Күнөөсүз соттогон соттор актаарын актап, эми укугу таанылган адамдын укугун калыбына келтирүүдөн баш тартууда…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Бул окуянын башы 1988-жылдын 28-августуна барып такалат. Жумгал РИИБсына Сары-Булак деген жерге 6 бала келип, кара куурай чогултуп жүрүшкөнү тууралуу кабар келип түшөт. Участкалык инспектор Мелисбек Турсуниязов жана Жумабеков, Орозобеков, Султанов болушуп, 46 85 НРВ Москвич 2140 үлгүсүндөгү автоунаа менен окуя болгон жерге барышат. Р.Досалиев, Н.Досалиев, М.Момунов, Б.Турсуналиев, Ж.Тулегенов жана Эрнисттер түшкөн 99-06 ВИА Москвич үлгүсүндөгү машина ГАИ кызматкери Ж.Султанов токтоткондугуна карабастан, Арал айылын көздөй катуу айдап кетишкен. Аларды токтотууга аракет кылып, М.Турсуниязов БК 536 К номерлүү “Макаров” үлгүсүндөгү пистолет менен эки жолу асманга эскертип аткан. Ага “кызматтык чегинен чыгып, өзүнүн кызматтык куралын мыйзамсыз колдонуп, 22.30 чамасында 4 жолу токтотууга аракет кылып ок чыгарганда, бир огу алды жагында каршылык көрсөтпөстөн качып бараткан Ж.Т.Тулегеновго тийип, аны байкабастан атып өлтүргөн” деп күнөө коюлган жана 1988-жылдын 6-декабрында Жумгал райондук эл сотунун өкүмү менен Кыргыз ССРинин УКнын 178-ст. 2-б., 99-ст. 2-б. менен күнөөлүү деп табылып, УКнын 37-ст. ылайык оор эмес жазасы оорураак жазасына сиңиштирилип, 5 жылга эркинен ажыратуу жазасы калтырылып, жазасын күчөтүлгөн режимдеги колонияда өтөө белгиленген. М.Турсуниязов көп эле жолу өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, жогору жактарга кайрылган, бирок акыйкаттык тапкан эмес. Ошентип, берилген жаза мөөнөтүн толугу менен отуруп чыгат.

“Шибегени капка ката албагандай” чыркыраган чындыкты издеп, 2012-жылдын 12-апрелинде М.Турсуниязов жаңы ачылган жагдайлар боюнча иш жүргүзүүнү козгоп берүүнү сурап, Башкы прокуратурага арыз менен кайрылат. Ага 1988-жылдын жайында М.Турсуниязов баңгизаттарын чогулткан топтун артынан кубалап, эскертүү иретинде асманга ок аткан “Макаров” үлгүсүндөгү пистолеттин огу жез жана диаметри 9 мм. болсо, алган жаратынан улам каза тапкан Ж.Тулегеновго тийген ок коргошун жана диаметри 5 мм. болгон. Демек, мындан М.Турсуниязов Ж.Тулегеновду атпаганы жана күнөөсүз күнөөлүү болуп, тергөө иштеринин кайдыгерлигинен жана соттун адилетсиз чечиминен улам, жалган жалаа жабылып, жаза мөөнөтүн өтөп чыкканы өзүнөн өзү түшүнүктүү болот. Бул акыйкатка көзү жеткен соң, жабырлануучу М.Я.Тулегенованын ишенимдүү өкүлү Д.Т.Сыдыков өтүнүч арыз менен кайрылып, М.Турсуниязовго карата эч кандай доолору жок экендигин, айыптоодон жана соттук отурумдарга катышуудан баш тартарын, ишти алардын катышуусу жок карай берүүсүн сураган. Нарын облустук сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча кассациялык коллегиясынын 13.01.2015-жылдагы аныктамасы менен Жумгал райондук сотунун 6.12.1988-жылдагы өкүмү жана 24.01.1989-жылдагы Ысык-Көл облустук сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясынын аныктамасы жокко чыгарылган. Натыйжада Нарын райондук сотунун 2016-жылдын 28-мартындагы өкүмү менен М.Турсуниязов акталган.

Өз кезегинде М.Турсуниязов Нарын райондук сотуна келтирилген зыянды өндүрүүгө болгон укугун таанып берүү жана жазык иш жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу органдардын мыйзамсыз аракеттери тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иш жүргүзүү тууралуу акталган адамдын укугун түшүндүрүп берүүнү сурап арыз менен кайрылган. Сот 2016-жылы актоо өкүмү чыкканда, М.Турсуниязовго мүлктүк зыяндын ордун толтуртуунун жана башка укуктарды калыбына келтирүүнүн тартибин түшүндүрүү менен маалымдама жиберилген эместигин белгилей келип, М.Турсуниязовдун зыянды өндүрүүгө болгон укугу таанылсын деген чечим чыгарган.

Мыйзамдык негизде акталып, мыйзамдуу укуктары таанылган М.Турсуниязов 2017-жылы Биринчи май райондук сотуна ИИМге карата жумуштан бошотуу жөнүндөгү буйрукту жокко чыгарып, кайра жумушка орноштуруу тууралуу доо арыз менен кайрылган. Сот “доогердин арызы негизсиз, жумушка кайра орноштуруу мөөнөтү өтүп кеткен” деп, арызды канааттандыруусуз калтырган. А чындыгында, КПКнын 316-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, М.Турсуниязовдун аракеттеринде кылмыш жок болгондуктан жана күнөөсүз деп табылгандыктан, анын эмгек укугу толугу менен калыбына келиши керек эле. Тагыраак айтканда, ИИМ М.Турсуниязовду сотко кайрылтып, убара кылбай, кайрадан жумушка орноштурууга тийиш болчу. Бирок, анын арызы канааттандырылган эмес. Муну эң жөнөкөй эле чечмелесе болот. Эгер, аны органга жумушка кайрадан калыбына келтирсе, анда анын көп жылдык эмгек кылгандыгы да калыбына келип, ИИМ пенсиясы чектелмек. Сыягы, ИИМ мына ушундан корккон. Бир кезде мыйзам кандай бузулган болсо, бул жолу да мыйзамдуулукту калыбына келтирүүгө көз жумуп коюшкан. Натыйжада, Конституциянын 39, 40-беренелери (адам укуктары бөлүмү) укук коргоо органдары тарабынан одоно бузулуп аткарылбай келет. Жогорку соттун 2013-жылдын 28-мартындагы №11 токтомунун 4,6-пунктунда “мөөнөттүн эскириши эмгек талашына жайылтылбайт” деп так көрсөтүлгөн. Арийне, ошого карабастан, үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында Жогорку сот өзү М.Турсуниязовдун жумушка кайра орноштуруу тууралуу кайрылган арызын канааттандыруусуз калтырган. Кызык, укук коргоо органдары жоопкер болгон учурда, адам укуктары басмырланып, ал эми мамлекеттик орган адамды күнөөсүз жерден күнөөлөп доогер болгон учурда мыйзам иштеп, кынтыксыз аткарылганы кандай?

Күнөөсүз жерден күнөөлөнүп, соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөгөн соң гана кайра акталган М.Турсуниязов жактоочусу К.Ыбыкеев менен эки жылдан бери соттордун эшигин түртүп, “зыянды өндүрүүгө болгон укугун” – адилеттикти таппай келет. Адам укугу адам тагдыры менен чиеленишкен нерсе, ырас бир мезгилде соттор М.Турсуниязовду күнөөсүз жерден күнөөлөп соттоп, ал жаза мөөнөтүн толугу менен өтөгөн соң гана, ошол эле соттор тарабынан акталып, укуктары таанылып жаткан соң, М.Турсуниязовдун мыйзам тарабынан таанылган бардык укуктары ага кайтарылышы керек. Ошондо гана сот адилеттүүлүгү толук орногон болот, болбосо жарым-жартылай болуп калат.