Көрүнө окуялардын көмүскө жактары: Артык кылабыз деп тыртык кылыптыр

Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдогу олуттуу айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Бишкек ЖЭБин реконструкциялоодогу коррупция боюнча Свердлов райондук сотундагы процессте сүйлөгөн сөзүндө башкы айыпталуучу болуп жаткан Сапар Исаков өзүнүн актыгын айтуу менен аягында жашып да кетти.

Бирок ал убагында мурдагы президенттин ишенимине кирип алуу менен башкалардын көз жашына карабастан, ири коррупциялык кылмыштардын демилгечиси болгону улам ачыкка чыгып жатат. Айталы, ал Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп турганда, мындай чарбалык иштерге аралашууга укугу жок болсо да, Улуттук тарых музейин реконструкциялоону өзүнө алган.

Натыйжада, мында да мамлекетке 118 миллион сом зыян келтирилген. Музейди оңдогон немец компаниясы 225 миң евро төлөп берүү талабын коюп, аны төлөмөйүнчө музейдин ичиндеги электрондук системанын ачкычын бербей жатат. Ошондуктан, 2017-жылдын 31-августуна карата реконструкциясы бүтүп, салтанатуу ачылып, С.Исаков өзү айткандай, “татынакай” болуп кала турган музейдин качан ачылары белгисиз болуп турат.

А чынында, Сапар Исаков башында турган топ өз кызыкчылыктарын көздөп киришпегенде, 2016-жылдагы эки тараптуу макулдашуунун негизинде Түркиянын ТИКА уюму 15 миллион доллар каражат берип, музейди өзү оңдомок.

Азыр башталып жаткан бул соттук процессте да өкүм чыгаарда С.Исаковдун “көз жашын” көрүп калышыбыз мүмкүн, бирок, фактылар жана далилдер анын теңирден тескерисин көрсөтүп тургандыктан, ал ишеним жарата албайт.