Кытайдын жараны чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган

Кытайдын жараны чек арадан мыйзамсыз өтүп бара жатканы. Бул тууралуу Мамлекеттик Бажы кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 12-декабрда Т уулу А., аттуу кыргыз жараны башкарган “Рено” жүк ташуучу транспорт каражаты жүгү менен Кытайдан “Торугарт” өткөрмө пунктуна келген.

Транспорт каражаты текшерилип жаткан учурда айдоочу кабинадан аялды жашыруун түшүрүп катууга аракет жазаган. Кийин бажы кызматкерлери Кытайдын жараны чек арадан мыйзамсыз өтүп бара жатканын аныктаган.

Жогоруда көрсөтүлгөн Кытайдын жаранын бажы кызматкерлери “Бажы инфратүзүм” Мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте таап айдоочу Т уулу А., экөөнү Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Азыркы учурда, маселе чечилгенге чейин транспорт каражаты жүгү менен “Торугарт” өткөрмө пунктунда токтотулуп турат.