Иш сапардын натыйжалары

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Бириккен Араб Эмираттарына расмий иш сапары боюнча делегация мүчөлөрүнүн пикирлери

Тышкы иштер министри Чыңгыз АЙДАРБЕКОВ:

— Иш сапардын жүрүшүндө социалдык, соода-экономикалык, маданийгуманитардык, ошондой эле билим берүү жана туризм тармактары боюнча маселелердин кеңири комплекси каралды.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу жана келечектүү тармактары боюнча 7 макулдашууга кол коюшту. Экономикалык байланыштарды жана инвестициялык кызматташууну өркүндөтүүгө чоң көңүл бурулду. Билим берүү жана туризм тармактары өзгөчө каралды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Дубай шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын (СӨЖП) Директорлор кеңешинин төрагасы Мажид Саиф Аль-Гурейр жана БАЭ бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусунда ири компаниялардын өкүлдөрүн жана БАЭ жетекчилигин Кыргызстандын экономикасынын ар кандай тармактарын инвестициялоого чакырды.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат ЖАМАНКУЛОВ:

— Акыркы кезде Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы туризм активдүү өнүгүүдө.

Fly Dubai авиа каттамдарынын ачылышы менен биздин өлкөгө БАЭден көптөгөн туристтер келет. Мындан тышкары, бул жылы „Air Arabia“ авиа компаниясы Шарджа эмираты жана Бишкек шаарынын ортосундагы туруктуу каттамы ишке киргизилди. Бүгүнкү күндө үч авиа каттам иштеп жатат, алар 2020-жылдын жай мезгилине чейин аны жумасына жети күнгө чейин көбөйтүүгө убада беришти. Түз авиа каттамдардын көбөйүүсү менен Кыргызстандан Эмираттарга жана БАЭден Кыргызстанга келүүчү туристтердин санын өстүрөт деп ойлойм.

Ошондой эле эки өлкө ортосундагы маданий кызматташтык анын ичинде, Кыргызстандын БАЭде жана Кыргызстанда БАЭин маданият күндөрүн өткөрүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, биз маданият күндөрүнөн да башка түрдүү иш-чараларды өткөрүүнү макулдаштык. Мисалы, өзүнчө чыгармачылык топтор жана жамааттар БАЭде жана Кыргызстанда гастролдо болушат.

2020-жылы БАЭде ЭКСПО эл аралык көргөзмөсү өтөт, ага Кыргызстан дагы катышат. Бул көргөзмөгө Кыргызстандын павильону коюлат жана Кыргызстандын маданият күндөрү өткөрүлөт. Анда биздин маданиятыбыз жөнүндө айтып беребиз жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөбүз.

2020-жылы Түркияда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөндөн кийин, алар жалпы көчмөн элдерди жана көчмөн өлкөлөрдүн маданиятын бириктирүү максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунушташты. Биз бул багытта алар менен мындан ары кызматташабыз.

Билим берүү жана илим министри Каныбек ИСАКОВ:

— Бүгүнкү күндө БАЭнин билим берүү мекемелеринде 100дөн ашуун кыргызстандык студент билим алууда. Эми окууга берилген квота берүү жөнүндө макулдашуунун алкагында БАЭде билим алууну каалагандардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул макулдашуулар өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн жаштары ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө көмөктөшөт.

Кыргызстан менен БАЭнин билим берүү министрликтери ортосунда биринчи жолу кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду, меморандум мектепте жана жогорку билим берүү жаатында өз ара мамилелерди, тажрыйба алмашууну, биргелешкен конференцияларды өткөрүүнү жана адистерди даярдоодогу кызматташууну жөнгө салат.

КРнын Билим берүү, илим министрлиги жана БАЭнин Шейх Мухаммад Зайед атындагы эл аралык фондунун ортосунда кол коюлган экинчи макулдашуу Кыргызстанда Ислам Академиясын ачуу жөнүндө. Академия исламдын эң башкы баалуулуктары — боорукердик, сабырдуулук, кайрымдуулук жана мээримдүүлүккө окутат. Жакшы иштерди жасоого чакырат. Мисалы, Татарстанда (РФ) окуу программасында заманбап илим менен диндин негизинде бириктирилип түзүлгөн светтик Ислам академиясы бар. Ислам академиясынын билим берүү стандарттары мамлекеттик билим берүү стандарттарына толук жооп берет жана теологдорду даярдоо боюнча башка программалар менен толукталган.

Дин кызматкерлери жеке дүйнө таанымын жана диний билимдерин өстүрүү, коомдогу түрдүү диний радикалдык көз караштарды ажыратып таануу максатында Академиянын лекцияларынын угуучулары болушат.

Мунун баары тынчтыкты жана адамдар ортосундагы жакшы мамилелерди сактап калуу үчүн жасалып жатат. Албетте, буга бир канча уюмдар катышат, бирок негизги көзөмөл Билим берүү министрлигинде болот.