Китеп текчеңизге: Мурастардагы орток сөздөр

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


И.Арабаев атындагы КМУнун окумуштуулар кеңеши тарабынан “Манас” эпосунун тилин Орхон-Енисей жазмаларынын, андан кийинки доордогу М.Кашкаринин “Дивани лугати-т түрк” сөздүгү менен Жусуп Баласагындын “Кутадгу билигинин”, соңку мезгилдердеги К.Юдахиндин “Кыргызча-орусча сөздүгүндөгү” лексикалык бирдиктер менен тарыхый-салыштырма өңүттөн изилдөө аркылуу кыргыз тилинин өнүгүү процесси боюнча даректүү маалыматтарды алуу, анын жыйынтыгында айрым илимий түкшүмөлдөрдү төгүндөө же далилдөө багытында илимий долбоор башталган. Тарых илимдеринин доктору, профессор Т.Абдырахманов жана жаш окумуштуу С.Каратаеванын “Махмуд Кашкаринин “Дивани лугати-т түрк” сөздүгүндөгү жана “Манас” эпосундагы орток сөздөр” китеби ушул багыттагы баалуу эмгектердин бири.

Байыркы түрк аалымы Махмуд Кашкаринин “Дивани лугати-т түрк” сөздүгүндө жана “Манас” эпосундагы колдонулган орток сөздөргө арналган эмгек буга чейин кыргыз тил илиминде колго алынган эмес. Демек, байыркы түрк жазма эстелиги менен эпостун материалдарынын негизинде мындай сөздүктүн түзүлүшү кыргыз тилинин тарыхый өнүгүүсүнө жана калыптануусуна тиешелүү орчундуу маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк бере тургандыгы талаш жаратпайт. Ошону менен бирге, орток лексиканы калпып алуу менен “Манас” эпосунун лексикасын илимий негизде стратификациялап чыгууга шарт түзүлүп, эпостун тилин ар тараптуу изилдөөгө дагы жаңы өбөлгөлөр жаралары шексиз.

1029-1038-жылдардын аралыгында Барскан шаарында жарык көргөн Махмуд ибн Хусейн ибн Мухаммед ал-Барскани алКашгарини бүгүн бүтүндөй түрк дүйнөсү он биринчи кылымда түрк калктарынан чыккан чыгаан энциклопедист окумуштуу, тилчи, географ, картограф, этнолог, тарыхчыэтнограф, диалектолог катары билишет.

Азыр Барскан шаары жок, тарыхчылар шаардын урандылары Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон кыштагынын жанында жайгашкан деген божомолду айтып келишет. Махмуд төрөлгөн шаар кыйраган менен, ал жараткан 1072-1077-жылдары «Диван лугат-ат-түрк» – «Түрк тилдеринин сөз жыйнагы» эмгеги анын авторуна түбөлүк өмүр берди. Улуу окумуштуунун артында калган мурасы улам жаңы муундагы илимпоздордун кызыгууларын жаратып келет.

Айрым окумуштуулар Махмуд Кашкарини «он биринчи кылымдын Радлову» десе, башкалары «В.Радлов (1837-1918) – он тогузунчу кылымдын Кашгариси» деген пикирди карманышат. Бул эки илимпоздун окшоштугу – “экөө тең жер кезип, Борбордук жана Ички Азияны байырлаган түрк калктарынын чоң улуттарынан тартып, майда уруктарына чейин кыдырып, алардын диалектилик өзгөчөлүктөрүн, этнографиялык мурасын, санжырасын, макаллакаптарын, дастандарын терең иликтешкен”.

Китептин баш сөзүндө акыйкат белгиленгендей: “…тилдин тарыхый эволюциясын калыбына келтирүүдөгү талаптардын бири үзгүлтүксүз жазма традициянын, экинчиси алардын тилин чагылдырган фунтаменталдык сөздүктөрдүн болушу. Мына ушул классикалык үлгүдө жазылган эмгектердин бири байыркы түрк аалымы Махмуд Кашкариге таандык. Сөздүк түрк тилдерин өздөштүрүүнү каалаган араб тилдүү аудитория үчүн жазылганына карабастан, өтө бай сөздүк корду камтып, окурманга ар бир сөздүн мааниси жеткиликтүү, түшүнүктүү болушу үчүн макаллакаптар, ырлар, табышмактар жана туруктуу сөз айкаштары менен чечмеленген. “Манас” эпосу өзүнө тарыхый байыркы фактыларды, кыргыз тилинин сөздүк корунун байыркы курамын камтыган элдик оозеки чыгармачылыктын эң мыкты үлгүсү».