Улуу жазуучунун ата-теги: Кончужок, Кимбилди, Айтмат тууралуу алты ооз сөз

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул тууралуу көп айтылды, жазылды, жазылып да келатат. Арийне, антсе да санжыра сүрүштүрүп, улуу калемгердин андан аркы ата-бабалары тууралуу айткандар аз. Ушул кенемтени толтуруп, бул жолу жазуучунун бабалары Кончужок, Кимбилди, Айтмат тууралуу айтсакпы деп турабыз.

Таланты менен дүйнө элдерин таңгалдырган Чыңгыз Айтматов тегин жерден чыккан эмес, кыргыздын туу көтөргөн уулдары төрөлгөн кытай уруусунан чыккан. Залкар жазуучунун бир тууганы Роза Айтматова “Тарыхтын актай барактары” аттуу китебинде: “…Санжырага таянсак, кыргыздар үч чоң топко бөлүнөт: оң канат, сол канат жана ичкилик. Оң канат менен сол канаттын негиздөөчүлөрү Дөлөн бийдин Ак уул жана Куба уул деген эгиздери болгон. Кытай кыргыздардын Куба уулунан тараган сол канатка кирет. Куба уулдун чөбөрөсү Каранай бир күнү согуштан чоң жеңиш менен келет. Бул жолу Каранай душманын көпкө чейин эси-көөнүнөн чыккыс кылып жеңип, сансыз малын тартып алып, чоң олжо менен эл-жерине кечке маал кайткан экен. Толукшуп толгон ай жапжарык болуп, айланага жарыгын чачып туруптур, айылга жакындаганда, анын алдынан тосуп чыгып, аялынын эркек төрөгөнүн сүйүнчүлөшөт. Ал өзүнүн жеңишинин урматына Кут төгүлгөн Ай болду деп ырым кылып, уулунун атын Кытай коёт” – деп кытай уруусунун аталышы тууралуу кызык маалымат жазганы бар.

Бул окуянын чындыгы бар, акыркы жылдарда көп санжырачылар жана тарых иликтөөчүлөр да кытай аталышын “Кут” жана “Ай” деген сөздөрдүн биригишинен келип чыккан деп чечмелеп жүрүшөт. Мына ошол Каранай баатырдын көрөр көз уулу Кытайдан — Түлкү. Түлкүдөн – Байтике, Буудай, Бөгөжү. Байтикеден — Төнтөгөр, Кыйра тукумдары уланат. Төнтөгөрдөн Шекер. Дүйнөгө Айтматовдун айылы катары таанылган Шекер айылы ошол улуу адамдын ысымын алып жүрөт. Шекерден — Кудайназар. Кудайназардан — Кончужок. Кончужоктон — Кимбилди. Кимбилдиден — Биримкул, Айтмат. Биримкулдан — Алымкул, Өзүбек, Керимбек. Айтматтан — Төрөкул, Рыскулбек, Төрөкулдан — Чыңгыз, Ильгиз… Чыңгыздын өз атасы Төрөкулдун атасы Айтматтын чоң атасы Кончужок келбеттүү, алп денелүү, келишкен адам болгон экен. Алп денелүү келип, бутуна өтүк чак келбей, чарык кийип жүргөндүктөн, Кончужок деп аталып, биротоло Кончужок деп аталып кетиптир. Кончужоктон Кимбилди. Кимбилди куду жомоктогудай, эки ийнине эки адам отургудай адам болуптур. Балбаны балбан болгон менен, кокус бирөө-жарымды катуураак кармап койсом, бир жери сынып же чыгып кетпесин деп, теңтуштары канча суранса да эр оодарыш, балбан күрөшкө түшпөптүр.

Кимбилдинин балбандыгы тууралуу эл оозунда айтылып калган мындай бир аңыз кеп бар. Кимбилди Аксы тарапка соода-сатык кылып барып, чоң тойдун үстүнөн чыгат. Тойго казактар да атайы балбанын даярдап келген болот. Эр оодарыш башталганда кыргыз балбандары казак балбандын дөөдөй кебетесин, буржуйган булчуңдарын көрүп эле даабай, абдырап туруп калышат. Ат үстүндө бүркүттөй конуп отурган Кимбилди той ээлеринин баамына урунуп, “аркалык кыргыздардан окшойт, намыска жарап берер бекен?” деп, Кимбилдиден оодарышка түшүп, намыс алперүүсүн суранышат. “Намыс” деген сөздү уккан Кимбилди айласыз макул болот. Ал мурда-кийин эр оодарышка түшпөсө да, сыр бербей барып, салт боюнча учурашкандан кийин эле казак балбанын ат үстүнөн таптак көтөрүп, жерге түшүрүп, аксылык кыргыздардын намысын алып берет.

Ал өзүнүн күчүнө ишенгендиктен, талаа-түздө жалгыз-жарымдап жүрчү экен. Бир жолу Маймактан келе жатып, “ат чалдырып алайын” деген Кимбилди ээрге башын коюп, уктап кетип, бир маалда тамагы кургап, аба жетишпей баратканынан, ойгонуп кетет да, тиши менен оозундагы кайыштай немени кырча тиштеп, жерге түкүрүнөт. Жерге жыландын башы томолонуп түшөт. Өңү, же түшү экенин түшүнбөй, көзүн ачып-жумган Кимбилди бет алдынан нур жүздүү карыяны көрөт.

– Балам, билбестик менен жыландардын ордосуна жакын жатып алган экенсиң. Жыландар кекчил келишет. Сен атыңа мин да, айылыңа жетип , бала-чакаңды алып, журт которуп, изиңди суут. Кудай Таалам мени сага тушуктурганын бактың деп бил. Мындан ары кара чаар кабылан сенин укумтукумуңду колдоп, укум-тукумуңа өтүп, ырыскы-берекеңе ортоктош болот, — дейт да көздөн кайым болот. Ошентип, күмүш сакал абышканын айтканын аткарган Кимбилди бирин-экин малы менен Карабуура капчыгайына келип туруп калат.

Кимбилди Карабуура капчыгайын мекендеп турганда, ал жерге календер келген экен. Кимбилди ага сый көргөзүп, үч күн коноктойт. Кайтаар күнү: “Кимбилди чырагым, сен жыланды караниеттик менен өлтүрбөдүң. Жылан ордосунун адашкан баласы оозуңа кирип, уйку-соо чайнап салган экенсиң. Эми журтуңа кайт. Таразда Убайда деген эшен бар. Ошону алдырып, бир козуну куйкалап бышырып, жыланды чайнаган жерге алып барып таштап, ак чачкыла, калганын Убайда бүтүрөт. Силердин урпак эл бийлеген кызматка умтулбасын. Умтулгандын аягы жаман бүтөт. Уруктукумуңарга илим насип кылынган. Илимдин артынан түшкөнүңөр бай болосуңар. Силердин тукумдан жети атаңардын даңкын чыгарган илим менен кудук казган аалым чыгат. Баланы кудай берет. Насипти да кудай берет. Мен кайтайын, “Оомин” – деп бата тартып, ак боз атка минип узап кетет.

Бул окуяны мага боотеректик Курманбек Осмонбеков деген байке айтып берди эле, өзү болсо 1959-жылы Назарбек чоң атасынан уккан экен. “Календер айткандын баары жазбай келди го. Календердин: “илим артынан пайда табасыңар” дегенин эстен чыгарып, Айтмат уулу Төрөкул бийлик азгырыгына түштү эле, этеги “элдин душманы” аталып, же сүргүнгө сүрүлгөнү, же атылып кеткени билинбей дайын-дарексиз кетти го” – деген экен ошондо Назарбек аксакал шуу үшкүрүп.

Улуу жазуучунун биз сөз кылган бабасы Кимбилди өз заманында абдан бай, мартабалуу адам болуптур. Колунда бар болгондуктан, уулдары Биримкул менен Айтматты медреседен окутат. Аны менен тим болбой, эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат деген элдик накылды эске алып, ар өнөргө маш кылып өстүрөт. Бири кем дүйнө демекчи, бирок дүйнөдөн жазмыштын буйругу менен эртерээк өтүп кетет. Төрөкул Айтматовдун архивден табылган “Кыскача өмүр баяным” аттуу тарыхый документте: “Менин атамдын атасы Кимбилди, т.а. менин чоң атам абдан бай болгон дешет. Бирок анын эки уулу: Биримкул менен Айтмат – атасы эртерээк өтүп кеткенине байланыштуу ал байлыкты сактай албай калышыптыр. Мен кедей дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккам”, – деп айтылган жери бар.

Белгилүү дарыгер Оморбай Нарбековдун айтымында, Кимбилдинин эки уулу комузда кол ойнотуп черте билген, балдарга арналган тамаша ырларын ырдаган, сөзгө кызып калганда, жамактатып, бирибири менен айтышып ырдаган ыр жандуу адамдар болушкан. Чыңгыз Айтматов чоң атасы Айтматтын бычмачылык, тикмечилик, ээр, комуз чапкан усталык, сөйкө, билерик, чач учтук жасаган зергерлик, өтүк, маасы ултарган өтүкчүлүк өнөрүн айта келип, Талас өрөөнүнө: “машинечи Айтмат”, “машинечи аке” атыгып, анан мурду коңкоюп чоң болгондуктан, келиндери “чоң мурун аке” деп да тергешкенин эскергени эсибизде.

Азырынча Чыңгыз Айтматовдун ата-бабалары тууралуу биз билген маалыматтар ушул. Жаңылары табылып калса, сөзсүз улап сөз кылабыз.