Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


12-декабрда, КР Улуттук илимдер академиясында, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик А.Акматалиевдин демилгеси менен, мамлекеттик иштерде, эл аралык долбоорлордо жакындан баарлашып, иштешип калган мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, улуу жазуучунун чыгармачылыгына таазим кылган замандаштарынын, окурмандарынын катышуусунда Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “АЙТМАТОВ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ: УЛУУ ИНСАН ЖАНА КООМДУК ИШМЕР” деген аталыштагы эскерүү кечеси өттү.

Таланттуу жазуучу, улуу ойчул, гуманист, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов Кыргызстан менен бүткүл дүйнөнүн ортосуна руханий көпүрө түзгөн инсан. Айтматов гениалдуу улуу талант катары дүйнөлүк маданиятты өзүнүн жан дүйнөсүнүн түпкүрүндө трансформациялап, чыныгы таза интеллекти менен дүйнөнүн интеллектуалдык элитасынын өкүлү катары, көптөгөн абройлуу эл аралык коомдук уюмдар менен тыгыз иштешип, айрым учурларда жетекчилик милдетти да аркалап келген. “Ысык-Көл форуму” аталган Ч.Айтматовдун демилгеси менен уюштурулган дүйнөлүк деңгээлдеги интеллектуалдардын шеринеси өз мезгилинде дүйнөлүк коомчулуктун назарын өзүнө бурган. Мындан жарым кылымдай мурда форумдун алкагында көтөрүлгөн маселелер бүгүнкү күндө да актуалдуугун жогото элек. Тескерисинче, илим менен техника өнүгүп, улам жаңы илимий ачылыштар ачылып, инженердик ойлоп табуулар ишке ашкан сайын, дүйнө ошончолук чиеленишип баратат. Дүйнөлүк цивилизациянын очогу болгон Сирияда ондогон шаарлар, кыштактар жер менен жексен болуп кыйрады. Жер бетинде шаарлар гана эмес, өлкөлөр да жоголуу алдында турат. Миллиондогон качкындар өз мекенинен безип, баш паанек издеп, дүйнө кыйырын кезүүдө. Бир мезгилде ушунун баары “Ысык-Көл форумунда” айтылган.

“Биринчи мугалим” Дүйшөндүн образын жараткан улуу жазуучу:

«Эзелтен чечилбеген улуу талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Ураалап жоо кууса да ушул талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Ажалга көз жумса да ушул талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Душмандан жан соогалап качканда да,
Душманды кырып-жоюп басканда да,
Түбөлүк чечилбеген улуу талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Адамзат качан чечет, качан коёт,
Канткенде адам уулу адам болот?», – деп,

«Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу” экенин айтуу менен, өзү да жалпы адамзаттын мугалими болуп калды.

Айтматов өз чыгармаларында, жаратылыштын экологиясы тууралуу гана эмес, жандүйнө экологиясы тууралуу да айткан. “Ак кемедеги” Орозкул, “Кылым карыткан бир күндөгү” Сабитжан, “Кыяматтагы” Базарбай Айтматовдун алысты көрө билген акылмандыгынын далили эмеспи. Улуу жазуучу жан дүйнө экологиясын андан ары тереңдетип, баарынан коркунучтуусу – акылэс экологиясы экенин маңкурттун образы аркылуу эң сонун ачып берген. Байкуш эне ботодой боздоп, үнү Кудайга жете: “адамдын колун ал, бутун ал, ал адам денесинин бир мүчөсүнөн ажыраса да, адам болуп жашоосун уланта берет. Адамдын акыл-эсин албай эле койбойсуңбу”, – дейт эмеспи. Ооба, денесинин бир мүчөсүнөн ажырагандар майып болсо да, коомго залакасын тийгизбегенге аракет кылып, өмүрүн өткөрө берет экен. Баарынан жаманы – адам акыл-эсин, тарыхый эс тутумун жоготуп, кимдин тукуму экенин унутуп койгонунда тура. Акыл-эси тумандап калгандар өз элин “Абыке-Көбөштүн тукумусуңар” дегенде кол чаап турбадыкпы? Мына Айтматов айткан чындык, акыйкат кайда?!!

Бир күнү болбосо, бир күнү айтыла турган сөз эле, Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечесинде Айтматовго Люксембургдагы элчиликти ыраа көрбөй, элчилик кызматтан алып, өлүмүнө кыйыр себепкер болгон адамдар тууралуу айтылды. Ал жылдар ар бирибиздин эсибизде. Ошол алкеш-чалкеш мезгилде да өз таланты менен дүйнөлүк кадыр-баркка ээ болуп, кыргыз деген элди дүйнө элине тааныткан Чыңгыз Айтматов кадыры сынып турганын, адамдардын пендечилигине нааразы болуп жаны кейигенин, Кыргызстанга батпай калганын эч кимге билдирген эмес.

Бакиев бийлигинин жана анын желдеттеринин, Чыңгыз Айтматовду элчиликтен алууга түз жана кыйыр тиешеси барлардын чечимин артка кайтарууга карапайым адамдардын күчү жетмек эмес, карапайым элди эч ким укмак эмес. Чыңгыз Айтматовдун элчиликтен кетиши кыргыз саясатчыларынын, саясий партия лидерлеринин бетиндеги чиркөө. Эгер ошолор кара башынын кызыкчылыгын эле ойлобой, Жогорку Кеңештин трибунасынан: “Чыңгыз Айтматовдон колуңарды тарткыла, элчилик кызматынан кетирбегиле!” – десе, эл ал демилгени көтөрүп кетмек.

Айтматов өттү-кетти, азыр баары эле “биздин мамилебиз мындай эле, андай эле” деп, улуу жазуучунун жанында жүргөнүн арадай жерге чарадай сөз кылганды жакшы көрүшөт. Ага кызганыч жок, мактаныч кылышсын, мактансын, эгер алар ошончо эле Айтматовго жакын болсо, эмнеге бийликтин өкүмзарлыгынан, кылмыштуу чечиминен коргоп калууга кылчалык да аракет кылышпады. Ушуну эстегенде Чыңгыз Айтматов жүрөгү сыздап айтып кеткен: “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” деген сөзү эске түшөт.