, Чабдар ж.б. деп аташса, азыр заманга жараша “Патрон”, “Ганк”, “Вулкан”, “Барон”, “Карат” деген сыяктуу ысымдарды ыйгарышкан. Султанбек Кадыралиевдин айтуусу боюнча “Вулкан” жана “Ганк” жорголорун нарындык саяпкер Мааткеримов Султанбек таптап, бул аттар Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда байгелүү орундарга ээ болгон. “Вулкан” мурдагы эле жылы 5 авто унаа жана 10 000 долларлык боз үй уткан. Бул ат Бозтеридеги “Ашырбек Ата” жылкы заводунда багылган. Казакстанда болуп өткөн мелдештерде да бул тулпар утушка ээ болгон. Ал эми Ысык-Көл облусунун Тоң районунан чыккан “Патрон” 70тен ашуун байгелүү орундарды багындырган. Аны Бөкөнбаев айылындагы Замир Мукашов таптаган.

Союз убагында Таласта, Ысык-Көлдө, Нарында жылкы заводдору болгон. Азыр алардын айрымдары гана калып, жеке менчикке өтүп кеткен. Ал эми байгелүү орундарга ээ болгон бул асыл тукум аргымактар чет өлкөлөрдөн алынып келинген.