Айтматов атындагы жаштар сыйлыгы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 17 кыргызстандыкка Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты тапшырды жана лауреаттарды жана дипломанттарды сыйлыкка ээ болушу менен куттуктады.

-12-декабрь – бул акындардын алпы Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күн жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Айтматов – бул бүтүндөй бир доорду ичине батырган адам. Ал планетардык ой жүгүртүүсү менен дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн өзүнө бура алды. Бүткүл дүйнөгө кооздукту жана рухий азыкты бере алды, — деди М. Абылгазиев.

Чыңгыз Айтматов 1945-жылы биринчи сыйлыгын 17 жашында алганын белгиледи. Ал дүйнөдөгү 46 өлкөнүн жогорку мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланган. Рим клубу, Европа илимдер академиясы сыяктуу эл аралык абройлуу уюмдардын мүчөсү болгон жана көп жыл элчи кызматын аркалаган. Адамзаттын глобалдуу маселесин көтөргөн Рим клубунун Орто Азиядагы жападан жалгыз өкүл болгон.

-Чыңгыз Айтматов Ысык-Көл форумунда экология, таза суу маселесин көтөргөн. Бул бүгүнкү күнү да өзөктүү маселелер, — деди Өкмөт башчы.

М.Абылгазиев Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктын лауреаттары жана дипломанттары ар түрдүү тармакта жаратмандыгы менен алдыга озуп чыккан мыктылар экенин белгилеп, сыйлык алгандардын айрымдарына токтолду. Алардын катарында спортчулар Айсулуу Тыныбекова жана Дарья Маслова, ошондой эле коррупцияга байланыштуу олуттуу журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөн жана ата мекендик журналистиканын өнүгүшүнө салым кошкон маркум Уланбек Эгизбаев дагы бар.

Премьер-министр жаштарга мындан ары Лондондогу Айтматов Академиясы тарабынан берилген Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаттары болууну каалады.