Эл өкүлдөрүндө эмне кеп?

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


«Таза суудан» кийин «Таза аба»

Депутаттар тарабынан демилгеленген «Таза аба» долбоорун талкуулоо учурунда эл өкүлү А.Нурбаев Кыргызстанда абанын булганышынан улам чыккан кесепеттер олуттуу көйгөйгө айланып, бул багытта шашылыш чараларды көрүү милдети тургандыгын айтты. Мындан улам депутаттар тобу “Таза аба” долбоорун сунуштап, ага байланышкан бир нече мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөргөн. Эл өкүлдөрүнүн сунушу менен “Абаны булгоонун булактары” боюнча изилдөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыктары талданган.

Натыйжада Бишкек шаарындагы абанын булгануусунун негизги булагы автоунаалардан бөлүнүп чыккан газ, үйлөрдө жагылган катуу отундун түтүнү, чаң менен таштандылар эсептелери белгилүү болгон. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк банктын изилдөөлөрүндө ордо калаанын, анын ичинде жаңы конуштардын тургундарынын 40 пайызы катуу отунду пайдаланары, алар жаккан мештер болжол менен отунду 20-30 пайызга көп талап кылары белгилүү болгон.

Табият да, эл да күткөн мыйзам

Парламент полимердик жана пластик материалдарынан жасалган, чогулган калдыктардын көлөмүн азайтуу багытында иштелип чыккан мыйзам долбоорун карады. Анын башкы максаты – полимердик жана пластик баштыктардын экологияга тийгизген таасиринен улам кагаз жана био пакеттерин колдонууга өтүү. Мыйзам долбоорун сунуштаган Д.Кадыровдун айтымында Кыргызстанда полиэтилен баштыктарды чыгарган 11 ишкана бар. Мындан сырткары чет өлкөлөрдөн да сатылып алынат. Долбоордо бул пакеттердин баасын 3 сомго чейин көтөрүүнү караган. Эл өкүлдөрүнүн дээрлик баары бул мыйзам долбоорун колдой тургандыгын, бирок баасын көтөргөнгө караганда, биротоло тыюу салуу натыйжалуу экендигин билдиришти.

Пластик бөтөлкөлөрүн жана полиэтилен баштыктарын чыгарган дүйнөлүк ири компаниялардын бири “Маг Дональд” жалпыга маалымдоо каражаттарына мындан ары кагаз баштыктарды чыгара тургандыгын айткан. Кытайда пластик жана полимердик баштыктарды колдонууга тыюу салынса, Данияда 1994-жылы эле соода түйүндөрүндө полиэтилендик пакеттерди бекер таратууга салык киргизилген. Аталган өлкөдө полиэтиленге төлөм киргизилгенден кийин, анын керектелиши 90 пайызга төмөндөгөн. Германияда пакеттерди утилдештирүү үчүн керектөөчү акы төлөйт Ал эми Ирландияда пакеттерге карата баа көтөрүлгөндөн кийин, пакеттерди колдонуунун саны 94 пайызга кыскарган. Азыр бул өлкөлөрдө кагаздан жана кездемеден жасалган баштыктар колдонулат.

Рентген нуруна кабылткан лазердик радар

Жогорку Кеңеш “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жол коопсуздугун камсыздоо, жол эрежелерин бузууларга карата айып пулдардын көлөмү боюнча мыйзамды талкуулады. Депутаттар тарабынан жол оңдолгондон кийин айрым жерлерде белгилердин орнотулбай жатканы, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында көчөлөргө орнотулган камералардын сапаттуу болбогондугуна байланыштуу айрым учурларда таанылбай калып жатканы айтылды. Эл өкүлү Ж.Мусабекова жүргүнчүлөрдү тейлөөдө жеке менчик фирмалардын айдоочулары тиешелүү текшерүүдөн өтпөстөн жугуштуу ооруларды алып жүрөрүн, түнү бою спирт ичимдиктерин ичип, эрте менен жолго чыккандары болуп, натыйжада кырсыктарга жол берилип жатканын айтып, айып пул салып коюп эле отура бербей, алар менен иш алып баруу керектигин кошумчалады.

Депутат А.Узакбаев авто унаанын ылдамдыгын текшерүүдө колдонулуп жаткан лазердик радардын зыяндуулугуна токтолду. Лазердик радарды алыста бара жаткан авто унаага жибергенде анын канча ылдамдыкта бара жаткандыгы чагылат. Эл өкүлүнүн айтымында лазердик радар рентген нуруна барабар, адамдардын ден соолугуна өтө зыян, өзгөчө боюнда барларга, жаш балдарга колдонууга тыюу салынган. Лазер жүрүп бара жаткан бир эле авто унаага эмес, артындагы 3-4 авто унаага чейин таасир этерин, мындай зыяндуулуктан лазердик радар Казакстан жана башка өлкөлөрдө алынып салынганына токтолду.