“Манасты” элге жакындатуунун дагы бир аракети

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


«Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан чыгарылган “Манас сүрөттө” китеби кыргыз тилинде жарык көрдү. Орус тилдүү окурмандарга “Манас” эпосун жеткирүү максатында бул китептин орус тилиндеги версиясы ушул эле фонд тарабынан 2016-жылы чыгарылган.

– Бул япон ыкмасында – манга тилинде, башкача айтканда сүрөттөрдүн тилинде чыгарылды, – деди китептин бет ачаарында фонддун негиздөөчүсү, экс-президент Роза Отунбаева. – Айрым балдар кабыл алууга оор чыгармалар ушул тилде жеткиликтүү болуп калат экен. Биз балдарга татаал тексттерди сунуштайт экенбиз.

“Манас” абдан көлөмдүү, масштабдуу эпос, аны кабыл алуу, түшүнүү чоңдорго деле кыйынчылык жаратат. Ошондуктан, аны жөнөкөйлөтүү менен сунуштап жатабыз.

Китепти жазып чыккан эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын баатыры Бексултан Жакиев, сүрөтчүсү Замир Илипов. Биз алар менен талашып-тартышып отуруп, акырында бир пикирге келдик. Эки тилдегиси тең эле өтө пайдалуу китеп экенине ишенем. Аларды окуу менен “Манастын” тереңдигин түшүнүшөт. Бул залкар эпосубузду элге жеткирүүдөгү жаңы форма.

Мисалы, Англияда Шекспирдин пьесалары коюлганда, көрөрмандар тексттерди колуна алып келишет да салыштырып карап отурушат. “Манас” да театрда көп коюлат. Ошондо ага чейин бул китепти көрүп алышкандарга спектаклдерди түшүнүү жеңил деп ойлойм.

Кыргыздар кылымдар бою жашаган узак өмүрүндө алтын, күмүш деген сыяктуу көр оокат, байлык чогулткан эмес, “Манастай” улуу дастандарды жаратып, руханий байлык топтогон. “Манас” эпосубуз элибиздин маданий көрөңгөсү, уюткусу катары бааланып, эпостогу маалыматтар жомокторубузда, оймо-чийме саймаларыбызда, ыр-күүлөрүбүздө сакталып, калкты шамдагайлык, чыдамкайлыкка каныктырган ат менен жана жөө улуттук оюндарыбызда көчмөндөр цивилизациясы деп аталган улуу да, катаал жана татаал да бай доордун тарыхы жатат. Ал байлыкты ооздоноозго, муундан-муунга жеткирип, кыргыздар өзүн-өзү жоготпос үчүн үрп-адатын, салтын, тарыхын, дүнүйө таануу өзгөчөлүгүн, тилин сактап, мекенин коргоп, эрдикти, эркиндикти, үмүттүү жашоону, ынтымак, ыймандуулукту даңазалап келген.

“Манас” эпосу – кыргыз элинин байыртадан келаткан тарыхый мурасынын оозеки көркөм жылнаамасы гана болбостон, руханий жана философиялык дымагын, душмандардан коргонуу жана жеңе билүү мүмкүнчүлүгүнүн, күч-кубатынын, дүйнөнү дүңгүрөткөн зор окуяларды башынан өткөргөн тагдырынын өзгөчө системасын баяндаган чыгарма.

– “Манас” менен баарыбыз мактанабыз, бирок, анын окуяларын билген кыргыз аз, – деди Б.Жакиев. – Атын атап эле кыйынсынып жүрөбүз. Ал үчүн элди күнөөлөө да кыйын, анткени, “Манастын” көлөмү өтө чоң. Кайталанган саптары да көп, чаташ жерлери да бар.

Ошондуктан аны элге кызыктуу, жеңил жеткирүүнүн ар кандай формалары бар. Алардын бири – ушул “Манас” сүрөттө” китеби. Алты жыл мурда Роза Исаковна мага кайрылып, “Манасты” сүрөт менен берели, бирөөгө кайрылсам, өтө эле көп гонорар акча сурады”, – деди. Мен: “Бекер түзүп берем”, – дедим.

Түзүлгөндөн кийин 2 жылдан ашык чыккан жок. Анткени, басма үч-төрт жолу талкуулап, макул болбой койду. Ал ортодо орусча чыкты. Эми кыргызча чыкты. “Манас” эпосунун окуясы адамга жетмейинче, анын мааниси, маңызы, философиясы, духу жетпейт. Ошол жетпеген үчүн бүгүнкү кыргыз кыргыздыгын, сапатын жоготуп жатат, коррупционер болуп жатат. Кыргыздын идеологиясы – “Манаста”. Кыргыз эли Конституция дегенди түшүнбөгөн доордо ушул “Манас” Баш мыйзамдын, идеологиянын милдетин аткарган. “Манас” менен залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун киндиги туташ. Биз аны билген күнү бүгүнкүдөй майдаланбайбыз.

“Аркус” басмасы басып чыгарган бул китепти түзүүчүлөр окурмандардын эпостогу маалыматтарды тез жана кызыгуу менен жеңил кабыл алуусун көздөп, жапондордун манга сүрөт жанрын колдонушкан. Китеп Саякбай Каралаев, Сагынбай Орозбаков, Жусуп Мамай сыяктуу улуу манасчылардын айтуусундагы “Манас” эпосунун варианттары менен Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз Эл Жазуучусу Бексултан Жакиевдин кыска жана нуска жазылган тексттеринен жана иллюстрациялардан турат. Ал эми тексттерге карата сүрөттөрдү Көркөм сүрөт академиясынын доценти Замир Илипов тарткан. Түшүндүрмөсүн Улуттук илимдер академиясынын белгилүү “Манас” изилдөөчү окумуштуулары Раиса Кыдырбаева жана Асел Исаева түзгөн.

Китеп толук түстүү, 23 бөлүмдөн, 380 сүрөттөн жана түшүндүрмөдөн турат.

Бет ачаарга Кытайдын, АКШнын, Ооганстандын, Улуу Британиянын, Казакстандын, Германиянын элчиликтеринен, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келип катышышты.